Гарвард университети Трамптын администрациясын сотко берди

Гарвард

Сүрөттүн булагы, Reuters

Гарвард университети Дональд Трамптын администрациясына каршы доо арыз менен АКШнын Федералдык сотуна 21-апрелде кайрылды. Буга Трамптын командасынын университетти мамлекет тарабынан каржылоо ишинде эки миллиард доллардан ашык каражатын бөгөттөп жатканы негиз болду.

Өткөн аптада Гарвард университети Трамптын администрациясынын DEI ("ар түрдүүлүк", "теңдик", "инклюзивдүүлүк") саясатынын алкагындагы бардык программаларды токтотууну жана кампустарда бет кап кийип жүрүүгө тыюу салууну камтыган талаптарын аткаруудан баш тарткан.

Трамптын администрациясы окуу жайдын мындай чечимине жооп кылып, Гарвард университетин каржылоого мамлекет тарабынан бөлүнгөн 9 миллиард доллардын 2 миллиардынан куру калтырып жана университетке салык боюнча берилген жеңилдиктерди жоюп, мындан сырткары чет элдик студенттерди кабыл алуу укугуна дагы бөгөт коюу маселесин козгоп, коркуткан.

Дональд Трамп кызматка киришкенден тарта ар кандай тармактагы күрөшүн баштаган. Анын ичинде университеттердеги солчул идеология жана антисемитизмге каршы күрөшү дагы бар. Газадагы согуш башталгандан кийин университеттердин кампустарында өткөрүлгөн Израилге каршы акцияларды ал ошол идеологиялардын көрүнүшү катары эсептейт.

Дональд Трамптын администрациясы ушул сыяктуу эле талапты дагы бир нече университетке жолдогон. Алардын арасында Пристон университети, Колумбия окуу жайы дагы бар. Университеттердин арасынан биринчи болуп Гарвард Трамптын администрациясын сотко берди.

"Бул соттук иш өкмөттүн федералдык каржылоосун рычаг катары пайдаланып, ал аркылуу Гарварддын илим жаатында чечим кабыл алуусун көзөмөлдөөгө тиешелүү. Университет президент Трамптын администрациясынын иш-аракеттери мыйзамсыз деп эсептейт жана АКШ конституциясына киргизилген биринчи өзгөрүүнү бузат. Анда сөз эркиндиги тууралуу жазылган",- деп айтылат соттук доо арызда.

Университеттин президенти Алан Гарбер каржылоонун бир бөлүгүн бөгөттөө балдар рагын дарылоо, Альцгеймер илдетине каршы күрөшүү жана Паркинсон илдетин дарылоо сыяктуу изилдөө иштерин токтотот деп билдирди.

"Бийликтин өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетүүсүнүн кесепеттери абдан олуттуу жана узак мөөнөттүү болот" деп жазды Гарбер. Бул анын университетке жолдогон кайрылуусунда камтылган.

Гарвард

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ошол эле учурда Алан Гарбер университет касташууга каршы буга чейин да күрөшүп келгенин жана мындан ары дагы күрөшө турганына ишендирди. Ал Трамп айыптап жаткан дискриминацияга каршы туруп, ага тиешелүү мыйзамдарды толугу менен сактап келгендигин кошумчалады.

Трамптын администрациясы жана буга түздөн-түз тиешеси бар АКШ өкмөтүндөгү мекемелер университеттин соттук доо арызы боюнча азырынча комментарий бере элек.