You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Гидрометтин "аномалдуу суугу" жана кубанган кыргыздар
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда катуу суук келет деп кабарлангандан бери бүт өлкө боюнча окуучулардын кышкы каникулу узартылып, баш калаадагы жылуулук электр борбору от жагууну күчөтүп, шаардык бийлик үй-жайы жок адамдар жылынып, тамак ичип кете турган баш паанек жайларды уюштуруп жатканын айтууда.
10-январдан бери күн сууктап, абанын басымы түз жерлерде -15 -20, тоо арасында 22-27 градуска чыга турганы кабарланууда. Сууктун эң катуу болушу 12-13-январга туура келет. Абанын температурасы түн ичинде түздүктөрдө 25 градуска чейин барат, күндүз -14 -19 градус болору күтүлүүдө. 2017-жылы декабрда, 2018-жылы январда Бишкекте ушундай эле суук болгон.
Метеорологдор "аномалдуу аба ырайы" деп атап жатканда, катардагы жарандар бул кыргыз жери үчүн демейдеги эле суук экенин белгилешүүдө.
"Кардын түшүп атканы биздин Ала-Тоонун өзү табияты ушундай. Мен үчүн жыргал. Ак карда аба таза. Береке деп койчу мурда аксакалдар",-дейт Би-Би-Сиге журналист, жазуучу Дүйшөн Керимов.
"Кыш деп ушуну айтыш керек. Мен бала чагымды эстеп кеттим эртен менен. Муз тээп келет элем жыргап. Бала кезде кандай жыргал эле шыйпырдан музду алып жейт элек, анан кылыч деп ойночубуз. Жөтөл деле болчу эмес, негедир ошол убакта кар жеп, чанага тилибизди коюп тоңуп, апабыздан келтек жеген күндү сагындым",-деп жазды Фейсбукка Арзу Курамаева.
"Кыргызгидромет" кызматынын адистери өз кезегинде "аномалдуу аба ырайы" деп саал аша чаап айтып жаткандай. Кыргызстандагы бул кыштын түрү климаттык нормада эле көрүнөт.
“Сибирде 50 градусту катуу суук дешет, а бизде -13 градус аномалдуу”,-деп Айнура Ишен какшыктап жазды.
Кыргызда кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жакшы деп айтышат. Ошондуктан кар кээ бир жерде калың жаап, жолдор тайгак болуп, тоо арасындагы жолдордо кар көчкү түшүп жатканда, айылда болобу, шаарда болобу, кышка камылгасы бар жергиликтүү эл үчүн бул анчалык деле чоң түйшүк эмес. Кар калың түшүп, жут болгон, ит өлгөн суук болгон жылдар кандай болгонун Дүйшөн Керимов эске салды:
"1968-жылы мен он экиде кезимде улуу жут болгон Ат-Башыда. Ошондо менчик балга чөп жок. Ат бура бастыра албай, кар үзөңгүгө чейин жеткен. Бир жарым метр болгон. Экинчи, Кызыл-Ой деген Көкөмерендин жээгиндеги, Суусамырдын чатындагы совхоз бар эле. 1984-жылы бардым го. Ит өлгөн суук дегенди аксакалдар айтып берген. Мына эшикте жүргөн ит түн ичинде үрө албай, сууктан өлүп калат деп. Суук - 45 градус болгон".
Ар бир жылда кыш энергетиктердин, шаардык кызматтардын кышка даярдыгынын кемчиликтерин ашкере кылып турат. Ошол себептүү кыштагы катуу суукта үйүндө сар-санаа болуп отурган жарандар да толтура.
Бишкек шаарынын тургуну Нурбек Кулданбаев 14-январда ишемби күнү эртең менен газдын келиши токтоп калгандыктан үшүп отурганын жазды.
"Биздин райондо газ өчүп калды. Биз ага чоң акчаны, 1 кубуна 18 сомдон төлөп атабыз! Бирок газ жок, эгер бир нече саатта бербесе, менин үйүмдө жылытуу системасы бүт тоңуп калат, же суусун төгүп кайра толтуруш керек... Эмне эле "аномалдуу суук жөнүндө ырдап" калышкан десе, эми түшүндүм",-деп жазды.