"Номад ТВ": сапаттуу контентпи же пропагандабы? Путиндин сапарын утурлай ачылган канал

Номад

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстандын медиа чөйрөсүндө жакындан бери сөз болуп келе жаткан Nomad телеканалы расмий ишке кирди. 23-ноябрда анын ачылыш иш-чарасына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баш болгон жетекчилер жана Орусиянын Тышкы иштер министринин өкүлү Мария Захарова сыяктуу расмий адамдар катышты.

"Номад – бул жаңы, өзбүздүн ата мекендик телеканал. Бул жерде кыргыз журналисттери иштейт, канал толугу менен кыргыз мыйзамдарына ылайык иш жүргүзөт. Канал биздин улуттук кызыкчылыкты коргоп, колдойт. Көрүүчү катары соңку10-15- жылда мага кесипкөй продукт жетишпей жаткан. Мага контент жетишпей жаткан",- деди Эдил Байсалов сөз сүйлөп жатып.

"Номад ТВ" телеканалынын салтанаттуу ачылыш аземи А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү. Ага Байсаловдон тышкары маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сыяктуу Кыргызстандын жетекчилери болду.

Орусия тараптан да жоон топ өкүлдөр келген. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Мамлекеттик Думанын депутаты Алёна Аршинова, Орусия президентинин Стратегиялык өнөктөштүк боюнча башкармалыгынын башчысы Вадим Титов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жана Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова болду. Мындан тышкары, НТВ телеканалынын башкы редактору Александра Кошарницкая жана дүйнөгө белгилүү дирижёр Мариус Стравинский да аземге катышты.

Орусиянын Тышкы иштер министринин өкүлү Мария Захарова жаңы ачылган каналды мындайча мүнөздөдү:

"Менимче, бул абдан кызыктуу окуя. Долбоордун бир жагынан өзүнүн тамыры бар. Жөн жерден пайда болгон жок. Анын тарыхы НТВ компаниясынын ишмердиги менен байланыштуу. Экинчи жагынан, ал жаңыланды, заманбап болуп калды. Эң жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Тилдердин айкалышына мүмкүнчүлүк берген кызыктуу канал пайда болду. Программалардын сеткасы да кызыктуу болот, мындан ары да өзгөрүп, өнүгүп турат".

Путиндин сапарын утурлай...

Нурдин Дүйшөнбеков

Сүрөттүн булагы, Facebook

Канал Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттин сапарын утурлай өз ишин баштады.

Соңку мезгилде Орусия Кыргызстандагы маалымат мейкиндигине жогорку деңгээлде көңүл буруп жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мындай активдүүлүктүн максаты жана анын өлкө үчүн кандай мааниси бар экени коомчулукта да чоң талкууну жаратууда.

"Менимче, Орусия өзүнүн маалыматтык таасирин кеңейтүүгө аракет кылып жатат. Мурда да Кыргызстанда Орусияга байланышы бар редакциялар иштеп келген - бул жаңы көрүнүш эмес. Бирок азыркы кадам учурдагы геосаясий кырдаалга түздөн-түз байланыштуу деп ойлойм. Анткени Москва Батыш менен экономикалык да, маалыматтык да байланыштарын дээрлик жоготуп койду. Ошондуктан алар башка аймактарга чыгып, маалыматтык саясатын бекемдөөгө умтулуп жатат",- деди "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков Би-Би-Сиге.

Нурдин Дүйшөнбеков Кыргызстандагы медиа ландшафттагы өзгөрүүлөргө токтолуп, соңку жылдары бир катар редакциялар каржылык кыйынчылыктар же соттук териштирүүлөрдөн кийин ишин токтотууга мажбур болуп жатканын белгиледи.

Ал өлкөдө жергиликтүү медианын алсырашын маалымат мейкиндигинде боштук пайда кылган көрүнүш катары сыпаттап, дал ушундай жагдай сырттан келген ЖМКнын таасирин күчөтүүгө жол ачарын кошумчалады.

"Бизде атаандаш боло турган, күчтүү жергиликтүү редакциялардын болушу маанилүү. Жергиликтүү редакциялар жакшы иштеп, эл аралык окуялар же ар кандай чыңалуу болгон учурда Кыргызстан кандай позицияда турганын так чагылдырып турса, кооптонуу деле жаралбайт. Биз деле чет мамлекеттерде өз каналыбызды ачсак болот. Ага бөгөт коюу эл аралык макулдашууларды бузгандыкка жатат. Эгер алар мыйзам чегинде иш алып барса, эч кандай чектөө болбошу керек. Башка мамлекеттин ММКлары иштегенде да биздин баш мыйзамда, ЖМК тууралуу мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелерди так сактоого тийиш",- деди ал.

