Геосаясий чоң тирешүүлөрдүн шартындагы Чолпон-Ата жыйыны

Чолпон-Атада өтө турчу Консультативдик жолугушуунун кезектеги жыйынын бир жагынан Борбордук Азия мамлекеттеринин биргелешкен өнүгүү жолунда эффективдүү инструменти катары көрсөк болот, ал эми экинчи жагынан жолугушуунун жыйынтыгы жана мааниси дүйнө коомчулугу үчүн абдан кызыгып, назарын салып турган чак.

Анткени жолугушуу дүйнөдө болуп жаткан геосаясий тирештердин шартында, Орусия Украинага кол салгандан берки Борбордук Азия мамлекет башчыларынын өз алдынча биринчи жолугушуусу.

Эл аралык мамилелерде консультативдик жолугушуу, консультация – кандайдыр бир белгилүү маселе боюнча кеңешме. Консультациялар расмий же расмий эмес да болот. Көбүнчө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясынын жүрүшүндө Ассамблеянын Төрагасы тарабынан уюштурулуп, уюмдун мүчө-мамлекеттери менен эл аралык коомчулукка маанилүү болгон маселелер боюнча кандай иш-аракет кылуу керек экендиги тууралуу тематикалык диспуттар формасында өткөрүлүп келген. Консультативдик бийик деңгээлдеги жолугушууларда ар бир мамлекеттин расмий сунуштары берилип, ишке ашыруу жолдору каралат.

Аймактык өз ара кызматташууда эң жогорку деңгээлдеги диалог маанилүү ролду ойнойт. Бийик деңгээлдеги жолугушууларда приоритеттүү багыттар аныкталып, бир катар маанилүү документтерге кол коюлат. Борбордук Азияда жайгашкан беш мамлекеттин башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу 2018-жылы ал кездеги Астанада Казакстандын демилгеси менен өткөн. Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи Консультативдик жолугушуусунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үзгүлтүксүз жыл сайын өткөрүү сунушун киргизген жана ал колдоо тапкан. Анын натыйжасында, 2020-жылы Коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүлбөй калганын эсепке албаганда, жыл сайын өткөрүлүүдө.

"Чоң ага"катышпаган чон жыйын...

Буга чейин Борбордук Азия мамлекеттери регионалдык кызматташуу тууралуу өз пикирлерин мүчө болгон ар кандай аймактык эл аралык ШКУ, ЖККУ, КМШ өңдүү уюмдардын платформаларында айтып келсе, бүгүнкү күндө эң жогорку деңгээлдеги Консультативдик жолугушуу мыкты аянтча болуп берет, анын үстүндө бул жолугушууга башка регионалдык эл аралык уюмдарда локомотив болгон- “чоң ага” деп эсептелген Орусия катышпайт.

Консультативдик жолугушуу төртүнчү жолу өткөрүлүп, кезектеги болгонуна карабастан саясий мааниси чоң, себеби 2021-жылдан тарта Борбордук Азияда ар кандай жараяндар кандуу окуялар менен да коштолду. Мисалы Казакстандагы январь окуялары, жакында эле болуп өткөн Өзбекстандагы автономдуу Каракалпакстандагы протест, Тажикстандагы Тоолуу-Бадахшандагы окуя, Түркменистандагы бийлик транзити, кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан байма-бай кичи кагылышуулар, Афганистанда террордук уюм деп саналган Талибдердин расмий бийликти басып алуусу. Ушул сыяктуу тышкы жана ички маселелер сөссүз түрдө биргелешкен алгылыктуу иш-чараларды жана реакцияны талап кылат.

Жыйынтыгы баарына маанилүү...

Борбордук Азия мамлекеттеринин кабыл ала турган орток келишими жана биргелешкен билдирүүсү Орусия үчүн да, Батыш мамлекеттери үчүн да маанилүү. Анткени Борбордук Азия мамлекеттери өз алдынча чөлкөм катары өнүгүү жолун, ошондой эле эл аралык коркунучтарга жана заманбап чакырыктарга каршы биргелешкен иш-аракетин тандап алуусу керек.

