"Жашоого мүмкүн болбой калды". Эмгек мигранттары Орусиядан кайда кетишүүдө?

Орусияда мигранттардын үстүнөн көзөмөл барган сайын катаалдашууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусияда мигранттардын үстүнөн көзөмөл барган сайын катаалдашууда.
    • Author, Би-Би-Синин Орус кызматы

Орусияда мигранттардын үстүнөн көзөмөл барган сайын катаалдашууда. Бир жылдын ичинде бийлик "мыйзамсыз мигранттардын" реестрин киргизип, балдарды мектепке кабыл алуу шарттарын катаалдаштырып, полицияга мигранттарды соттун чечими жок эле өлкөдөн чыгаруу укугун берди.

Мындан тышкары Москвага жана облуска кирип-чыккан мигранттардын кыймылын көзөмөлдөгөн тиркеме иштей баштады. Украинадагы согуш уланып, рубль кунун жоготуп жаткан шартта Орусияда иштөө ансыз деле жагымдуу болбой калган эле. Ал эми мындай жаңы чектөөлөр менен барган сайын көбүрөөк борбор азиялыктар башка өлкөлөргө, анын ичинде Европага да ыктай башташты.

"Айласыздан" Москвада

Жаш кыргызстандыктардын 89% сыяктуу эле 25 жаштагы Билал* дайыма чет өлкөдө иштегиси келчү.

Кыргызстанда жаштар эмгек миграциясы жапырт мүнөзгө ээ болгон, экономикалык жактан зарыл болуп саналган жана коомдун колдоосуна ээ болгон шарттарда өсүүдө. Азырынча ички экономика миграциядан да жакшы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай албай жатат.

Өлкөдө орточо эмгек акы айына 42 миң сомду (480 доллар) түзсө, мисалы, Орусияда өндүрүштөгү маяна 150 миң рублга (дээрлик 2 миң доллар) жетет. Көпчүлүк жердештеринен айырмаланып, Билал ал жерде иштөөнү эч качан пландаган эмес. "Себеби, биздин көптөгөн жарандарыбыз Орусияда расизмге туш болушууда", - деп түшүндүрдү Билал.

Билалдын кыялы Европа болчу, бирок байланышың болбосо, Европа Биримдигинде иштөөгө чакыруу алуу мүмкүн эместей көрүндү. Ошондуктан, Билал "ортомчуларга" – жумушчуларга дайыма муктаж болгон европалык компаниялар менен жакшы байланышта болгон жердештерине кайрылды. Ортомчулар Билалды Санкт-Петербургга чакырышкан, себеби, бул жактан бардык документтерди бүтүрүп, виза алуу оңой болорун айтышкан.

Москва

Сүрөттүн булагы, Valentin Yegorshin/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москва

Ошол маалда коронавирустун пандемиясы күчөп турган эле жана көптөгөн Шенген өлкөлөрү виза берүүнү токтотуп, консулдуктарын убактылуу жапкан. Билал үйгө куру кайткысы келбей, өзү айтмакчы "айласыздан" Орусияда калууну чечет.

"Башында лыжа курортунда мыйзамсыз иштечүмүн. Негизинен отун камдап, коттеждердин тегерегиндеги карды тазалачубуз. Акчаны нак алчумун", - деп эскерет ал.

Эки айдан кийин Билал Москвага көчүп келген. Ошентип, Билал "Яндекске" курьер болуп жумушка орношкон.

Билал орус тилин мыкты билет, ошол себептен досторунан айырмаланып, ксенофобиялык көрүнүштөргө анчалык көп туш болбогонун айтат. Ошентсе да чыр-чатактар болуп турду. "Мигранттар каптап кетти го" дегендер да болду, айрыкча, кардар өзү дарегин туура эмес көрсөтүп алып, ушундан улам буйрутманы жеткирүүдө маселе жаралса да, албетте, буга мигранттар күнөөлүү".

Билал Украинада согуш башталардан эки ай мурун Орусиядан чыгып кеткен. "Анда азыркыдай эмес эле, - деп эскерет ал. — Ооба, көчөдөн токтотушчу, бирок акча алып, коё беришээр эле. –Азыр болсо досторум "Амина" (миграциялык каттоо үчүн орусиялык мобилдик тиркеме – Би-Би-Си) жөнүндө, полиция көчөдөн кармап кетип эле согушка жөнөтүп жатканын айтышууда".

Ошентип, Билал Европага кетүүнү кыялданып жүрө берди.

Рейддерден баштап аңдууга чейин

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусияда эмгек мигранттары үчүн мыйзамдуу иштөөгө жол Москвадан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан "Сахарово" борбору аркылуу өтөт. Бул борбордо мигранттар сааттап кезегин күтүшөт. "Сахаровонун" айлана-тегерегин куралчан коопсуздук күчтөрү кайтарат, ал эми ичинде мигранттарды "социалдык маанилүү ооруларды" аныктоо үчүн кан жана заара чогултуу сыяктуу процедуралар күтүп турат. Документти бир барганда эле тапшыра алгандар мыйзамдуу түрдө иштей алышат, бирок аларды деле андан ары көптөгөн көйгөйлөр күтүп турат.

Орусиялыктар адатта мигранттарга турак жайды ижарага берүүнү каалабайт. Мигранттардын балдарын "орун жок" деген шылтоо менен мектептерге жана бала бакчаларга кабыл алышпайт, ал эми өздөрү болсо иш жеринде "рейддерге" туш болушат, көчөдө же транспортто полиция дайыма документтерди текшерип турат. Ал тургай Орусиянын Украинага каршы баштаган согушу да мигранттарга кысым көрсөтүүнүн бир жолуна айланды: көптөрдү жарандыкты тездетилген тартипте берүү өңдүү "бонустар" менен согушка тартып жатышат.

Мигрант

Сүрөттүн булагы, OLGA MALTSEVA/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мигрант

Тажикстандын төрт жараны "Крокус Сити Холлго" кол салгандан кийин коопсуздук күчтөрү ири рейддерди өткөрүштү. Тажикстандын бийлиги ксенофобиянын көрүнүштөрүнөн чочулап, атүгүл өз жарандарына үйлөрүнөн чыкпоону сунуштаган эле.

Андан кийин бул кысымга депутаттар да кошулду. Акыркы бир жыл ичинде депутаттар нике боюнча жашап турууга уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн чектешти, ИИМге соттун уруксатын албастан эле мигранттарды өлкөдөн чыгаруу укугу берилди, мигранттардын балдары мектепке кирүү үчүн орус тили боюнча экзамен тапшырууга милдеттендирилди, буга кошумча Көзөмөлгө алынган адамдардын Реестри түзүлдү – бул Орусияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болбогон чет өлкөлүктөрдүн маалымат базасы. Бул базага адамдар жаңылыштык менен кирип калган учурлар аз эмес, ушундан улам алар иш жүзүндө өлкөнүн ичинде ары-бери жүрүү укугунан ажырап, алардын банк эсептери бөгөттөлүп, ал тургай машине айдай албай калышууда.

Орус бийлиги бул чаралардын баарын мыйзамсыз мигранттар менен күрөшүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу зарылчылыгы менен түшүндүрүп келет. Ушул жылдын июль айында Ички иштер министрлиги мигранттар жасаган кылмыштар көбөйгөнүн билдирген, бирок жалпы кылмыш статистикасында чет элдиктердин үлүшү төмөн бойдон калууда. "Если быть точным" долбоорунун изилдөөсү мигранттарга караганда бойго жеткен орусиялык эркектер кылмышка көбүрөөк барарын көрсөттү.

1-сентябрдан тарта жаңы долбоор пилоттук режимде ишке кирди: Өзбекстандан, Тажикстандан, Кыргызстандан, Армениядан, Казакстандан, Грузиядан, Азербайжандан, Молдовадан жана Украинадан келип, Москвада же Москва облусунда жүргөн мигранттар телефонуна "Амина" тиркемесин орнотууга милдеттүү. Бийлик тиркеменин негизги максаты колдонуучулардын жайгашкан жерин туруктуу режимде көзөмөлдөө экенин жашырбайт.

Илең-салаң иштеген тиркеме

Эгерде телефон үч жумушчу күндөн ашык убакыт бою "Аминага" геолокацияны өткөрбөсө, эксперименттин катышуучусу автоматтык түрдө каттоодон чыгарылат. Эгерде мигрант кырдаалды тез арада жөнгө салбаса, ал "көзөмөл алдындагы адамдардын" реестрине кирип калышы ыктымал. Мындай тизмеге кирген адамдын эсептери бөгөттөлүп, жумуштан же университеттен чыгарылышы мүмкүн.

27 жаштагы тажик жараны Имран тынчсызданууда: "Телефонумда геолокация күйүп турат, "Аминага" бардык маалыматтар берилүүдө, бирок мага бир күндө бир нече жолу "геолокация белгисиз" деген билдирүү келип турат. Тиркеме илең-салаң иштеп жатат. Эми мунун айынан эмне болоорун да билбей турам".

Колдонуучулар "Аминанын" ишинде көйгөйлөр тынымсыз болуп турарын кабарлап келишет. Айрымдары биринчи экрандан ары эч нерсе ачылбаганын айтса, башкаларында тиркеме сүрөттү кабыл албай жатат, дагы көптөр маалыматтары текшерүүдөн өтпөгөнү тууралуу эскертмелерди алышууда, бирок эң көп кездешкен көйгөйлөр геолокацияга байланыштуу болуп жатат.

RuStore тиркемесине жазылган пикирлерге иштеп чыгуучунун өкүлдөрү "адистер тиркеменин туруктуулугун камсыз кылуунун үстүнөн тынымсыз иш алып барышууда" деп жооп кайтарып, техникалык колдоо кызматына кайрылуу кеңешин беришет. Бирок колдонуучулар техкызмат сааттап жооп бербегенине нааразы.

"Сахаровонун" башкы директору Антон Игнатов программанын жардамы менен коопсуздукту жакшыртууга жана "ниети кара жарандардын мыйзам бузууларын алдын алууга болот" деп ырастайт. Игнатов мигранттар кыска мөөнөткө иштөөгө уруксатты – патентти сатып алып, андан кийин "Москванын жана облустун кайсы бир өнөр жай зоналарында жок болуп кеткен" жагдайларды мисал катары келтирди.

Сахароводогу борбор

Сүрөттүн булагы, Mikhail Tereshchenko/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сахароводогу борбор

Мындай учурлар чындап эле болот, анын эң ачык себеби – акча. Ушул жылдын 1-январынан баштап Москвада жана облуста патент үчүн ай сайын төлөм 8900 рублди (115 доллар) түзүп калды. Курулуш же кампа сыяктуу маянасы аз жумуштарда иштеген көптөгөн мигранттар үчүн бул чоң акча, ошондуктан, алар патент албастан көмүскөдө иштөөнү туура көрүшөт.

Дагы бир фактор – Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттар көп иштеген чөйрөлөрдө маяна кечиктирилип төлөнөт. Москвада курулушта иштеген өзбекстандык Мухаммаджон акыркы эки жарым айдан бери айлык ала элек. Бир ай мурун ал патент үчүн төлөбөй калды, себеби аны алганга акчасы калган эмес.

Мындай адамдар менен иштегенден жумуш берүүчүлөр гана пайда көрүүдө. Себеби алар камсыздандыруу төгүмдөрүнөн качып, акчаны мигранттын колуна беришет. Ал эми көмүскөдөгү мигранттар аз айлыкка ашыкча иштөөгө мажбур болушат.

Иштөөгө мүмкүн болбой калды

Кыргызстандык 32 жаштагы Кудайберген үй-бүлөсүн багуу үчүн Москванын четиндеги кампада иштечү. Иш берүүчү мигранттарды жатакана менен камсыз кылган.

"Бизге ОМОН келген. Коркунучтуу террорчуну кармап жаткандай мамиле жасашты. ОМОН чабуул койгондой союлдар жана электршокерлер менен бастырып киришти. Баарыбызды сыртка кууп чыгышты. Эшиктин алдында колубузду артка алып эки сааттай турдук. Бул убакыттын ичинде алар баарыбыздын документтерибизди текшеришти, — деп эскерет ал. —Орус тилин жакшы түшүнбөгөндөр бар болчу – алар өзгөчө кыйналышты. Эч нерсени түшүнбөгөн мигранттарды күч кызматкерлери ур-токмокко алышты. [...] Кудайга шүгүр, документтер жайында болуп чыкты".

Орусиянын бийлиги рейддер мыйзам чегинде жүрүп жатканын, мигранттарга эч кандай мыйзамсыз чаралар көрүлбөгөнүн ырастайт. Ички иштер министрлиги мындай текшерүүлөрдөн кийин мигранттар полицияга арыз менен кайрылбаганын жүйө катары келтирди.

2025-жылдын алдында текшерүүлөр күч алды, дейт Кудайберген. Жаңы киргизилип жаткан бардык чаралардан жана мигранттарга болгон мамиледен улам Орусияда иштөө өтө кыйын болуп калганын түшүнүп, Кудайберген мекенине кайтып келген.

"Бирок мен үй-бүлөмдү багышым керек да, - дейт ал. — Эми Европага барууну ойлонуп, досторумдан, тааныштарымдан ал жакка кетүү жолдорун сураштырып жатам. Бул ишке ашабы же жокпу, билбейм. Визаны оңою менен бербейт деп жатышат го".

