"120 сөөк башка жакка коюлат". Ошто көрүстөндөгү бейиттер көчүрүлүүдө

4-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейд учурунда Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек Датка көчөсүн кеңейтүү үчүн мыйзамсыз жана жол жээгине жакын курулган объектилерди алып салуу, анын ичинде жол боюндагы көрүстөндүн четин бошотуу тапшырмасын берген. Учурда тургундар көрүстөндөгү жакындарынын сөөгүн мүрзөнүн ичкери тарабына көчүрүп жатышат.
Алымбек Датка көчөсүн кеңейтүү үчүн анын боюнда жайгашкан көрүстөндүн четиндеги айрым бейиттер казылып, сөөктөр ичкери тарапка кайра жерге берилүүдө.
"Маалыматты WhatsApp'тан уктук. Анан бүгүн күрөктөрүбүздү көтөрүп келип, өзүбүз казып, бул жакка коюп жатабыз. Үч адамды бир жайга коюп жатабыз. Чоң атамдын атасынын ордуна чоң атамды койдук эле. Эки адамды бир жайга койгон элек. Жанына апамды койдук эле. Ошол үчөөнү алып келип, бул жерге коюп жатабыз", — дейт тургундардын бири.

Тургундардын арасында жакындарын жерге бергенине бир жыл боло электер да бар. Алардын ичинде: "Бузуу иштери көрүстөндөргө тийбей деле жасалса жакшы болмок", — дегендер жок эмес.
Бизге жүзүн көрсөтпөй, атын өзгөртүп берүүнү өтүнгөн жигит чоң энесин бир жыл мурда жерге берген.
"Аянычтуу болуп жатат да. Көрүстөндү тынч эле койсо болот эле. Мисалы, биздин туугандардан 5-6 адам бар эле, аларды көчүрдүк. Чоң энемди койгонубузга жакында бир жыл болот. Элдин көбү айтпай жатат. Бизде эле эмес, башка адамдарда да ушундай жагдай. Эки-үч адамдан уктум. Бейиттер «снос» болбой эле койсо болмок. Жок дегенде көрүндө тынч жатса болмок", — дейт ал.

Ош шаардык жарандарды тейлөө бюросунун жетекчиси Барчынбек Таныровдун айтымында, көчүрүлүшү керек болгон сөөктөрдүн саны 120га чукул. Учурда аталган мекеменин кызматкерлери маркумдардын жакындары менен бирге көчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
"Эң башы 4 метр 80 см, эң аягы 7,5-8 метрге чейин ичкери кире турган болду. Эгерде жакындары жок болсо же алыс жакта болуп калса, аларды деле көчүрүп, белги коюп коёбуз. Эгер кийин туугандары келе турган болсо, каякка коюлганын көрсөтүп беребиз", — деди Барчынбек Таныров.
4-февралда Ош шаарынын мэри таңкы рейд учурунда Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек датка көчөсүн кеңейтүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырма берген болчу. Анда көчөнү кеңейтүүгө тоскоол болуп жаткан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу жана жол боюндагы көрүстөндүн четин бошотуу талабы коюлган.
Жол кеңейтүү үчүн так эле ушундай көрүнүш Бишкекте да болуп жатат. Новопавловка айылындагы Профсоюз көчөсүн узартуу үчүн айрым турак жайларды же көрүстөндүн бир бөлүгүн алуу маселеси талаш-тартыш менен коштолууда. Жергиликтүү тургундардын айрымдары мэрия аталган көчөнү узартууда үйлөргө тийбеши керектигин айтса, кээ бир жарандар көрүстөндү сактап калуу зарыл деп эсептешет.

































