Украинадагы согуш: Курскта эмне болуп жатат?

Материал толукталууда

Орусиянын Курск облусунда үч күндөн бери кармаш жүрүп жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү эртең менен Telegram аркылуу билдирүү жасап, облус аймагынан 75 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Орусиянын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үч күн ичинде Курск облусунда 66 адам жабыркаган. Алардын 38и ооруканага жаткырылган.

Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов жай тургундар автобустар жана поезд менен эвакуацияланып жатканын айтты. Ал элди көчүрүүгө Украинанын чабууларды тоскоол болуп жатканын кошумчалады.

Курск облусу менен чектеш аймактардын тургундарын да эвакуациялоого буйрук берилди. Аймактын тургундарына аба чабууларды тууралуу эскертүүлөр берилип жатат.

Орусиялык басылмалар жума күнү эртең менен коңшу Липецк облусундагы аскерий аэродромдо өрт чыкканын кабарлашты.

Курск аймагындагы салгылашуулар боюнча расмий Киев азырынча комментарий бере элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү түнү жасаган видео кайрылуусунда Курск аймагындагы чабуул тууралуу ачык айткан жок.

Бирок кыйыр түрдө: "Орусия биздин жерге согушту алып келди, алар эми эмне кылганын сезиши керек", - деди.

Орусия 6-август күнү эртең менен өз аймагына кеминде 1000дей украин аскери басып киргенин билдирди. Бул согуш башталгандан берки орус аймагына жасалган эң ири чабуулдардын бири болуп калды.

Согушту изилдөө институту Украин аскерлери чабуулдун алгачкы эки күнүндө Курск аймагына 10 чакырымдай кирип барганын кабарлап жатат.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер Америка тарап чабуулдун негизги максатын аныктоо үчүн Украина менен байланышып жатканын айткан.

8-августтагы абал тууралуу

Украин күчтөрү Курскта ээлеп алган жерлерин дагы кеңейтип, чалгындап жатат. 8-августтагы маалыматтарга караганда, алар райондун борбору Суджанын басымдуу бөлүгүн ээлеп алышкан. Орус күчтөрү жогорураак аймакты кармап турганы менен, бирок оор абалда экени айтылууда.

Согуш жүрүп жаткан аймактан кабарлар желдей тарап жатат. Бирок алардын көбү текшерилбеген, тастыкталбаган билдирүүлөр жана кагылышуунун толук көрүнүшүн чагылдыра албайт. Кырдаал тез өзгөрүп жатат.

Кармаштын жалпы чеги болбогондуктан Курск обласытынын чоң аймагы эки тараптын тең көзөмөлүндө эмес. Дал ошол тарапта ВСУнун чакан чалгындоо топтору пайда болгону тууралуу маалыматтар келип жатат.

7-августтун кечинде украин күчтөрүнүн алдыңкы бөлүмдөрү райондук башка бир борбор Кореневону ээлеп алууга аракет кылганы тууралуу кабарлар чыккан. Бул Суджанын түндүк-батыш тарабында жана чек арага 20 километрдей аралыкта жайгашкан. Орусиялык телеграм-каналдардын тараткан маалыматына караганда, чабуулдун миизи майтарылган, украин күчтөрү чегинген, бирок алыс эмес жерде башка бир чабуулга камданып жатышы мүмкүн делет.

ВСУ башка багыттарда да чабуулдарды жасады. Андан улам жай тургундарды массалык эвакуациялоо болгону тууралуу да кабарлар бар. Чек арага жакын аймактын тургундарын акча ташуучу чопкутталган унаалар менен да эвакуациялашканын аймактын губернаторунун убактылуу милдетин аткарып жаткан Алексей Симирнов 8-августтун кечинде Путинге айтып берди.

Ошол эле учурда кырктан ашуун орус аскерин ВСУ туткунга алганы боюнча видео тарады. Бул "Суджа" чек ара көзөмөл бекетинде болгон окуя.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин тараптын чабулдары андан ары тереңдеп кире албай тургандыгын, чабуулдарыны мизи майтарылаарын билдирди.