ЖЭБ, АЭС, Канттагы авиабаза: Путиндин сапарында талкууланган маселелер

Путин менен Жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Владимир Путин 26-ноябрда Бишкекте кыргыз президенти Садыр Жапаров менен кеңири форматта сүйлөшүү өткөрүп, тараптар биргелешкен билдирүү жасашты. Сапардын алкагында бир нече документтерге кол коюлду.

Энергетика

Орусия Кыргызстандын түндүгүндө Жылуулук электр борборун курууну пландап жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 26-ноябрдагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында айтылды.

Владимир Путин Орусиянын компаниялары Кыргызстандын дарыяларында ГЭСтерди долбоорлоо жана модернизациялоо иштерине катышып жатканын белгиледи.

"Ысык-Көл облусунда биргелешип ири күн электр станциясын куруу, ал эми Кыргызстандын түндүгүндө жаңы заманбап ЖЭБ салуу пландалууда", – деди Владимир Путин.

Орус лидери "Росатом" компаниясы Кыргызстанда уран казылган аймактарды рекультивациялоо боюнча ири программаны ишке ашырып жатканын, коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптарына жооп берген чакан модулдук реакторлор технологиясынын негизинде АЭС куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын да белгиледи.

Коопсуздук

Тараптар чөлкөмдөгү коопсуздук темасына да токтолушту. Садыр Жапаров БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн салттуу тыгыз кызматташтыгын жогору баалай турганын айтты.

Ал эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги көптөгөн негизги маселелер боюнча эки өлкөнүн мамилеси окшош экенин да белгиледи.

"Биз Кант шаарында жайгашкан Орусиянын авиациялык базасы ЖККУнун Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн маанилүү бөлүгү жана Борбор Азиядагы туруктуулукту камсыздоодо олуттуу фактор катары кызмат кылат деген бир пикирде турабыз", – деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Путин кыргыз президенти менен аскердик жана аскердик-техникалык тармакта кызматташуунун кеңейтүү, терроризм, экстремизм, наркотрафик жана уюшкан кылмышуулукка каршы күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу боюнча сүйлөшкөнүн айтты:

"Эки тарап тең Кыргызстанда жайгашкан орусиялык Кант аскер базасы республиканы коргоону жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, жалпы эле Борбор Азиядагы коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоого маанилүү салым кошуп жатканын белгиледи".

Билим берүү жана маалымат

Путин салттуу түрдө тил маселесине да токтолду. Ал Кыргызстанда орус тили кеңири жана эркин пайдаланылып жатканы кубанычтуу экенин айтты:

"2023-жылы биз сиз менен чогуу Кыргызстанда орус тилинде окуткан тогуз орто мектеп куруу боюнча ири биргелешкен долбоорду баштаганбыз. Ал эми алгачкы үч мектепти 2027-жылдын 1-сентябрына карата ачуу пландалууда. "Чет өлкөдөгү орусиялык мугалим" программасынын алкагында республикадагы 42 мектепте 157 мугалимибиз иштеп жатат".

Путин Орусиянын жогорку окуу жайларында 16 миңден ашуун кыргызстандык студент билим алып жатканын кошумчалады.

Ал бул сапардын алкагында орус тили жана маданияты боюнча Евразия борбору, "Номад ТВ" телеканалы ачылганы символикалуу болуп калганын да белгиледи.

Путин менен Жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биргелешкен билдирүүнүн алдында эки өлкөнүн башчылары "Ынтымак Ордо" имаратында кеңири форматтагы сүйлөшүү өткөрүшкөн. Анда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү 13,6% өсүп, рекорддук көрсөткүчкө, тактап айтканда 4,1 млрд. долларга жеткенин билдирген.

Анын айтымында, быйыл тогуз айда бул көрсөткүч дагы 17% көбөйгөн. Төлөмдөрдүн 97% улуттук валюталарда жүргүзүлгөн.

Путин мындан тышкары орус инвестициянын көлөмү 2 млрд. долларга жеткенин, кыргыз жергесинде Орусиянын катышуусунда 1700дөн ашуун ишкана иштеп жатканын да кошумчалаган.

Ал экономикадагы мындай оң динамикага ички саясаттын туруктуулугу жана ишенимдүү өнөктөштүк шарт түзүп жатканын белгилеген.

"Орусиядагы алдынкы мунай-газ компаниялары Кыргызстанды жаратылыш газы жана мунай өнүмдөрү менен камсыз кылууда. Тынч өзөктүк программа боюнча кызматташууда, күн панелдерин жана шамаал электр станцияларын курууда, санариптик экономикада, транспорттук-логистикалык тармакта чоң потенциал бар экенин көрүп турабыз", – деди Владимир Путин.

Путинин алдында сөз сүйлөгөн кыргыз президенти Садыр Жапаров Орусия Кыргызстан үчүн стратегиялык союздаш, ишенимдүү өнөктөш жана ынак дос бойдон калганын белгилеген.

"Биздин эл күнүмдүк жашоосунда бардык негизги багыттар боюнча, өзгөчө энергетика жана азык-түлүк тармактарында Орусиянын көрсөткөн колдоосун сезип келет. Сиздин саясатта ырааттуулукту жана стратегиялык багытты сактай билүү жөндөмүңүз биздин өлкөлөр үчүн чоң мааниге ээ болуп, союздук кызматташууну чыңдайт. Биз муну терең баалайбыз жана түзүлгөн ишенимдүү мамилелерди бекем сактайбыз", – деген Жапаров.

Сегиз документке кол коюлду

Орус президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында, билим берүү, саламаттык сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында жалпысынан сегиз документке кол коюлду:

  • Стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү;
  • Эки өлкөнүн Экономика министрликтеринин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
  • Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;
  • Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  • "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому менен "Россия почтасы" акционердик коомунун ортосундагы ниеттер жөнүндө макулдашуу.

Орусиянын президенти Владимир Путин 25-ноябрдын кечинде мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Аны "Манас" аба бекетинен президент Садыр Жапаров тосуп алган.

Орусиянын президенти Кыргызстанга акыркы жолу мамлекеттик сапар менен 2019-жылы, ал эми расмий сапар менен 2023-жылы келген.