"Атам бизди өлтүргүсү келди". Австралияны нес кылган трагедия

Ханна Ричи, BBC News, Сидней

Австралия

Бул каргашалуу түндүн элеси кайра-кайра келе берет: быркыраган айнектин үнү, жардам сурап полицияга телефон чалуу, алоолонгон өрттүн чеңгелинен калтырап чыгып келаткан кичине балдар.

Мунун баарын эстегенде Ивдин колу калтырап баштайт. Ал Батыш Сиднейдеги өзүнүн төркү үйүндө отурат, жалюзиден анын коңшусунун күйүп карарып калган үйү көрүнөт – бул азыр бүт Австралия сөз кылып жаткан кылмыштын болгон жери.

Ушул тынч көчөдө жекшембиде эртең менен болгон окуя акылга сыйбайт.

Өрт үч баланын өмүрүн жалмады, анын ичинде бирөө беш айлык кыз, дагы төртөө энеси менен ооруканага түштү.

Бул каргаша кадыресе кырсык эмес, аны балдардын атасы кылып, андан кийин качууга аракет кылганын угуу өзөктү өрттөйт.

Жаңы Түштүк Уэльстин полициясы Лалор-парктагы өрттү үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан массалык киши өлтүрүү катары карап жатканда, штаттын премьер-министри жети баланын 28 жаштагы атасына «эң олуттууу күнөөлөр коюлушу мүмкүн» экендигин билдирүүдө.

Бүтүндөй элдин кыжырын кайнаткан окуя Австралияда үйдөгү чыр-чатактар жана үй-бүлөлүк зомбулук «улуттук кризиске» жетип, бүт өлкөнү чырмаган учурда болуп жатат. Изилдөөлөргө караганда, ар бир эки аптада бирден бала ата-энесинин колунан ажал табууда.

Премьер-министр Энтони Альбанезе бул азаптуу көйгөйдү токтотуу үчүн бир катар реформаларды жана каржылоону сунуш кылууда.

Шейшембиде ал элдин жүрөгүн эңшерген окуяга жооп катары кырдаалды оңдош үчүн «узак жол басыш керек» деди: «Биз кайтадан адам өмүрүн уурдоого жана келечекти талкалоого күбө болдук".

«Оор жарат»

Коопсуздук көз карашынан улам өзүнүн чыныгы аты-жөнүн жашырып коюуну суранган Ева болгон окуяга азыр деле ишенгиси келбейт.

«Бизге уят, ичкериде бала бар экенин биз билген эмеспиз»,-деди ал Би-Би-Сиге өрттүн кандай башталганын айтып жатып.

Ал эмнегедир өрт башталганын убагында көрбөй, экстрендик кызматтарды ыкчам чакырбагандыгы үчүн балдардын өлүмүнө өзүн күнөөлүү сезип жатат. Ошентсе да ал колунан келгенин баарын аткарды.

Ал эми башка коңшусу Жаррод Хокинс өрттү биринчи көрүп калып жардамга келген. Хокинс түнкү саат бирге аз калганда дүң эткен дабыштан ойгонот. Автоунаасына бирөө тийип жатабы деп чочуп, көчөгө чыгып дароо эле өрттү көрөт. Анын айтымында, ошол замат жолдон өтүп барып, өрттөнүп жаткан үйдүн эшигин талкалап ачууга аракет кылат.

Батыш Сиднейдеги өрттөн кийин карарып калган үй

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Батыш Сиднейдеги өрттөн кийин карарып калган үй
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Андан кийинки мүнөттөрдө мистер Хокинс үйгө жол таап кирип, үч баланы – төрт жана жети жаштагы эки эркек бала менен тогуз жаштагы кызды алып чыгат.

Акыры куткаруучулар үй ичинде калган 11 жаштагы баланы, эки жана алты жаштагы эки эркек баланы да өрттөн алып чыгышты, бирок алардын абалы оорлоп кеткендиктен, ооруканадан каза болушту.

