Алматыны думуктурган ыш. Казак көмүрүн жаксак эмне өзгөрөт?

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Түтүнгө чулганган Алматы шаары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түтүнгө чулганган Алматы шаары

Бишкекти кара түтүндөн арылтуу максатында энергетика министрлиги кабыл алган жаңы чечим эл ичинде эле эмес, парламентте дагы кызуу талкууга түштү. Министрлик эки апта мурун абаны көп булгайт деп бишкектиктерге Кара-Кеченин көмүрүн жагууга тыюу салган. Анын ордуна Казакстандын көмүрүн жагуу сунушталган болчу. Талкуудан кийин бийлик чечимин өзгөрткөн өңдүү. Деген менен маселе дагы деле талкуунун чордонунда.

Кыргызстандык экологдор менен коомдук медиа колдонуучулары казак көмүрүн жаккан күндө да ыштан арылып кетпейбиз деп жатышат. Анткени Алматы шаарындагы жылуулук борборлого (ЖЭБ) көмүр жагылат, казактын эң ири калаасы кышкысын Бишкектей эле түтүнгө думуканы думуккан.

Көмүрү сонун болсо Алматынын гөөсү кайдан чыкты?

Алматы шаары жана Бишкек

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматы шаары жана Бишкек

Министрликтин чечимине депутаттардын сыны

Кара-Кече көмүрүнө чектөө чечими Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Сүйүн Өмүрзаков калкты отун, электр менен камсыздоо жаатында жасалып жаткан жумуштар боюнча маалымат берсин деп жооптуу жетекчилерди парламентке чакырды.

"Кара-Кеченин көмүрүнө чек коюу чечими эл арасында катуу сынга алынууда. Эгер көмүр сатылбаса, электр энергиясы менен жылытууга уруксат берилбесе, анын ордуна кандай вариант бар?”.

Депутат Тазабек Икрамов Кара-Кеченин көмүрүн жагууга тыюу салган чечимди “ачык эле элди тоноо” катары баалады.

"Казакстандын көмүрү "сапаты жакшы" деп, айтылганы менен коңшулар деле кышкысын ыштан арыла албай, биздин борбор калаадай эле аларды кара түтүн каптап турат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн", – деди Икрамов.

Алматыда абал кандай?

Бишкектен өтө алыс эмес, Ала-Тоонун аркы бетинде жайгашкан, Алматы калаасына деле кыш менен кошо ыш келет. Шаарда үч жылуулук борбор болсо, анын экөөнө көмүр жагылат. Алматынын Бишкектен айырмасы – жеке турак үйлөрдүн 90 пайызы газга кошулган. Башкача айтканда шаардын абасын булгаганга жеке үйлөрдүн салымы аз.

Алматы шаарында үч жылуулук борбор болсо анын экөөнө көмүр жагылат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматы шаарында үч жылуулук борбор болсо анын экөөнө көмүр жагылат

Казакстандык эколог, ECO NETWORK компаниясынын кызматкери Эрасыл Ашымбай коңшу өлкөдөгү ыш маселеси тууралуу Би-Би-Сиге буларды айтты.

"Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын алматылыктар абанын булганышынан улам, дем алуу органдарын дарылатууга 500 млн доллардай каражат жумшашат. Бул каражат мурунга тамчылата турган, жөтөлгөндө иче турган ж.б. дарыларды алууга сарпталат. Азыркы учурда көмүр менен иштеген ЖЭБ-2ни газга өткөрүү боюнча жумуштар колго алына баштады. Бул демилге 1998-жылдан бери айтылып келсе да али күнгө чейин ишке ашпай келди. Шаардын абасын жылуулук борбордон, андан кийин унаалардан чыккан түтүн булгайт".

Эрасыл Ашымбай

Сүрөттүн булагы, Erasyl Ashymbai

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрасыл Ашымбай

Эрасыл Ашымбай белгилегендей, казакстандык экологдор ыш маселесин чечүү боюнча өкмөткө ЖЭБди газга өткөрүү, электр менен жүрө турган коомдук транспорттордун санын көбөйтүү, ЖЭБге чыпкаларды коюу, күн менен шамалдан энергия алуу боюнча сунуштарды айтып келишет.

Кышта келип жазда кеткен көк түтүн

Жыл сайын от жагуу сезону башталганда Бишкектин абасы ышка толуп, шаардыктар түтүнгө думчугуп калат. Алтургай абанын сапатын иликтеген World Air Quality уюмунун дүйнөлүк тизмесинде Бишкек кышкысын алдыңкы саптан түшпөй, кээде биринчи сапты ээлейт.

Кышкысын Бишкекти ушундай кара түтүн каптап турат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кышкысын Бишкекти ушундай кара түтүн каптап турат

Бийликтин бул көйгөй менен күрөшүү аркети да кудум эле кыш менен келип, жазында тараган көк түтүнгө окшош. Түтүн күчөгөндө аракет да күчөйт, күн жылымдап, түтүн суюлганда аракеттер да, түрдүү тапшырмалар дагы унутта калгандай элес калтырат.

