Сингапур: жасалма этти эл кандай кабыл алды?
Ник Марш, Би-Би-Синин Азия боюнча бизнес кабарчысы

Жыл башынан бери Сингапурдагы Huber's ресторанында лабораторияда өндүрүлгөн дүйнөдө жок тоок эти сатыла баштады. Үч жыл мурда аны сатууга уруксат берилген учурда бул технология тамак-аш тармагында маанилүү бурулуш болду дешкен.
Инвесторлор андагы эт таза жана жаныбарларга зыян келтирилбей өндүрүлөт экен деп, үч млрд доллларга жакын инвестиция салышкан. Бирок эки жыл өтсө да, бул бизнес дагы эле жандана албай жаткансыйт.
Ресторандын кардарлары алдында турган кесим этти лабораторияда өндүрүлгөн деп ойлобошу мүмкүн. Анткени татып көргөндөр эттин даамы менен жыты кадимки тоок этине окшош экенин айтышат.
"Кандай экенин көрөлү. Жыты тооктун этиндей. Куурулган тоок этиндей даамданат. Бир аз жасалмадай сезилет, бирок ал каерден келгенин айтуу кыйын”, - деди Би-Би-Синин кабарчысы.

Бул азыкты Калифорнияда жайгашкан Eat Just аттуу стартаптын GOOD Meat филиалы өндүрүп, Huber's ресторанында сатыкка койгон.
"Көптөгөн касапканаларга, фермаларга барып, ресурстарды ашыкча колдонуп, жаныбарларды союп жатышканына күбө болдум. Андайга барбай эле, жердеги ресурстарды азыраак колдонгон ыкмалар болсо, мен ошону жасап көрүүгө даярмын".
Этти жасоо үчүн жаныбардын клеткаларын алышып, аларды белок, кант жана май менен азыктандырышат жана био-реакторлор менен чоңойтушат.
Бир айдан ашык убакыттан азыкты био-реактордон чыгарылып, өсүмдүк протеини кошулат, андан кийин калыпка салынып бышырылат жана 3D аркылуу керектүү формада даярдалат.

Ал жагымдуу болгону менен көп каражат кетет. Мындан сырткары көп энергия да коротулат. Көптөгөн окумуштуулар жасалма этти эл жактырабы-жокпу деп суроо салышат.
"Лабораторияда көбүрөөк эт жасап, аны арзаныраак сатууга болобу, жок. Муну менен дүйнөнү сактаса болобу? Албетте, жок. Анткени ага көп каражат кетет. Күзгүгө карап, өзүңүзгө ал нерсе чынбы? деп суроо берип көрүңүз. Эгер чын болсо, анда башка нерсе менен алектениңиз”, - дейт Калифорния университетинин окумуштуусу Рикардо Сан-Мартин.
Учурда Eat Just стартабы Сингапурда аптасына эки килограмм гана эт өндүрөт. Анын өндүрүү масштабын билүү үчүн Huber's ресторанында сатылган төрт миң килограмм тоок эти менен салыштырып көрүү керек.

Сүрөттүн булагы, Social Media
Компаниянын директору Жош Тетрик үч жыл мурун муну "дүйнөлүк тамак-аш өнөр жайы үчүн жетишкендик" деп атап, мындан ары башка өлкөлөр да ушундай кадамга барат деп үмүттөнгөн. Ал азыр деле ошондой пикирде.
"Бул долбоор улана берет. Балким, дагы көпкө уланат. Бирок андай долбоорду ишке ашыруу үчүн аны бир нерсе кылып башташ керек. Биз болсо ушинтип баштап алдык”.
Бул тамакты даярдоодо эч бир жаныбарга зыян келтирилбейт. Илимий жактан алганда керемет нерсе деп да атаса болот.
Бирок инвесторлор ага миллиарддаган доллар каражат жумшагандыктан, жакында мындай эт качан киреше алып келет деп суроо салышы ыктымал. (SA)












