Конгодогу согуштан улам эбола жана mpox үлгүлөрү лабораториядан тышка чыгып кетиши мүмкүн

Аймактагы жаңжалдан улам Конго Демократиялык Республикасынын чыгышында жайгашкан изилдөө лабораториясынын коопсуздугу коркунучка кептелди. Ал жерде Эбола жана mpox сыяктуу вирустардын патогендери сакталган. Бул тууралуу эл аралык гуманитардык уюмдардын кызматкерлери билдирүүдө.

Соңку күндөрү козголоңчулар менен Конгонун өкмөттүк аскер күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан салгылашуулар болду. Конго Демократиялык Республикасы гана эмес, башка көптөгөн өлкө жана көз карандысыз эксперттер коңшулаш Руанданы козголоңчуларды колдоп жатат деп айыптоодо. Бирок Руанда бул дооматтарды такыр четке кагууда.

Күн мурун козголоңчулардын командачылыгы жекшембиде Конго армиясына каршы чагылгандай тез чабуул жасалганын, натыйжада Гома шаары алардын көзөмөлүнө өткөнүн кабарлады.

Салгылашуу учурунда энергетикалык түйүндөр олуттуу зыянга учурап, шаар толугу менен жарыксыз калды.

Эбола эпидемиясы учурунда вируска терең изилдөө жүргүзүү үчүн 2014-жылы курулган шаардык биолабораториянын имаратына электр кубатын берүү да үзгүлтүккө учурады.

Эл аралык Кызыл чырым комитетинин өкүлдөрү Эбола, mpox (маймыл чечеги) жана башка өлүмгө алып келүүчү патогендердин үлгүлөрү сакталган муздаткычтардын өчүшү – алардын тышка тарап кетишине алып келет деп тынчсызданууда.

Биолабораторияларда кооптуу вирустардын үлгүлөрү тоңдурулган абалда сакталат. Бул үлгүлөр негизинен -80, айрым учурларда -150 градуска чейин тоңдурулат. Алар эригенде патогендердин суу менен кошо тышка тарап кетүү коркунучу кыйла жогору.

Эксперттер Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы куралдуу кагылышуунун курчушу сейрек кездешүүчү жана өтө жугуштуу оорулардын аймакта жапырт жайлышына алып келет деген бүтүм чыгарышууда. Mpox жана Эбола илдеттеринин өлүмгө алып келүү коркунучу 80% чейин жетет.

Эбола вирусу адам менен түздөн-түз байланышканда же организмден тер, шилекей сыяктуу суюктуктар бөлүнүп чыкканда жугат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери белгилегендей, Конгонун чыгышындагы куралдуу жаңжал жүрүп жаткан аймак mpox вирусун жаңы штаммынын жайылуу очогуна айланууда.

Былтыр бул аймакта 20 миңден ашуун киши вирус жуктуруп алганы аныкталган. Согуштук аракеттердин күчөшү менен ушул тапта инфекция жуктурган бейтаптарды аныктоо жана дарылоо дээрлик мүмкүн болбой баратат.

Гомадагы гуманитардык уюмдардын кызматкерлери шаар үчүн болгон салгылашта мерт болгон кишилердин сөөгү дагы деле көчөлөрдө жатканын кабарлашууда. Оор артиллерия менен аткылоо учурунда дагы жүздөгөн карапайым киши жаракат алган.

Жыл башынан бери өлкөнүн чыгышындагы катуу кагылыштардан улам жарым миллион адам өз үйүн таштап кетүүгө мажбур болду.

Кызыл чырым комитетинин өкүлдөрүнүн айтымында, эгерде өлкөнүн аялуу жана тынымсыз көчүп жүргөн калкынын арасында Эбола сыяктуу инфекциялар тараса, кесепетин элестетүү мүмкүн болбой калат. (АА)