Хокинс мырза Ева менен анын үй-бүлөсүн ойготуп, бийликтерге кабар кылышкан.

Анын күйөөсү Ив бат эле коңшунун короосуна келип, өрт өчүргүч менен тилсиз жоону өчүрүүгө киришти. Ева болсо окуя болгон жерден кээ бир балдарды алып чыгып, жылытып, сооротуунун аракетин көрүп жатты.

Бир убакта балдардын биринин акырын айткан: «Ал мени өлтүрүүгө аракет кылды» деген сөзү кулагына шак этти.

Мындай сөздү аман калган балдардын оозунан укканын куткаруучулардын бири жергиликтүү гезитке айткан сөзүндө белгилеген экен.

Төрт жаштагы баланын айткан сөзү Еванын эсинде кыт куйгандай орноп калды.

Куткаруучулар кырдаалды көзөмөлгө алып баштаганда гана Ева ал жерден кетти.

Жекшембиде ЖМКга сүйлөп жатып, детектив-суперинтендант Дэнни Доэрти балдардын атасы «балдарын ичкериде кармап кое бербей, полицияга, куткаруучуларга жана коңшуларга тоскоол болгонун» билдирди.

«Азыркы этапта 28 жаштагы адам балдардын трагедиялуу өлүмүнө жоопкерчилик тарта турган болуп жатат», — деди детектив-суппорт Доэрти.

Премьер-министр Крис Миннс трагедияны көп элдин жүрөгүн эңшерген «оор жарат» деп атады.

«Бул балдар өзүнүн үйүндө мээримге бөлөнүп, коопсуздукта, камкордукта өсүшү керек эле. Бирок эми алардын өздөрү жок”,-деп, каргашалуу өрттөн аман калгандарга бардык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Полиция Лалор паркындагы өрттү үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан массалык киши өлтүрүү катары иликтеп жатат.

Кайгыруу

«Бул зомбулукту жер менен жексен кылуу керек»

Полиция иликтеп жатат

Австралиянын бул кылмыш боюнча эле аралык пландагы орду кандай экенин айтуу кыйын, бирок өзүнүн ичинде атасы балдарын өз колу менен өлтүргөн кылмыш - турмуштук киши өлтүрүүнүн жайылган формасы боюнча экинчи орунду ээлейт.

Үй-бүлөлөрдө жубайлар бири-бирине, балдарына кол көтөргөн учурлар көп болуп жатканы жакында эле аялдар коопсуздугу боюнча изилдөө уюмунун жарыялаган изилдөөсүндө айтылат.

Штаттардын өкмөтү жана федералдык өкмөт бул көйгөйдүн алдын алуу иштерине чоң көңүл бура баштады. Үй-бүлөлүк зомбулуктун социалдык факторлорун изилдеп, эрте кийлигишүү, кризистерге убагында реакция берген кызматтарын күчөтүү, үй-бүлөлөргө жакындан жардам берүү сыяктуу ишьтер көңүл чордонунда.

Бул максаттарга жетүүгө Австралия 1 млрд австралиялык доллар бөлүүдө (бул 673 млн доллар болот).

"Менин өкмөтүм бул зомбулукту жер менен жексен кылууну көздөйт. Биз баарыбыз бириксек аны өзгөртө алабыз. Биз муну кылбасак болбойт",-деди Альбанезе.

Бирок сынчылар кризистин масштабына жооп бербейт деп сынга алышууда.

Лалор-парктагы трагедияны баштан өткөргөн төрт бала менен алардын энеси эстерине келип жаткан чакта, алардын кылмышка шектүү атасы полициянын кайтаруусу астында комада жатат.

Шейшембиде полиция көчөнү тосуп, 29 жаштагы аялга бир нече мүнөт күйүктөн таанылбай калган үйүнө барып ыйлап, ызасын чыгарып алганга мүмкүнчүлүк берди.

Кара кийинип, колуна оорукананын белгисин байланган аял открытка менен гүлдөрдү чогултуп, аларды бооруна кысып отурду. (МА)