Шаардын абасын булгап жаткан негизги фактор катары көмүр андан кийин унаалардан чыккан түтүн айтылат. Бишкек жылуулук борбору жана шаарды курчаган жаңы конуштар дээрлик бүт көмүр жагат. Бирок алар абага канча ыш чыгарып жатканы так изилденген эмес.

Бишкектик экологдордун сунушу

Movegreen эко кыймылы алты жылдан бери Бишкектеги абанын сапатына мониторинг кылып, өкмөткө бир катар сунуштарды берип келет. Уюмдун менеджери Гүлмира Эсенгелдиева казак көмүрүн жаккан күндө да абал өзгөрбөй тургандыгын, ал тургай быйыл электрге болгон чектөөдөн улам ыш жылдагыдан да көп болушу мүмкүндүгүн айтууда:

"Бишкектеги ыштын негизги себеи – көмүр жагуу. Быйыл казак көмүрүн жагылса шаар ыштан арылат дегенден алыспыз. Электр энергиясы менен жылытууга чектөө киргендиктен быйыл элдин көбү көмүр жагат. Алдыдагы кышта ыш жылдагыдан дагы көп болушу мүмкүн. Азыр эң башкы маселе катары үйдү туура жылылоого көңүл буруу деп эсептейбиз. Жеке үйлөрдүн 70 пайызында канчалык от жаксаң да жылуулук жылчыктардан чыгып кетет. Ошондуктан баарынан мурун үйлөрдү туура жылылоого көңүл буруу керек. Ошондо чыгым алтымыш пайызга кыскармак. Мунун арты менен көмүр дагы аз жагылып, айлана-чөйрөгө чыгып жаткан ыштын көлөмү да азаймак".

Бишкекти курчаган жаңы конуштардын көбүндө кышкысын көмүр жагылат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекти курчаган жаңы конуштардын көбүндө кышкысын көмүр жагылат

Movegreen уюму ушул тапта энерго эфективдүүлүк фондун түзүү боюнча Бишкек мэриясына сунуш киргизүү алдында турат. Анда жеке сектордогу жылытуу системаларын өркүндөтүү же үйлөрдү туура жылуулоо демилгесин мэрия каржылык колдоого алуусу сунушталат.

Экологдор буга чейин да газ же электр менен жүрө турган коомдук транспортту өнүктүрүү, жашылдандыруу, абаны булгаган эски унааларга салыкты көбөйтүү, зыяны аз отунду алып кирүүгө салыктан жеңилдик берүү сыяктуу сунуштарды айтып келишкен. Анткени абанын булганышы комплекстүү проблема. Мында көмүр маселесин же жылуулук маселесин карап коюу туура эмес. Айтылган сунуштар өкмөткө эле эмес ар бир жаранга тиешелүү. Өкмөттүн милдети – узак убакытка иштей турган системдүү программа иштеп чыгуу.

Талкуудан кийин өзгөргөн чечим

"Кара-Кече көмүрүн жага бергиле, бирок ыш боюнча даттанбагыла!"

Энергетика министрлиги, Кыргыз көмүр ишканасы жана Монополияны жөнгө салуу агенттигинен турган атайын комиссия 7-сентябрь күнү шаардагы көмүр базаларын кыдырып чыкканы белгилүү болду.

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев комиссиянын жыйынынан кийин кабыл алынган чечимди Би-Би-Сиге айтып берди:

Таалайбек Байгазиев

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таалайбек Байгазиев

"Биз элди Кара-Кеченин же Казакстандын көмүрүн алгыла деп кыйнай албайт экенбиз. Ошондуктан мындай чечимге келдик. Ден соолукту тандасаңар казак көмүрүн алгыла, ышка макул болсоңор Кара-Кеченикин алгыла деп сунуш берели деп жатабыз. Жагам десе жага беришсин, бирок кышында нааразычылык болбосун деп элге айталы деп жатабыз", – деди аткаминер.

Коомчулукта "ал көмүрдү жакпа, электер менен жылыпта" деген сыяктуу чектөөлөрдү шаар четиндеги тоолорго кар себеблеп, күз келгенде эмес, ала жазда айтып, алдын ала камынса болот беле дегендер жок эмес. Эми "ышка арызданбагыла" дегендей ой такыр орунсуз дешет айрымдар.

Адистер болсо турак жайларды жакшылап жылуулап, нымдын изоляциясы, жылуулуктун изоляциясы дегенди болушунча түшүндүрүү зарыл деп жатат.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек ЖЭБине 600 миң тонна Кара-Кеченин көмүрү, 550 миң тонна Казакстандын көмүрүн жагуу каралган.

Кыргызстан жылуулук жана өндүрүш үчүн көмүрдү көп керектейт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2021-жылы 3062,5 миң тонна, 2022-жылы 3636,6 миң тонна көмүр өндүрүлгөн. Өлкөнүн түндүгү Кавак көмүр бассейнинен (Кара-Кече, Миң-Куш жана Көк-Мойнок кендери) казылган көмүрдү жагат. Көмүрдүн басымдуу бөлүгү энергетика тармагына, коммуналдык чарбага, курулуш материалдарын өндүрүүгө колдонулат.