Шектүү мүрзөдөн кармалды. Би-Би-Си кызматкеринин аялы менен эки кызынын өлүмү

Жон Хант жана анын киши колдуу болгон үй-бүлө мүчөлөрү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жон Хант жана анын киши колдуу болгон үй-бүлө мүчөлөрү

Лондон шаарында Би-Би-Синин комментатору Жон Ханттын аялын жана эки кызын арбалет менен атып өлтүрүп кетишти.

Кол салууга шектелген киши окуя болгон жерден из жашырып кеткенге үлгүргөн, бирок бир нече сааттан кийин кармалды.

Полициянын маалыматына караганда, шейшемби күнү кечинде 61 жаштагы Кэрол Хант жана анын кыздары – 28 жаштагы Ханна менен 25 жаштагы Луиза оор абалда өз үйүндө табылган. Полиция менен тез жардам кызматкерлеринин аларды аман алып калуу аракетинен майнап чыккан эмес. Үч жарадар тең окуя болгон жерде жан берген.

Адам өлтүрүү тууралуу маалымат түшкөндөн көп өтпөй полиция 26 жаштагы Кайл Клиффордду издөөгө киришкен.

Кылмышка шектелип жаткан 26 жаштагы Кайл Клиффорд

Сүрөттүн булагы, HERTFORDSHIRE POLICE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кылмышка шектелип жаткан 26 жаштагы Кайл Клиффорд

Укук коргоо органдары кол салуу учурунда кылмышкер арбалетти эле эмес, башка куралдарды да колдон болушу мүмкүн деп жатат.

Полиция ири операция жүргүзүп, кылмышка шектелип жаткан Клиффордду байланышка чыгууга үндөдү. Бир күн кечке жүргүзүлгөн издөө иштеринен кийин шектүү Лондондогу көрүстөндүн биринен колго түшкөн.

Анын жаракаттары бар экени айтылууда, бирок кармоо учурунда полиция шектүүгө карата курал колдонгон эмес. Полиция кылмышка эмне себеп болгонун азырынча ачыктай элек. Бирок шектүү киши колдуу болгон үч аялды тааныганы айтылууда.

Би-Би-Си билдиргендей, Клиффорд Британ армиясында кыска убакыт кызмат өтөгөн, бирок 2022-жылы кызматын тапшырган.

Жон менен Кэрол Хант, 2015-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жон менен Кэрол Хант, 2015-жыл
Апасы жана эжеси менен кошо өлтүрүлгөн 25 жаштагы Луиза Хант
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Апасы жана эжеси менен кошо өлтүрүлгөн 25 жаштагы Луиза Хант
28 жаштагы Ханна Хант
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 28 жаштагы Ханна Хант

Жон Хант Би-Би-Си Five Live радиосунда спорттук оюндарга түз ободо комментаторлук кылчу. (SA)