Бишкектин кир абасы инфарктка жеткирдиби?

Сүрөттүн булагы, Daniil Usmanov/Kloop
Адвокат Икрамидин Айткулов Бишкек Жылуулук борборунун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазып, ыш темасынын айланасындагы талкууну ого бетер күчөттү.
Адвокат ЖЭБден чыккан түтүн шаардын абасын булгап, анын кесепетинен үч жыл мурун инфаркт болуп, хирургиялык операция жасатканын айтууда.
Ал башкы көзөмөл органына жолдогон арызында, ЖЭБдин жетекчилерин жана тиешелүү көзөмөл жүргүзө турган мамкызматкерлерди Кылмыш-жаза кодексиндеги беш берене боюнча жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.
Икрамидин Айткулов шаардын абасын Бишкек ЖЭБи гана булгайт деген пикирин Би-Би-Сиге төмөнкүдөй чечмелеп берди.
“Бишкектин абасын булгай турган шаарда ири завод-фабрика же өндүрүш ишканалары жок. Унаалар менен жеке турак үйлөр мындай көрсөткүч бере албайт. 2017-жылы ЖЭБ оңдолгондон кийин эле Бишкекти тири укмуш ыш каптай баштады. Ага чейин аба азыркыдай булганчу эмес. Азыр эми унаалар менен жеке үйлөрдө жагылган көмүргө шылтап жатышат. Эмне унаалар менен турак үйлөр мурда жок беле? Эл илгертен бери көмүр жагып келген, унаалар мурунтан эле баардык жерде бар. Мунун баары ЖЭБди жаңылоодон кийин болуп жатат”, - деди Айткулов.

Сүрөттүн булагы, "Вечерний Бишкек"
Адвокат ошондой эле абаны булгагандарга чара көрүлбөсө, бийликтин аракетсиздигин “жарандардын өмүрүнө жапырт кол салуу” катары баалай турганын кошумчалады.
Бишкектик болуп туруп бишкектен качам. Бирок балдарым...
Бишкектин булганган абасы ден соолукка олуттуу коркунуч жаратары тууралуу экологдор дайыма коңгуроо кагып келишет. Бирок булганган абадан улам саламаттыгым начарлады деп Жылуулук борбордун үстүнөн даттануу биринчи жолу болуп жатат. Муну колдоого алган эко-активист Гамал Сооронкулов кир аба шаарда миңдеген адамды жабыркатып жатканын четке какпайт.
“Мен Бишкектин тургуну болсом да шаарда көп жашабайм. Жумушума байланыштуу Батыш Тянь-Шань тоолорунда көп жүрөм. Бишкекке кирип келе жатканда кадимкидей сезилет. Бир-эки күн турганда аба жетпей, думуга баштайм. Шаардан чыгып баратканда өзүмдү согуш талаасынан качып бараткандай сезем. Бирок бала-чакам, неберелерим шаарда калып, кир абадан дем алып жатканы жүрөгүмдү өйүтөт. Ошондуктан Икрамидин Айткуловдун арызданып жатканы абдан туура. Бул эми бир эле кишинин көйгөйү, шаарда ыштан улам канчалаган адам ар кандай ооруларга чалдыгууда”, - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
ЖЭБ дооматтарды четке какты
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Электр станциялары” ишканасы шаардагы абанын булганышынын негизги булагы ЖЭБ эместигин айтып, буга далил катары Финляндиянын метеорологиялык институту жарыялаган отчетту жүйөө келтирди.
“Икрамидин Айткуловдун инфаркт болушуна ЖЭБдин түтүнү себеп болгонун тастыктаган медициналык жана башка документтер жок. Бишкектин абасы менен шаардын миллиондогон калкы дем алат жана ЖЭБдин түтүнүнөн инфаркт болду деген бир дагы учур каттала элек. Финляндиянын метеорологиялык институтунун изилдөөсүндө шаардагы абанын булганышынын негизги булагы ЖЭБи эмес, автоунаалар менен жеке үйлөргө жагылган көмүр айтылган. Жылуулук борбордон чыккан ыш белгиленген нормадан ашпайт. От казандар иштеп жатканда күлдү сыртка чыгарбай турган бардык чыпкалар иштеп турат”, - деди “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы.
Деген менен Бишкек ЖЭБ жылына кеминде 1 миллион тоннадан ашык көмүр жагат. Мынча көмүрдөн түтүн чыкпайт, ал абаны булгабайт деп айтуу акылга сыйбаган көрүнүш дегендер четтен чыгат.
Бириккен улуттар уюму үчүн Финляндиянын метеорологиялык институту жасаган изилдөөдө Бишкектеги булганыч абанын кесепетинен жылына 4-5 миң адам көз жумары, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13 пайызын түзөрү айтылган. Анда борбор калаадагы абанын булганышына алып келген негизги булак көмүр болуп чыккан.
Кир аба өпкө, жүрөк, кан тамыр эле эмес, мээге чейин түз таасир бере турганын, кесепети оор болорун илим буга чейин эле далилдген. Анда уулуу газдар эле эмес, оор металдар да камтылат. Кир аба адам өлүмун тездетип, оор сокку берерин окумуштуулар байма-бай айтып келет. Эң эле жөнөкөй мисал - дарыгерлер иммунитетти чыңдоо үчүн таза абада сейилдегиле деп кеңеш берет.
ЖЭБди жектеген жалгыз эле Айткулов эмес...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакында Бишкек шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров баш калаанын абасын булгагандардын сап башында ЖЭБ турарын айткан. Бишкек шаардык кеңешинин 9-февралдагы жыйынында экология маселеси көтөрүлүп, депуттаттар ЖЭБ жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун маалыматын угушту.
Ишкананын жетекчилиги депуттаттарга көрсөткөн видео роликте, “Жылуулук борборунун чыпкалары жакшы иштегендиктен булганган заттардын абага чыгышы бир пайызга да жетпей турганы” айтылды. Шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Дайырбеков ЖЭБдин жетекчисин дароо сынга алды.
“Бул видеоңорду башка эч жерде көрсөтпөгүлө, бул жердеги бир пайызыңарга эч ким ишенбейт. Сиз шаардыксыз, мында балдарыңыз, неберелериңиз өсүп-чоңоёт. Моюндагыла да, бир нерсе ойлоп таап, жоопкерчилик алгыла. Көмүр ташып келген “лоббисттериңерге” сапаттуу фильтр сатып берип, бизнесиңерди уланта бергиле деп айткыла”,- деди депутат.
Шейшемби күнү "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы демилгеси менен өткөн борбор калаанын экологиясы боюнча жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова орусиялык аудит компания жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгына таянып, ЖЭБдеги от казандарга коюлган электр чыпкалардын көбү иштебей турганын айтып чыккан. Динара Кутманова жетектеген министрликке кайра-кайра байланышып, кенен маалымат алууга аракет кылган менен жыйынтык чыккан жок.
Акыйкатчы институтунун мурдагы аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков шаар тургундары таза абада жашоо укугун талап кылып, мэрияга доо коё электе бул ишти колго алуу керектигин, таза абада жашоо адамдын эң негизги укуктарынын бири экендигин Би-Би-Сиге кенен чечмелеп берген.
Мыйзамда кандай каралган?
“Атфмофералык абаны коргоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, жарандар ден соолугуна булганыч заттардын зыяны тийгенде ал үчүн кенемте алууга акылуу. Ошондой эле абаны нормадан ашыкча көп булгаган транспортту алып келүүгө, пайдаланууга тыюу салынат. Бирок иш жүзүндө бул талап иштеген учурларды эч ким билбейт.
Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн











