"Бизде камактагылар өтө көп". Стармер абактагылардын санын кыскартууну көздөйт

Пол Седдон, cаясат боюнча кабарчы • Сэм Фрэнсис, cаясат боюнча кабарчы

Стармер

Улуу Британиянын жаңы премьер-министри сэр Кир Стармер түрмөгө түшкөндөрдүн санын кылмыштуулукту кыскартуу аркылуу азайтууга аракет көрөрүн билдирди.

Премьер-министр катары өзүнүн биринчи пресс-конференциясында сэр Кир өтө көп адамдар эркиндикке чыккандан кийин түрмөгө "салыштырмалуу тез" кайтып келип жатканын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, жаштардын бычак колдонуп жасаган кылмыштарын алдын алуу анын жаңы өкмөтү үчүн биринчи кезектеги маселе болуп саналат.

Бирок ал түрмөлөрдүн толуп кетишин бир заматта чечүүгө болбой турганын айтты жана: "Бизде камактагылар өтө көп, түрмөлөр болсо жетишсиз" деп кошумчалады.

Бул ал бизнесменди түрмөлөр башчысы кылып дайындагандан кийин болду, жаңы жетекчи камактагылардын үчтөн бир бөлүгү гана ал жерде болушу керек деп айткан.

Жазасын өтөп чыккандарды жумушка жалдоо саясатын жүргүзгөн бут кийим оңдоо тармагынын жетекчиси Джеймс Тимпсон ушул жылдын башында 4-каналга берген маегинде "биз жазага ашыкча маани берип жатабыз" деп айткан.

Бейшембиде жалпы шайлоодо жеңип чыккан лейбористтер, 2010-жылдан бери биринчи жолу бийликке кайра келгенден кийин, өкүмдү кайра карап чыгууга убада берди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал ошондой эле Улуу Британиянын түрмөлөрүндөгү татаал кризисти мурастап алды жана мурдагы консервативдик өкмөттүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу схемасын учурдагы толуп кетүү деңгээлин жеңилдетүү үчүн сактап калууга милдеттенди.

Өткөн аптада Англиядагы жана Уэльстеги түрмө башчыларынын 95% түзгөн Түрмө башчылары ассоциациясы түрмөлөрдө бош орундар бир нече күндүн ичинде калбай калышы мүмкүн деп эскертти.

Тори өкмөтүнүн мурдагы юстиция катчысы Алекс Чалк 2023-жылдын октябрында камактагыларды эрте бошотуу планын жарыялаган болчу.

Жалпы шайлоодо либерал-демократтарга өз мандатын алдырган Чалк мырза ошол кездеги депутаттарга "түрмөдөгүлөр болуп көрбөгөндөй көбөйдү" жана Улуу Британия "түрмөнү жакшыраак колдонушу керек" деген эле.

Бирок, ал мындай деп кошумчалаган: "Британ коомчулугунун коопсуздугун сактоо үчүн эң коркунучтуу кылмышкерлерди камай турган түрмөлөр ар дайым жетиштүү болушу үчүн биз колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек."

Лейбористтик партиянын текшерүүсүнүн чоо-жайы азырынча ачыктала элек, бирок Тимпсон мырзанын дайындалышы бул чөйрөдө мамиленин өзгөрүшү мүмкүн деген алгачкы белгини берди.

Сэр Кейр аны Лорддор палатасынын мүчөсү кылып дайындады, бул ага Юстиция министрлигинин түрмөлөр башчысы кызматын ээлөөгө мүмкүндүк берди.

Бизнесмен февраль айында 4-каналдын подкастына түрмө камактагылардын үчтөн бир бөлүгү үчүн "күтүүсүз" болгонун, ал эми дагы үчтөн бири "ал жерде болбошу керек" деп айткан.

Анын айтымында, өтө көп адамдардын түрмөдө "өтө узакка" отурушу "далилдерге көңүл бурулбай жатканын көрсөтөт, анткени жазалоодон башканы билбеген системада мындан башкача болушу мүмкүн эмес".

"Биз өкүм чыгарууга, биз жазалоого көбүрөөк көз карандыбыз" деп кошумчалады ал.

Түрмө "эскалатору"

Даунинг-стриттеги пресс-конференцияда анын комментарийлери жөнүндө сурашканда, сэр Кир ушундай баа берүүлөргө макул экенин ачык билдирген жок.

Бирок ал: "Биз абактарды кандайча колдонууну так билишибиз керек" деп кошумчалады.

«Түрмөдөн чыккан көп адамдар бат эле кайра абакка түшөт. Бул биз үчүн чоң көйгөй, биз аны тезинен жоюшубуз керек»

Ал анын партиясы айрыкча бычак колдонулуп жасалган кылмыштарды кыскартууну кааларын айтты жана бул максатта «жаштар борборлорунун» тармагын түзүү планы бардыгын мисал катары келтирди.

Мурдагы юрист сэр Кир мындай деп кошумчалады: "Мен канча кылмыш сотунун артында отуруп, эскалатордо канчалаган адамдарды түрмөгө жөнөтүп жатышканын байкадым".

"Мен көп учурда алардын көбү эгерде кайсыл бир колдоо болсо, бул системадан эбак эле алынып салынышы мүмкүн деп ойлогом".

Миңдеген түрмө кайтаруучуларын камтыган Түрмө кайтаруучулар ассоциациясынын өкүлү Стив Сирби Би-Би-Сиге кырдаал "узак жылдардан бери бышып жетилди" деп айтты.

"Мен бул кризистен кантип чыгаарыбызды билбей жатам" деди Сирби мырза. «Кырдаал өзүнөн өзү жөнгө салынбайт, аны чечүү керек. Дароо чече да албайсың”.

"Сиз маселени чечүү жолун билген адамдарды бир столго топтошуңуз керек" - деп кошумчалады ал.

Түрмөдө киши көп

Англия менен Уэльстеги абактагылардын саны
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Англия менен Уэльстеги абактагылардын саны

Лейбористтер министрлерге жергиликтүү кеңештердин пландаштыруу боюнча чечимдерин жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү аркылуу 20 000 түрмө түзүүнү каалайт.

Бирок ал ошондой эле акыркы өкмөт ишке ашырган схеманы сактап калууну пландаштырууда, ага ылайык кээ бир оор эмес кылмышка айыпталган кылмышкерлер 70 күнгө чейин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

Сэр Кейр консерватор-министрлер түрмөлөрдү жетиштүү кура албагандыктан жана түрмөлөрдүн бюджетин туура эмес башкарып келгендиктен, «башаламандык» жаратканын айтты.

Мөөнөтүнөн мурда бошотуу схемасын сактап калуу чечимин жактап, ал: "Бизге керектүү түрмөлөр жок жана мен 24 сааттын ичинде түрмө кура албайм", -деп кошумчалады.

Жума күнү жарыяланган акыркы расмий маалыматтар боюнча, Англия менен Уэльстин түрмөлөрүндө камалгандардын саны 88,864 болсо, "ишке жөндөмдүүлөрү" 87,453 адамды түзөт.

Шотландиядагы түрмөлөр үчүн жооптуу болгон Шотландиянын улуттук партиясы башкарган Шотландиянын өкмөтү жакынкы айларда 500дөн 550гө чейин камактагыларды бошотууну пландаштырууда.

Жума күнү жарыяланган акыркы расмий маалыматтар боюнча, Англия менен Уэльсте абактагылардын саны 88,864 болсо, "ишке жарамдуусу" 87,453 адамды түзөт.

Шотландиянын улуттук партиясы башкарган Шотландиянын өкмөтү - Шотландиядагы түрмөлөр үчүн жооптуу, жакынкы айларда ал 500дөн 550гө чейин камактагыларды бошотууну пландаштырууда.

Бул сэр Кейр 14 жылдагы биринчи лейбористтик министрлер кабинетинин жыйынын чакырып, өзүнүн жогорку командасына алардан өздөрүн жана бөлүмдөрүн "ак ниеттүүлүктүн жана чынчылдыктын эң жогорку стандарттарын" карманышын күтөрүн айткан учурга туш келди.

Даунинг Стриттеги жолугушуунун протоколунда премьер-министр министрлерге "бүт өлкө өкмөттөн өздөрүнүн милдеттерин аткарууну күтүп жатканын" айтылган.

Бийликке келгенден кийинки өзүнүн биринчи пресс-конференциясында сэр Кейр премьер-министр катары журналисттер тарабынан сынга алынды.

Салыктардын көтөрүлүшү тууралуу суроого жооп берип жатып, сэр Кейр "катаал чечимдерди" кабыл алып, "чынчылдык менен маселерлерди чечерин айтты.

Лейбористтик жаңы өкмөт мамлекеттик каржы маселесинде катаал тандоого туш болууда, алдын-ала болжолдор чыгымдарды олуттуу кыскартууну сунуштайт.

Бирок бейшемби күнкү жалпы шайлоодо жеңишке жетишүү Лейбористтик партияга "Улуу Британиянын төрт бурчуна тең башкарууга айкын мандат" берди, - деди сэр Кейр жакынкы күндөрү Улуу Британиянын бардык төрт өлкөсүн кыдырууну ниеттенгенин ачыктап.

Ишембиде ошондой эле жалпы шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгып, либералдык демократтар Инвернесс, Скай жана Батыш Росс-шир шайлоо округдарында жеңишке жетти.

Жыйынтык алгач жума күнү британ убакыт стандарты боюнча саат 05:00дө күтүлгөн, бирок кайра саноо натыйжалары жыйынтыкты жарыялоо ишемби күнү түштөн кийинкиге калтырылганын билдирди.

Талапкер Ангус МакДональд Шотландия улуттук партиясынын өкүлү Дрю Хендриге караганда 2160 добуштун көбүнө ээ болду.

Бул либералдык демократтар Вестминстерде 72 орунга ээ болду дегенди билдирет. Алардын алтоо Шотландияда, башкача айтканда, либералдык демократтар Вестминстерде Шотландиянын консерваторлорунан ашып өтүп, Шотландиянын үчүнчү чоң партиясы болуп калды.

Бүтүндөй Улуу Британия боюнча лейбористтер 412, консерваторлор 121 мандатка ээ болушту.