Трамптын "Америка үнүн", "Эркин Европа/Азаттыкты" жабуу чечими. Сын жана талкуу

Сүрөттүн булагы, Bloomberg
Американын президенти Дональд Трамп федералдык жети агенттиктин кызматкерлеринин санын олуттуу кыскартуу тапшырмасын берди. Ал муну "мамлекеттик бюрократияга" каршы баштаган ишинин алкагында жүргүзүп жатат.
Ак үйдүн интернет сайтында жарлык менен кошо аталган уюмдардын тизмеси жарыяланды. Сөз болуп жаткан агенттиктер эрежеге ылайык, "өздөрүнүн уставдык милдеттерин жана кызматкерлерин минималдык көрсөткүчкө чейин кыскартуулары керек".
Алардын арасында АКШнын глобалдык медиа (USAGM) боюнча агенттиги дагы бар. USAGM 49 тилде маалымат жайылткан америкалык беш ири медиакорпорациянын ишин жөнгө салат. Алардын арасында "Эркин Европа Радиосу/Азаттык радиосу" жана "Америка үнү" дагы бар.
Ошондой эле бул тизмеге китепканаларды жана музейлерди башкаруу кызматы, азчылыктардын ишкердигин өнүктүрүү агенттиги, АКШнын турак-жай тартыштыгына каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык кеңеши дагы кирди.
Трамптын жарлыгында документ жарыялангандан тарта жети күндүн ичинде, тагыраак айтканда 21-мартка чейин аталган жети агенттиктин жетекчилери кыскартуу жана бюджетти карап чыгуу боюнча талаптын аткарылганы тууралуу отчетту Башкаруу менеджменти жана бюджет боюнча отчеттуулук бөлүмүнүн директоруна алып келиши керек.
АКШ Конгресси жактырып, Трамптын жарлыгы чыккандан бир нече саат өткөн соң журналист Тара Палмери Х баракчасына USAGM жолдогон кат деп атайын пост жарыялады. Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосун каржылоо токтогону тууралуу билдирүү эле.
Бул билдирүүгө өзүн USAGM уюмунун башкы кеңешчиси катары көрсөткөн Кэри Лейк кол койгон жана анын "генералдык директордун ыйгарым укуктары тапшырылган аткаруучу директор" болуп иштеп жатканы жазылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лейк мурунку теле алып баруучу жана Республикачыл партиядан Аризона штатынын губернаторлугуна ат салышкан талапкер жана аны "Америка үнүн" жетектөөгө Трамп сунуштаган. Бирок анын талапкерлиги телерадио берүүлөр боюнча эл аралык консультативдик кеңеш тарабынан жактырылышы керек.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамптын жарлыгы чыгаардан бир күн мурун Лейк Аssociated Press, Reuters жана France Press баштаган "чоң үчтүк" менен келишим токтотула тургандыгы тууралуу билдирген. Анын мындай чечими USAGM корпорациясы менен кызматташкан журналисттерди, анын ичинде "Азаттык радиосу" жана "Америка үнүн" жаңылыктар тизмегинен, видеолордон жана жаңылыктар боюнча чоң агенттиктердин фотолорунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн чектеп койду.
Ал өзүнүн Х социалдык баракчасына USAGM сыяктуу сыйлуу жана мындай эски корпорациялар жаңылыктарды башкалардан сатып алып эмес, өздөрү даярдашы керектигин айтты.
Би-Би-Синин "Америка үнүндөгү" булагы бардык кызматкерлер ушул учурдан тарта акы төлөнө турган эмгек өргүүсүнө чыга тургандыгы боюнча электрондук каттарды алганын тастыктады.
Би-Би-Синин өнөктөшү болгон CBS каналында иштеген ишенимдүү булактын айтымында, USAGM уюму менен кызматташкандарга аткарган иштери үчүн гонорар берилбейт, ал үчүн тек гана каражат жок экендиги кабарланган.
"Америка үнүнүн" директору Майкл Абрамовиц "кабыл алынган чаралар аталган радиокомпаниянын күнүмдүк өтө маанилүү миссиясын аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коет" деп билдирди.
"Американын душмандары болгон Иран, Кытай жана Орусия кошмо штаттарын дискредитациялоо үчүн жалган маалыматтарды даярдоого миллиарддаган долларды жумшап жаткан учурда бул миссия өзгөчө керек",- деди Абрамовиц.