Руслан Акматбек

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Руслан Акматбек

"Номад ТВ" телеканалы жергиликтүү медиа катары тааныштырылууда. Бирок анын командасында Орусияга таандык маалымдоо каражаттарында иштеп келген бир нече кызматкерлер бар экени белгилүү болду. Андан тышкары жергиликтүү тажырыйбалуу журналисттер дагы тартылды.

"Бул ачык эле көрүнүп турбайбы. Жетекчиси, Кремлдин башкы пропагандисттеринин бири Маргарита Симоньяндын жанында иштеп жүргөн киши экен. Каржылоосу Кремль жактан болуп жатат. Бул пропаганда. Барган сайын булар тенденцияны өзгөртүп атат. Биз альтернативдүү өнөктөштөрдү издей баштадык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара ымаласы жакшыра баштады. Россия, ОРТ каналдары мурдагыдай таасир бербей калды. Менин укканыма караганда, канал Кыргызстандагы тажырыйбалуу журналисттерди топтоптур. Бул сапар биздин жүздөр менен пропаганда жүргүзгүсү келип жатат",- деди медиа эксперт Руслан Акматбек.

Анын пикиринде, бүгүнкү шартта Кыргызстан аймактагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу Орусиянын маалымат долбоорлоруна эшик ачууга жалгыз макул болгон өлкө катары калып жатат.

"Булар чөлкөмдө бизди пайдаланып, коңшу өлкөлөргө да таасир этүүгө аракет кылып жаткан болушу мүмкүн. Чөлкөмдө Орусияны туу туткан, өнөктөш караты караган жалгыз өлкө Кыргызстан калды. Путин келип, батасын берип койгондон кийин, аларды бул жерден ким чыгара алат. Бизде эгемендик алгандан бери улуттук кызыкчылык деген түшүнүк калыптанган эмес. Жогорку жактагылардан улуттук кызыкчылык деген эмне деп сурасаңыз, так жооп бере албайт. Ошол жок болгон үчүн биз маалымат, экономика, коопсуздук жагынан өз аянтчабызды берип койдук. Булар мыкты журналисттерди топтоп алып, акчага таянып сапаттуу контент чыгарып, керек болсо маалыматтык жактан күн тартибин белгилей баштайт. Себеби мурдагыдай эркин деген эл аралык медиалар бизде жок",- деп сынга алды ал.

Учурда "Номад ТВ" социалдык тармактардагы өз баракчаларын активдүү иштетип, контент жарыялай баштады.

Каналдын артында кимдер турат?

Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келаткан Орусиянын президенти Владимир Путин 25–27-ноябрдагы иш сапарынын алкагында ЖККУ саммитине катышары белгилүү. Ошол эле күндөрү "Nomad ТВ" телеканалынын ачылышына байланышкан иш-чарага да катышары айтылууда.

22-октябрда Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев телеканалдын продюсери Анна Абакумова менен жолукканын өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган.

Ал "Номад ТВ" өлкөнүн Борбор Азиядагы ролун, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу уюмдардагы кызматташууну сапаттуу жана заманбап контент менен чагылдырууну максат кылган 24/7 форматында иштей турган канал боло турганын айткан.

Көп өтпөй "Азаттык" телеканал тууралуу иликтөөсүн жарыялап, ачык булактарга таянып бир катар маалыматтарды жазган.

Анда айтылгандай, Анна Абакумова - Орусиянын жараны, көп жылдар бою RT (Russia Today) медиасында башкы продюсер болуп иштеген. Орус күчтөрү Украинага бастырып киргенден кийин ал фронттун алдыңкы сызыгына барып, согуштук репортаждарды даярдаган. Ошондой эле Абакумова өз иши үчүн бир нече жолу Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин тарабынан сыйланган.

Маргарита Симоньян соңку жыйырма жылдан бери RT телеканалынын башкы редактору экени жана Sputnik медиасын да жетектей турганы белгилүү.

"Азаттыктын" маалыматында Симоньян Украинанын согуш аймагындагы орус аскерлерине жардам чогултуу өнөктүгүн жүргүзгөн маалда Анна Абакумованы телеканалдын башкы продюсери катары көрсөтүп, каражатты анын эсебине которууну сунуштаганы айтылат.

Бул маалымат Абакумованын Симоньян менен тыгыз кызматташтыкта иштеп келгенин көрсөтүп турат.