Эң кымбат сырдын бири эшек сүтүнөн жасалат. Анын асман чапчыган баасынын сыры эмнеде?

Эшек сүтүнөн жасалган сырга суроо талап абдан чоң дешет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эшек сүтүнөн жасалган сырга суроо талап абдан чоң дешет

Сербияда эшектин сүтүнөн жасалган пуле сырынын бир киллограмы 1 200 евро, бул кеминде 118 000 сом дегенди түшүндүрөт. Бул баа сербиялыктардын бир айлык орточо айлыгынан дагы көп сумма. Чет өлкөлөргө сатылса андан дагы кымбат бааланмак.

Мындай сыр Сербиянын борбор калаасы Белград шаарынан батышты карай 80 чакырым аралыкта жайгашкан Засавица жаратылыш коругунун аймагында гана даярдалат.

"Бир килограмм сыр даярдоо үчүн 25 литр эшек сүтү керектелет. Бир эшекти бир жарым жыл бою саап, ушунча өлчөмдөгү сүттү чогултса болот",- деп түшүндүрдү Засавица жаратылыш коругунун менеджери Вук Симич. Ал өзгөчө сырдын кызыктары тууралуу Би-Би-Синин Серб кызматына айтып берди.

Дүйөдөгү эң кымбат сырлар боюнча пуле сыры абсолюттук рекорд койгон дегенге болбойт. Испанияда өндүрүлгөн кабралес деп аталган көгүш сыр учурда эң кымбат сыр болуп саналат. 2024-жылдагы эсеп боюнча анын 2,5 килограммынын баасы 36 000 еврого чыккан. Бул 3 564 000 сомго барабар. Ошентип ал сыр Гиннес рекорддор китебине эң кымбат сыр катары катталган.

Эшек сүтүнөн жасалган сыр

Деген менен пуле сыры дагы эң кымбат сырдын бири бойдон калууда. Ал акчадан эч маселеси жоктор үчүн гана жеткиликтүү деликатестин бири. Бул сыр керек болсо теннистин дүйнөлүк жылдызына айланган легенда Новак Жоковичти да абдан кызыктырган. Маалыматтарга караганда, ал бир канча убакыт мурун өзүнүн ресторандары үчүн пуле сырынын бир жылдык запасын толугу менен алдын ала эле сатып алып койгон.

Новак Жокович

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Новак Жокович

Уникалдуу корук

Чарба

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Засавица — 36 чарчы км аймакты ээлеген жаратылыш коругу. Ал жерди өсүмдүктөр менен жаныбарлардын сейрек түрлөрү байырлайт. Алардын арасында жапайы жылкылар, канаттуулардын жүздөгөн түрлөрү бар. Деген менен ал корукту жайлагандардын эң эле белгилүүлөрү — 300 эшек болду. Мынча эшек менен бул жер Түштүк-Чыгыш Европадагы эң чоң эшек фермасы болуп саналат.

Жаңы туулган коделектер ыргайдай болгон буттары менен эми-эми гана телчигип, энесинин жылуулугу менен сүтүн сурап турган экен. Эң эле кежир жаныбар катары таанылганы менен эшектер сүйкүмдүү келип, ымала түзгөндү жакшы көрүшөт.

"Ар бир эшектин өзүнчө кыял-жоругу бар. Кайсы бири оюнкараак келсе, дагы бири токтоо, бирок баары тең жылуу мамилени жакшы көрүшөт",- дейт ферманын жетекчиси Никола Нилич.

Эшек сүтүнөн даярдалган сыр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эшек сүтүнөн даярдалган сыр

Эшектердин үйүрү

"300 эшектин ичинен он экиге жакыны гана аңги. Алар тим эле гаремде жүргөндөй эле жашашат", - деп тамашалады Вук Симич.

Ургаачылары туугандан 9 күн өткөндөн кийин эле кайра күүлөй берет. Ошондон улам байып кетпей такыйын жыл бою эмизгенге жөндөмдүү.

Бирок алар жанында коделеги же такыйы бар учурда гана сүт бөлүп чыгарат, сүтү абдан аз өлчөмдө гана чыгат.