Абрамовиц Voice of America радиокомпаниясынын жалпы штаты 1300 журналисттен ашык экенин, продюсерлер жана көмөкчү персоналдар административдик өргүүгө жиберилгенин, алардын арасында өзү да бар экенин билдирди.
USAGM 49 тилде жаңылыктарды даярдап, аптасына 361 миллиондой аудиторияга маалымат таратууну жөнгө салат. Муну Би-Би-Синин дүйнөлүк кызматына салыштырууга болот. Анын бир бөлүгүн Улуу Британиянын өкмөтү каржылайт, бир бөлүгү Би-Би-Синин өз бюджетинен камсыздалат.
USAGM 2025-жылдын бюджетине 950 миллион доллар сураган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Трамптын администрациясы буга эмне деп жооп берет?
Журналисттерди коргоо боюнча комитет АКШ Конгрессинин жетекчилигин USAGM уюмун Дональд Трамптын жарлыгынан коргой турган чараларды кабыл алууга чакырды.
"Бүт дүйнө жүзү боюнча авторитардык режимдердин араанына каршы туруп жаткан чакта Ак үйдүн аталган агенттикти каржылоону кыскартуу аракетин Конгресс колдоп бергени нааразылыкты жаратат",- деп билдирди CPJ программасынын директору Карлос Мартинес де ла Серна.
"Эркин Европа/Азаттык радиосу" боюнча гранттык макулдашуунун четке кагылышы Американын душмандарына чоң белек. Жетимиш беш жыл бою иштеп келген RFE/RL жабылды дегенди укканда Ирандын аятоллалары, Кытайдын коммунисттик лидерлери, ошондой эле Москва менен Минскидеги автократтар аны майрам катары белгилешет. Демек, биз душмандарды күчтүү кылып, аларды жеңишке жеткирип, Американы болсо алсыратууга шарт түзүп жатабыз",- деди RFE/RL директору Стивен Капус.
Дональд Трамп маалымат каражаттары дайыма ага каршы иштей турганын такай айтып келе жатат. Узаган аптада Юстиция министрлигинде сүйлөп жатып, CNN жана MSNBC телеканалдарын "коррупциялашкан жана мыйзамсыз" деп атап, бирок далил келтирген жок.
"Америка үнүн" каржылоону токтотуу боюнча чечим чыккандан кийин ЖМКдагы сындар күчөгөн соң Ак үй оңчул көз караштагы ЖМКларга шилтеме берип, радиостанциянын материалдары бир жактуу деген комментарий чыгарды.
Андай шилтемелердин бири "Америка үнүнүн" Ак үйдөгү мурдагы кабарчысы Дэн Робинсондун оңчул көз карашка ыктаган Washington Times гезитиндеги макаласына барып такалат. Анда "радио иш жүзүндө көп учурда солчулдарды чагылдырып, партизандык операциянын куру намысына айланып" калганы айтылган.
Ошондой эле мисал катары келтирилген макалалардын арасында "Америка үнүнүн" жетекчилиги өз кызматкерлерине кайрылып, ХАМАС уюмун "террористтик уюм" деп атабоону жана Иран тууралуу негативдүү маалыматтарды жарыялабоону талап кылганы жазылган.
Мындан сырткары Ак үй 2020-жылы өткөн президенттик шайлоо учурундагы бир катар макалалардын шилтемелерин келтирген. Алардын ар бири Дональд Трамптын атаандашы Жо Байденге артыкчылык берген деген доомат коюлду. Ал шайлоолордо Жо Байден жеңип чыккан, бирок Трамп аны таануудан баш тартып келе жатат.
"Америка үнү" 1942-жылы нацисттик жана япондук пропагандага каршы күрөшүү мандаты менен өз берүүлөрүн баштаган. Анын эң алгачкы радио жабдуулары Би-Би-Си тарабынан берилген.
1976-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Жеральд Форд "Америка үнүнүн" редакциялык көз карандысыздыгын сактоо максатында коомдук хартияга кол койгон.
1994-жылы АКШ өкмөтүнүн аскердик багыттан башка бардык ишмердигин жөнгө сала турган радиоберүүлөр боюнча атайын кеңеши түзүлгөн.
2013-жылы мыйзамга киргизилген өзгөртүү "Америка үнүн" жана анын туунду түзүмдөрүн АКШнын аймагында иштөөсүнө жол ачкан.












