Түркиядагы шайлоо: Эрдоган же Кылычдароглу. Эл кимисин тандайт?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркияда жекшемби күнү боло турган президенттик шайлоо жана парламенттик шайлоо үчүн чет өлкөлөрдө добуш берүү аяктады.
Акыркы маалыматтарга караганда, чет өлкөдө шайлоочулардын активдүүлүгү 2011-жылдан берки шайлоолорго салыштырмалуу эң жогорку деңгээлге жетти.
Жогорку шайлоо комиссиясы 9-майдын кечинде чет элдик өкүлчүлүктөр менен бажы пункттарында добуш берген шайлоочулардын жалпы саны 1 миллион 817 миңден ашканын билдирди.
Муну менен шайлоочулардын катышуусу 53 пайыздан ашты. Жогорку шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бул 2011-жылдагы шайлоодон берки эң жогорку көрсөткүч. 2011 жана 2015-жылдардагы жалпы шайлоолордо добуш бергендер 40 пайыздын тегерегинде болсо, 2018-жылы 50,09 пайызга көтөрүлгөн.
Түркиядагы бул жолку шайлоо ал өлкө жер титирөөнүн запкысын тартып, инфляция күчөп, Украинада согуш уланып жаткан мезгилге туш келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркиянын өзүндө маанай кандай?
Би-Би-Си Түркияда жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен байланышып, шайлоого даярдык, коомдук маанай тууралуу пикирлерди сурамжылады. Аталган өлкөдө 40 жылдан ашуун жашаган Абдулметин Кескин төмөндөгүлөрдү айтып берди:
“Түркияда жашоо өз нугунда өтүүдө. Учурда эки чоң өнөктүк жүрүп жатат. Биринчиси, болуп өткөн жер титирөөдөн кыйраган шаарларды калыбына келтирүү. Экинчиси, шайлоого даярдык көрүү. Элдин шайлоого болгон маанайы дурус. Көпчүлүк активдүү добуш берүүгө камданып жатат”.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Деген менен айрым басылмалар Түркиянын жаратылыш кырсыгына учураган аймактарында элдин сабыры суз экенин жүйө келтирип, алар азыркы бийликтин саясатына нааразы болуп жатканын байма-бай жазып жатышат.
Адистердин айтымында, болуп өткөн кырсык Түркия бийлигинин алсыз жактарын ачыкка чыгарып койду. Президент Эрдогандын узак башкаруусундагы структуралык каталар көрүнүп калды дегендер бар.
Эрдогандын бийликтеги доору аяктап бара жатканын кыйытып, "эгер ал бийликтен кетсе, эркин жана демократиялуу Түркияны орнотууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, түрмөлөр бошоп, Батыш менен мамиле жакшырат" дегендер дагы жок эмес.
Бирок кырсыкка кабылгандар арасында президентти колдогондор дагы арбын. Алар мунун баары маңдайга жазылган тагдыр катары кабылдашат.
Айпери Сейитбек көп жылдан бери Түркия мамлекетинде иштеп жүргөн эркин журналист. Түркияда саясий идеология өтө күчтүү экенин байкадым дейт. Анын айтымында, тигил же бул партиянын кызыкчылыгын жактаган адамдардын оюн бир жолу катталган окуя менен гана буруп коюу мүмкүн эмес.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Эл Эрдогандын эмнесин баалайт?
Көптөгөн диний коомчулук Эрдоганды жактайт. Мунун тарыхы Режеп Тайип Эрдогондын жаңы бийликке келген учуруна келип такалат. Өлкөдө диний жактан көп басмырлоолор орун алып, экономикасы солгундап турган маалда Эрдоган жана анын партиясы бийликке келген.
Анын ошол кезде жүргүзгөн саясаты түрк элинин колдоосуна татып, кадыр-баркка ээ болгон.
Президент катары диний жактан эркиндикти жайылтып, солгундап кеткен өлкө экономикасын кыйла жогорулаткан.
Түркиянын ички-тышкы карызы азайып, инфраструктурасы, элдин жашоо шарты кыйла жакшырган. Өлкөнүн дүйнө мамлекеттеринин катарында кадыры, салмагы жогорулаган.
“Ушул кадамдары үчүн аны эл жакшы көрүп калган. Ошол жакшы көрүү анын шайлоочуларынын арасында дале уланып келе жатат.Учурда Түркиянын ири шаарларында үгүт иштери жүрүп жатат. Мына ошол жакта чогулгандарды көрүп туруп, Эрдогандын аброю канчалык деңгээлде жогору экенин байкоого болот. Андыктан анын партиясы жеңип чыкса бул күтүлгөн эле нерсе болот”,- деди Айпери Сейитбек.
Бирок адистердин айтымында, өлкөнүн соңку жылдардагы абалы мактанаарлык эмес. Жер титирөөдөн кийин ого бетер күч алган экономикалык инфляция жергиликтүүлөрдүн турмушун кыйла оорлотту. Азык- түлүккө, курулуш материалдарга, жалпы эле керектөөчү товарларга болгон баарлар кескин көтөрүлдү.
“Түркияда элдин калың катмары ижара алган үйлөрдө жашайт. Алардын баасы дагы асман чапчыды. 20 миң лирадан жогору айлык алгандар күнүмдүк жашоосун тыңыраак өткөрүшү мүмкүн. Андан аз киреше тапкандар жакырчылыктын чегине жетип калышты. Мындан улам, бийлик өз электоратын бир аз жоготуп алды. Бирок бул Эрдоган шайлоодон жеңилет дегендикке жатпайт. Анын колунда бийлик жана административдик ресурс бар”,- дейт Айпери Сейитбек.
Ат салышуудагы көрүнүктүү атаандаш - Кемал Кылычдароглу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кемал Кылычдароглу башында турган Республикалык элдик партия буга чейинки шайлоолордо деле Режеп Тайип Эрдогандын жана анын Ак партиясынын негизги атаандашы болуп келген.
Бирок шайлоолордо ар дайым Эрдогандын партиясы алдыга чыгып келгени белгилүү. Бул жолку президенттик жана парламенттик шайлоодо Кылычдароглуга дагы үмүт арткандар арбыды.
Айрыкча анын колдоочулары Түркиянын Измир шаарында басымдуулук кылат. Стамбул, Анкара, Анталья жана Аланья сыяктуу ири шаарларда дагы ал берген убадаларга ишенгендер арбын.
Кемал Кылычдароглу шайлоочуларына жаңы жана светтик келечекти убада кылууда. Ал бийликке келе турган болсо президенттин ыйгарым укуктарын азайткан жаңы саясат курам деп жатат. Батыш менен мамилени чыңдоо анын негизги пландарынын бири.
“Партия ооз эки көп нерсени убада кылат. Бирок ушуга чейин эл алардын ишке ашырган ири долбоорлорун деле көрө элек”,- деди Айпери Сейитбек.
Түркияны тазалоо...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Серепчилер азыркы бийлик мигранттар жана качкындар үчүн лоялдуу экенин айтат. Ал эми шайлоодо ат салышып жаткан Кылычдароглу жана анын партиясынын программасында Түркияны тазалоо маселеси негизгилерден болуп турат.
Бул биринчиден саясий тазалоо болсо, экинчиден өлкөгө мыйзамсыз кирген мигранттардан жана качкындардан арылуу.
“Кандай гана киши бийликке келбесин, ал сөзсүз өзүнүн программасын киргизип, өз кадрларын алып келет. Бирок кадрларды алмаштыруу дайыма эле ийгиликтүү боло бербейт. Мына ушул өңүттөн алып караганда ал айтып жаткан жаңылоо ыкмасы оор жагдайларды жаратышы мүмкүн”,- деди Би-Би-Сиге Стамбулда 30 жылдан бери жашаган кыргызстандык Туйгун Эргешов.
Ошондой эле ал жаңылануунун эпкини качкындардан тышкары өлкөдө жашап иштеп жаткан мигранттарга дагы тийиши ыктымал экенин кыйытты.
“Мындай абал бизди дагы чочутпай койбойт”,- деди ал.
Учурда Түркияда негизги атаандаштар саналган Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу менен Ак партия лидери Режеп Тайип Эрдогандын ортосундагы саясий күрөш катуу жүрүп жаткан учур. Эгерде талапкерлердин бири дагы жалпы шайлоочулардын 50 пайыз добушун ала албаса, шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтөт. Бирок көз салып турган көпчүлүк саясатчылар шайлоо биринчи тур менен жыйынтыкталарын жана анын жеңүүчүсү Режеп Тайип Эрдоган болорун жоромолдоп жатышат.