"Бир эшек бир күндө 300 миллилитрдей гана сүт берет. Башкача айтканда бир стаканга жакындайт",- дейт Симич.

Ал сүттүн жарымын коделек эмет, андан калганы сырга чогултулат. Ошентип сүттүн аздыгы сырдын жасалышын кечеңдетет.

Пуле сырынын купуя сыры

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул сырды эмне өзгөчө кылат болду экен?

Кайсы жашыруун кошулма бул сырды мынчалык кымбат кылат болду экен деген суроого Никола Нилич тек гана жылмайып койду. "Бул сурооңузга жооп бере албайм",- дейт ал.

Эшектин сүтүнөн сыр жасайлы деген идея он жылдан ашык убакыт мурун Вук Симичтин атасы Слободона Симичтин оюна келген экен.

Эшек сүтүнүн уникалдуу консистенциясы сыр жасоодо эң чоң тоскоолдуктун бири болгон. Ал аялдын сүтү сыяктуу суюк келип, оңой менен коюуланбайт.

Засавицанын адистеринин бир канча жолку машакаты ийгиликсиз аяктаган. Акыры убаранын аркасы менен бул ыкманы жакшыртып алышты.

"Пуле сырынын даамы эч нерсеге окшобойт. Бул кымбат даам деп айтканды аябай жакшы көрөм",- дейт Симич.

Аябай белгилүү экенине карабай пуле сыры жеткиликсиз жана экспорттолбойт. Аны Засавицадан гана сатып алууга болот. Керек десе аны ошол коруктун аймагындагы ресторандан дагы таппайсыз. Болгону коруктун аймагындагы жергиликтүү чакан дүкөндө сатылат. "Биз жылына 25-30 кг гана пуле сырын жасайбыз. Ушундан улам бул өтө сейрек азык болуп калууда",- деп кошумчалады Симич.

Сырды даярдоо аябай машакаттуу

Сербиядагы Жаныбарлар ассоциациясынын маалыматына караганда, саналуу гана эшек фермалары бар. Бирок алардын көбү сыр жасап эмес, сүт бойдон сатууга ылайыкташкан.

Сербиянын Соода-өнөр жай палатасындагылар эшек сүтүнөн сыр өндүрүү өлкөнүн экономикасына таасир бербейт дешти.

"Сырды көп чыгарабыз деп эшек сүтүн сатып алуу бизге пайда деле бербейт",- дешет алар.

Сырды экспортко чыгаруу атайын эрежелерди талап кылат. Засавица бул жашыруун рецепти билген жападан жалгыз өндүрүүчү. "Азырынча бул сырдын сырын башкалар менен бөлүшөлү деген оюбуз дагы жок",- дейт Симич.

Пуле сыры эл аралык сатып алуучуларды абдан кызыктарып келет, бирок өндүрүүчүлөр үчүн анын экспорту приоритет эмес. "Биз тууралуу дүйнө жүзү уккан, биз даярдаган сырыбыздын күкүмүнө чейин сатабыз",- дейт Симич.

Сатып алган кардарлардын көбү мындай сейрек деликатес үчүн кабагым-кашым дебей төлөй алган чет элдиктер деп кошумчалашты.

Кезинде Кыргызстанда эшек чуусу чыккан эле

Кыргызстанда эшек көөлүк катары гана пайдаланылып келет. Бир учурда эшек этине байланышкан чоң чуу чыккан эле.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, 2016-жылы Кыргызстанда 43 000 эшек болгон. 2017-жылы алардын саны 33 000дин айланасында деп эсептелген. Бир жылда эшектин саны 10 миңге кыскарганы маалым болгон.

Кыргызстанда эшектин эти, сүтү азык катары пайдаланылбайт. Эшек кежир, абдан чыдамкай жандык катары белгилүү. Бир нече жыл мурун коңшу өлкөлөрдүн биринен келген жумушчулар эшекти сатып алып,союп жешкени тууралуу кептер тараган. Мындан сырткары эшектин терисинен дары-дармек жасалат деген такталбаган маалыматтар айтылып жүрөт.