Полициянын рейди

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полициянын рейди

Үч баланын энеси, 35 жаштагы Гүлнура күйөөсү менен Орусияда он жылдан ашык убакыт жашашты. 2025-жылдын жазында Гүлнура Кыргызстанга эс алганы учуп келген. Мекенинде жүргөндө мектепке өтүү үчүн мигранттардын балдары орус тили боюнча сынак тапшырышы керектиги тууралуу жаңы талаптарды укту. Гүлнуранын балдары орус тилин мыкты билишет, бирок "орун жок" деген шылтоо менен аларды мектепке албай коюшкан.

"Башында Москвага кайтууну пландаганбыз, бирок азыр ал жактагы досторум балдарын мектепке бере албай кыйналып жатканын айтышууда, - дейт Гүлнура. — Курбум апрель айынан бери документтерди чогултуп жүрөт, бирок кабыл албай жатышат. Дагы бир курбумдун баласы тест тапшырса, "Балаңыз орус тилин жетиштүү билбейт" деген жооп келип, мектепке кабыл алынбай калган экен. Бирок, анын кызы Москвада төрөлүп, өскөн, орус тилинде эркин сүйлөйт, бала бакчага да, даярдоо курстарына да барган, жазып, окуй алат".

"Тил билүү талабы мигранттардын балдарын Орусия боюнча мектептерге кабыл алуудан өзүм билемдик менен баш тартуу практикасына шылтоо болуп калды, - дейт Human Rights Watch уюмунун өкүлү Сыйнат Султаналиева. — Мигранттардын балдарын мектепке баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, Орусиянын бийлиги аларды билим гана бере алган артыкчылыктардан иш жүзүндө ажыратып жатат. Мектепке киргизбөө узак мөөнөттүү социалдык интеграцияга доо кетирет, балдар эмгегинин кооптуу түрлөрүнө тартылуу тобокелдигин жогорулатат жана эрте куракта никеге туруу коркунучун күчөтөт".

Гүлнура балдары менен Орусияга кайтпоону чечти: "Жолдошум азырынча Москвада. Кыргызстанда жумуш табылганда келет. Бирок биз балдар менен биротоло кайтып келдик, себеби ал жакта жашоого мүмкүн болбой калды".

Европага терезе

Орусияда мигранттардын көңүлүн калтырган көптөгөн окуялар болуп жатканына карабастан, акыркы жылдары бул өлкөгө эмгек миграциясы азайды деп так кесе айтууга болбойт: колдо болгон статистика айкын эмес, ал эми ар башка мекемелердин маалыматтары ар башкача чыгууда.

Ички иштер министрлиги негизги маалыматтарды жарыялабай калганы да кырдаалды татаалдаштырууда. Ал эми миграциялык каттоо ыкмалары бир нече жолу өзгөрүп, жылдар боюнча салыштырууну мүмкүн кылбай жатат.

2024-жылы Жогорку экономика мектебинин изилдөөчүлөрү Орусиядагы эмгек миграциясы акыркы 10 жылдагы эң төмөнкү деңгээлде турат деген жыйынтыкка келишкен.

Андан бери өлкөгө киргендердин саны көбөйдү, бирок мыйзамдуу иштеген эмгек мигранттарынын орточо жылдык саны 3–3,5 миллиондун деңгээлинде туруктуу бойдон калууда, бул мурунку жылдарга караганда кыйла төмөн дегенди билдирет.

"Российская газета" чет элдиктер Орусияга эки себептен улам баргысы келбей жатканын жазды. Биринчиси – миграциялык саясат катаалдашты жана экинчи себеп – киреше азайды: рублдин куну түшүп кеткенин эске алганда, доллар эквивалентиндеги киреше үчтөн бирге азайды.

Бирок Орусия Борбордук Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүндөгү мигранттар үчүн азыр да негизги багыт бойдон кала берүүдө.

Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан келген мигранттардын арасында экинчи орунда Казакстан турат. Мигранттардын басымдуу бөлүгү Казакстанда курулушта, дүң жана чекене соода чөйрөсүндө, тейлөө тармагында иштешет.

Үчүнчү орунда Түркия турат, бул жакта борбор азиялык мигранттар текстиль жана тигүү өнөр жайында, курулушта, мейманкана жана ресторан секторунда, ошондой эле сезондук айыл чарбасында иштешет.

Жүк ташуучу автоунааларды айдаган мигранттар

Сүрөттүн булагы, JUSTIN TALLIS/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүк ташуучу автоунааларды айдаган мигранттар

Түштүк Корея мигранттарды заводдордо, айыл чарбасында, курулушта, балык уулоодо жана кайра иштетүү тармагында күтүүдө.