Бир четинен, Орусия санкциялардын алдында калса дагы, Борбордук Азия мамлекеттери үчүн саясий жана соода-экономикалык жагынан жакын өнөктөшү катары калууда, экинчи жагынан Борбордук Азия мамлекеттери Орусиянын Украинага карата жүргүзгөн агрессиясын ачык колдоого алышпаса дагы кызматташтыкты улантууга аргасыз. Бул Борбордук Азия мамлекеттерин кыйын абалга кирптер кылып, тышкы саясатында турбуленттүүлүктү жаратты. Мындай абал консультативдик жолугушуунун жабык эшигинде талкуулануусу мүмкүн, бирок мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүндө бул тууралуу сөз болуу ыктымалдуулугу аз.

Окшоштугубуз, жакындыгыбыз көп, бирок, бириге алдыкпы?

Азыркы саясий калыптанган Борбордук Азиянын беш мамлекетин жалпы тарых, менталдык жактан жакындык каада-салт жана үрп-адаттарынын окшоштуктары бириктирип турат. Ошондой болсо да эгемендүүлүккө ээ болгон жылдан тарта бир катар маселелер жаралып, көптөгөн көйгөйлөр чейин чечилбей келет. Бир четинен маселелер эки тараптуу гана эмес, аймактык, ал тургай глобалдык мүнөзгө ээ болуп ар кандай шарттарга жараша өзгөрүлүп турат, ал эми анын чечүү жолдору да кээде тышкы кийлигишүүгө жол ачкандай. Борбордук Азиянын көп өлкөлөрү формалдуу көп векторлуу тышкы саясат жүргүзөбүз дегени менен саясий диалог жана реалдуу экономикалык кызматташтыктары Орусия менен чырмалышкан. Ал бир катар регионалдык эл аралык уюмдар менен дагы бекемделген.

Эгерде Борбордук Азия мамлекеттеринин коопсуздук, тынчтыкты сактоо маселелеринде, ошондой эле ири проектилерди ишке ашырууда орток пикирлери болгонуна карабастан, ишке ашыруу механизмдери көпчүлүк учурда улуттук кызыкчылыктарына ылайык дал келбей келген же көбүнчө декларативдүү мүнөздү камтыган.

Мисалы, “CASA-1000 энергетикалык проектиси” же 2000-жылдан тарта айтылып келген “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” проектиси жана башкалар.

Ошондой эле, көптөгөн проектилер чөлкөмдөн тышкаркы мамлекеттер менен бирге же эки тараптуу мүнөздү камтыйт, мисалы Түркмөнстандын нейтралдык статусун эске албаганда дагы, ЕАЭБке Борбордук Азиядан Казакстан жана Кыргызстан гана мүчө болуусу, ал эми Өзбекстан жана Тажикстандын азырынча ЭАЭБке кирүүгө ашыкпай турганы, ЖККУдан өз кезегинде Өзбекистандын чыгып кетүүсү, ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекистан жана Тажикистандын киргени менен Россия, Кытай өңдүү дүйнөлүк державалар жана Индия, Пакистан өңдөнгөн регионалдык державалардын мүчө болуусу, чөлкөмдөгү беш гана мамлекет катышкан саясий же экономикалык уюмдун жоктугунан кабар берет.

Чөлкөмдөгү окуяларга таасир эткен тышкы геосаясий, геоэкономикалык себептерди эске албаганда дагы, аймакта бир катар орчундуу көйгөйлүү маселелер бар, мисалы, Арал деңизинин маселеси, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, чек ара маселелери жана башкалар, бул маселелерди чечүүдө Борбордук Азия мамлекеттеринин орток пикирлери жок. Жогорудагы себептерди эске алуу менен карап көрсөк, Консультативдик жолугушуу абдан маанилүү болуп эсептелинет, анткени ар бир мамлекет улуттук кызыкчылыктарына ылайык маселелерди ортого салат, ар бир мамлекеттин күн тартибиндеги маселе боюнча расмий позициясы айтылат жана чечүү жолдору каралат, жыйынтыгында биргелешип компромисске келүүгө жардам берет.

Эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу регионалдык деңгээлдеги бир катар маселелерди чечүүдө жана өз ара биргелешкен кызматташтыкты күчөтүүдө оң гана таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө экономикалык кызматташтык кандай гана өлкө же регион болбосун приоритеттүү багыт болуп эсептелинет. Ал эми Евразия өнүктүрүү банкынын изилдөөсүнө таянсак, Орусия-Украина маселелеринин кесепети Борбордук Азия мамлекеттеринин ички дүң продукциясынын өсүү темпине өз таасирин тийгийбей койгон жок.

Ошондуктан биргелешкен соода-экономикалык кызматташуу, биргелешкен ири логистикалык долбоорлорду куруу, инвестиция тартуу, кошумча транспорттук коридорлорду жеңилдетип түзүү, туристикалык биргелешкен маршруттарды иштеп чыгуу боюнча маселелер талкууланып, тез арада ишке ашуусу керек.

Ал эми, 2021-жылдагы Түркмөнбашы шаарында өткөн Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында кийинки жолугушууга биргелешкен “XXI кылымдагы Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында беш мамлекеттин ортосундагы достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимин” даярдоо чечими кабыл алынган, ага ылайык келишим региондогу кызматташтыкты өнүктүрүп, коопсуздукту бекемдөөгө багытталмакчы. Ошондой эле биргелешкен жол картасы да бекитилмекчи.

Демек, буга чейинки консультативдик жолугушууларда биргелешкен билдирүү гана болуп келсе, 2022-жылы Кыргызстанда өтүп жаткан консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы манилүү документке кол коюу менен жыйынтыкталганы турат. Ушунун өзү кеңешменин эвалюциясы жаңы баскычка көтөрүлгөнүнөн кабар берет. Мындай көрүнүш Борбор Азия мамлекеттеринин келечектеги биргелешкен приоритеттүү багыттарын аныктап, натыйжалуу кызматташуунун реалдуу башаты болуп бермекчи.

Ошого карабастан, тез арада Консультативдик жолугушууну аймактык уюм катары түптөп, ар дайым иштеген аткаруу органын иштеп чыкпаса кабыл алынган келишим өз натыйжасын бербейт. Ошондуктан жакынкы келечекте Борбордук Азия мамлекеттерин гана бириктирген интеграциялык биримдикти куруу перспективасы чоң. Адатта саммиттерди же эл аралык бийик жолугушууларды кабыл алган тарап, ошол уюмда же платформада төрагалык кылат.

Жакшы саамалык...

Бул жылы кыргыз тарап Консультативдик жолугушууну уюштурууну жана өткөзүүнү өз мойнуна алган. Албетте, кыргыз тараптын Борбордук Азия мамлекеттери менен чечалбай келаткан көп маселеси бар, ошолордун барын чечүүгө аталган платформа жол түзүп берүүдө. Демек, жолугушууда кабыл алынган чечимдердин натыйжасы акыркы жылдагы иштеген кыргыз дипломатиясынын регионалдык кызматташуудагы жасаган жумуштарынын жыйынтыгы катары карап, баа берсе болот.

Бул жыйынга коңшу өлкөнүн президенттеринин түгөл келишинин өзү эле жакшы саамалык. Кыргыз бийлиги үчүн да, дипломатиясы үчүн да жеңиш. Эгер татыктуу төрагалык кылып, аймактык жана улуттук кызыкчылыктарды мүмкүн болушунча сүрөп калууга чамасы жетсе ал андан да чоң жеңиш.

Сыймык Эдилбек уулу. Эл аралык мамилелер боюнча адис

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт