Ит кишидей, киши иттей болгон учурлар... Түркиядагы куткаруу иштери
Абдыбек Казиев,
Би-Би-Си, Бишкек.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Түркия жер титирөөнүн кайгысына малынып, кайраттанып, каруусун кайра жыйнап жаткан чак. Жардам колун сунуп көп өлкөдөн куткаруучулар, атайын үйрөтүлгөн иттер, техника агылып барды. “Эми аман табуу мүмкүн эмес” деген учурда дагы жүз сааттан ашык урандынын алдында калып, аман чыккандар болуп жатат. Ар биринин окуясы жүрөк эзет. Дал ошол куткаруу ишинде адамдын эң ишенимдүү досу делген ит чоң керекке жарап жатат.
Жаңы технологиянын мүмкүнчүлүгү жетпей калган жерлерге иттин мурдунун күчү жетип жатканын адистер айтып берди. Ушул көрүнүштүн өзү бир чети таң калдырып, ыраазы кылып, бир чети көп ой санаага салып койду.
Би-Би-Си Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте куткаруучулардын эң жакын досу, кулагы, мурду, керек болсо көзү болгон иттер тууралуу атайын берүү даярдады. Бул идея менен алпурушуп, иттердин көзүн карап турган чагыбызда мектептеги даңазалуу күчүктүн окуясы өзүнөн-өзү чыга келди. Ошентип ит менен күчүк аралашып эле жатып калды. Куткаруучулардын, иттердин ийгилиги, айрым бир мугалимдердин көз карашы баары аралашты да калды. Эми бул саам биз куткаруучу иттерге кенен токтололу.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Алаамат салган жер титирөөдөн кийин кыргызстандык куткаруучулардын алгачкы тобу Түркияга жөнөп калды. Иттер кошо барат экен деген кабар чыкты. Ошондо “салпылдатып иттерди ал жакка алып барбай эле койсо эмне болот” деген сындар да айтылды. Көп өтпөй кыргызстандык куткаруучулар иттерин жетелеп, Түркиянын аба майданын аралап өттү. Так ошол учурда алдын ала сценарий түзүп койгонсуп, түркиялык белгилүү аткаруучу Селжан Асялы так ошол куткаруучуларыбыздын алдынан чыгып, жалынып жиберсе болобу.

Сүрөттүн булагы, Selcan Asyalı
“Жандарыбыз, боорлорубуз келди” деп эле тим болбой иттерге чейин кучактап, сөөгү агарганча ыраазы болду. Дал ошол жерде аты аталган иттин бири Грей. Эми Грейдин грейдердей казганын, далай кишинин тапканнын кенен баяндайбыз.
Баса видеосу дагы жарыяланат. Дал ушул чоң сыноодон өтүп, баш аягын жыйган соң Түркияда куткаруучу иттерге атайын эстелик тургузулса керек деп болжоп койдум. Ит дос эле эмес, куткаруучу экенин иш жүзүндө далилдеди. Ит менен адамдын достугун даңазалаган эстелик эбак Жапонияга коюлган. Ал Хатико.
Ит куткаруучу экенин даңазалаган эстелик да бар. Ал далай адамды ылаңдын кыргынынан сактап калган ит Балтонун эстелиги. Болгондо да Нью-Йорктогу сейил бакка коюлган. Кыргызда болсо бир айылды баккан тайгандар, көк жалга көз ирмебей барып кол салып, ооз омурткасын омуруп салган дөбөттөр, нечен бир алгыр тайган, мыкты иттер тууралуу санжыралар бар. Ал тургай жакшы ит өлсө оозуна сары май салып көмгөн деген кептер да айтылып келет.

Сүрөттүн булагы, Affirm Films
Таманы канаганча иштеген иттер...

Сүрөттүн булагы, Trthaber
Эми Түркиядагы таманы тешилгенче иштеп, эң кооптуу жерлерге кирип барып таап чыккан иттердин сүрөтү чыгып жатат. Так ошол эле учурда айрым кишилер талап-тоноо менен алек деген дагы бирин-экин кабарлар чыкты. Ал тургай аларды имам тартипке чакырып, дагы бирлери жазасын беребиз деп жарым-жартылай жылаңачтап мамыга таңып салган сүрөттөр жарыяланды. Айрымдар мындай ишке баргандар Түркияга баш калкалап келген бозгундардын арасынан да чыкты деген пикирде. Анын чын бышыгын тиешелүү органдар аныктап, чын болсо жазасын берээр.
Дал ошондон улам ит куткарып жүрөт, кээ бир кишилер тоноп жүрөт. Ушунун өзү эмнени түшүндүрөт деген собол чыкты. Арга жок куудул Кумөндөр Абыловдун бир сатирасы эске түштү. Анда короочу ит тууралуу кеп болуп калат. Аксакалга жолугуп калган кабарчы аңгемелешип турса ит коюн кайрып турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Итиңиз аябай акылдуу го?
- Тим эле кишидей да...
- Кишидейби?
- Ооба, бул кичине эле болгондо киши болуп кетмек, кээ бир кишилер жүрбөйбү кичине эле болгондо ит болуп кетмек деп жооп берет. Сөзмө сөз болбосо дагы мазмуну так ушундай...
Эми Түркияда ити менен көп керекке жарап жаткан куткаруучулардын кебине кезек берели. Анан сөзүбүздү улайбыз.
Аба майдандан эле аты таанылган Грей...
"Итимдин аты Грей, 8 жашар. Бир жылдан бери үйрөтүп келем. Кишилерди издейбиз. "Нулевой" (каза болгон) адамдарды издеп, урандылардын арасынан таап жатабыз. Бул бир кишини тирүү тапты. Калгандардын баары, тилекке каршы, өтүп кеткен адамдар болду.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Боорум да ооруду, сыймыктанып да турдум…
Мен үчүн бул жакта ит менен чогуу иштеп жатканда эң эле боор ооруткан учур дагы болду. Түркияда издөө куткаруу иштерин жүргүзүп жатканбыз. Бир үй-бүлөнүн каза болгон туугандарын таап чыгып бердик. Ошондо түркиялык эки киши ыраазычылыгын билдирип, ыйлап, суу берип, Грейди кучактап, өпкүлөп жатышты... Аны көргөндө, бир чети бооруң ооруйт. Бир чети итим өз кызматын аябай жакшы аткарып жатканын баары көрүп ыраазу болушту. Өтө жакшы иш кылып жатат, буйруса. Биз Кыргызстандан жаңы учуп жатканыбызда "Кыргызстандан ит менен баратышат, эмне жардам бермек эле?" дегендер болду. Анан унчукпай келип, жыйынтык көрсөттүк. Иттердин жумушун көрсөтүп, ишенимди актап кетели деген аракеттебиз.
Керекке жараган Грей…

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Өзүбүз үйрөткөн нерселерди актады. Рентген, тепловизор сыяктуу жаңы технологиялар издеп, өтүп кетип жаткан жерден иттер тирүү адамдарды таап жатты. Издеп жатышты. Бул иттин мурду негизи жытты аябай жакшы сезет. Үйрөткөнгө жараша. Грей жытка аябай сезимтал. Жыттап-жыттап туруп, эгерде бир жытты катуу сезип кетсе дароо мурдун жаап, качат. Анан ал качканда мен дароо түшүнөм. Демек бул жерде бирдеме бар дейм. Анан ошол жерде иш жүргүзө баштайбыз. Кээде өзү казып баштайт. Эшикке чыгарып, коё берип коём - өзү эки жака чуркап ойнойт. Жумуш жакка барып, иштеп, кечинде тамагын ичет. Кайра ойнойт бир сыйра. Чогуу ойнобуз, чуркап. Ошону менен жылуу жащиктерге, клеткаларга жатып эс алат. Тамагын ичет. Эртеси күнү кайра жумушка чыгабыз.
Канча болсо да сатылбай турган ит…
Бул ит өзүмдүкү болсо мен кандай баага болсо да эч качан сатмак эмесмин. Өтө жакшы ит. Буйруктарды билет. Издейт. Анан негизи бир адамга көнүп алса, кийинчерээк башка кишиге көнүп кетиши кыйынырак. Бул иттин өтө таң калдырганы урандыларга киргенде мен ойлогом: буга "изде" деп команда берип, чыгарамбы деп. Жок, урандыларга киргенде өзү алдыга чуркап, издеп, белгилерди берип жүрдү. Артынан чуркап мен жетишпей калып жатам чуркаганга”, - деди кинолог Адилет Жеңишбеков.
"Үч итибиз алынып келди. Аябай жакшы натыйжа берди. Ураган үйлөрдүн алыстыгынан же болбосо уранды катмардын тереңдигинен рентгендер аныктап бере албаган жерлерди биздин иттер аныктай алган учурлар болду. Ошолордун эсебинен көптөгөн жансыз денелерди таап алганга же болбосо тирүү жарандарды чыгарып алганга иттер ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди", - деди полковник Бакытбек Алыкеев.
Итке да көңүл керек…

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Негизи иттерге, жаныбарларга жакынмын. Үйдө деле ит багып, жакшы көрөм. Өзүмүн кесибим менен итти үйрөтүп, куткаруучу болуп келгем. 2021-жылдан баштап ушул кызматка иттер алынып келген. Ошондон бери кызмат өтөйбүз. Иттин жардамы көп. Канчаны тапканыбызды азыр так билбейм. Бирок итим куткарууга жакшы эле жардам берди. Ар бир өлкөдөн келип, приборлор менен текшерип кеткенден кийин кызматтык итим менен алардан кийин бир сыйра текшергенде жарандарды таап калып жатат. Белгилегенден кийин куткаруучулар издеп, куткарып чыгууда. Азыркы учурда Түркияда жүрөбүз, Кахраманмараш шаарында. Итке көңүл буруш керек. Биз ойнойбуз. Тамак-ашына көңүл буруп, суу берип - кандай көңүл бурсаңыз сага ит да ошондой жардам берет. Жаныңда жүрөт”, - деди кинолог Чыңгыз Жумабеков.
Адистер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кинологияга жаңыча мамиле кылып, жаңы күчүктөрдү алып келип жатканын кошумчалады. Кыргызстандык куткаруучулар 5 кишини тирүү таап, кеминде 150 маркумдун сөөгүн алып чыкты. Кахраманмараш шаары эң эле көп кыйраган шаар болду.