Бирок Орусиядан кеткен Билал сыяктуу көпчүлүк мигранттар Европада иштегенди кыялданышат. Билал акыр-аягы Европага жете алды, бул үчүн ал ортомчуларга эки миң доллар төлөгөн. Ортомчулар Билалга жүк ташуучу компанияга чакыруу алууга жардам беришкен.

"Европада иштөө тажрыйбаң болбосо, башында жакшы фирмага айдоочу болуп ишке орношуу кыйын экен. Жаңы келгендер башында өз укуктарын билбегендиктен, мындан кыянаттык менен пайдаланган иш берүүчүлөр бар. Алар кошумча төлөбөйт же ашыкча иштөөгө мажбурлайт. Ошол эле учурда полиция иштөө жана эс алуу режимин абдан текшерип турат. эгерде бул тартип бузулса, айып салат. Ошондуктан, эч ким тартипти бузгусу келбейт. Мыйзамга ылайык, айдоо убактысы бүтсө, сен унааңды токтотуп, эс алышың керек", - дейт Словакиядагы компаниялардын бириндеги иши тууралуу Билал.

Тажрыйба топтогондон кийин Билал башка компанияга которулуп, учурда айына эки жарым миң еврого жакын киреше табат.

Эл аралык автотранспорт биримдигинин (IRU) маалыматы боюнча, квалификациялуу айдоочулардын жетишсиздигинен улам европалык компаниялардын жарымынан көбү бизнесин кеңейте албай жатат. Ушул тапта Евробиримдикте, Норвегияда жана Улуу Британияда 233 миңден ашык жүк ташуучу айдоочу жетпей жатат. Бул кесипти аркалагандардын басымдуу бөлүгүнүн жашы өтүп баратат, ал эми маянанын жакшы болгонуна карабастан, жаштар бул кесипке көп кызыкпайт.

Европа

Буга чейин Евробиримдиктеги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын олуттуу үлүшүн Украинанын жарандары түзүп келген, бирок согуштан улам алардын көбү мекенине кайтып, аскерде кызмат өтөөгө мажбур болушту. Мындан тышкары, айрым европалык иш берүүчүлөр Орусиянын жана Беларустун жарандары менен эмгек келишимдерин бузушкан (же визаларын узартышкан эмес), ошол себептен алар да өз мекенине кайтып келишкен.

Ошондуктан, Словакия айрым өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга, Тажикстанга, Казакстанга, Түркмөнстанга жана Украинага жүк ташуу тармагында иштегиси келгендер үчүн виза алуу процессин жеңилдеткен.

Польша Өзбекстан менен Казакстандын жарандарына иштөөгө уруксатты жигердүү берип жатат, Чехия болсо жумуш визасын берүүнү тездетүү менен Өзбекстандан жана Кыргызстандан мигранттарды тартууда, Литва да айдоочу болуп иштегиси келгендерге визаны жеңил берип жатат.

Мисалы, 2023-жылы Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары үчүн Евробиримдикте ишке орношууга баштапкы уруксаттардын саны өткөн жылга салыштырмалуу тиешелүү түрдө 30%, 39%, 50% жана 63% көбөйгөн.

Бирок Билал түзүлгөн кырдаалды эске алганда да Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Европага жетүү оңой эмес деп эсептейт: "Эгерде сени компанияга сунуштай турган таанышың болбосо, карапайым жумушчу үчүн бул өтө оор процесс бойдон калууда".

Андан тышкары, Европанын өзүндө акыркы жылдары калктын миграцияга нааразычылыгы күчөп баратат, бул айрым өкмөттөрдү жумушчу күчү тартыш болсо да, үчүнчү өлкөнүн жарандары үчүн эрежелерди катаалдаштырууга түртүүдө.

Билалга Европа жагат. Ал жакшы төлөнгөн маянага жана европалыктардын – өзгөчө италиялыктар менен француздардын мамилесине ыраазы.

Билал иши оор болгонун атайт. "Үйдөн алыс жүрөбүз. Жылдар өтүп жатат, адамдар үй-бүлөсүн көрбөй жашап келишет", - дейт ал.

Билалдын азырынча аялы же балдары жок. Бир нече жылдан кийин ал Словакияда туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн арыз бере алат, бирок ал өмүрүнүн аягына чейин Европанын жолдорунда жүк ташууга даярбы – муну так чече элек. (ZMa)

*Каармандын аты анын өтүнүчү менен өзгөртүлдү.

Алмира Абидинованын жана Айсымбат Токоеванын катышуусу менен.