Путин Азербайжанга эмне үчүн барды?

Путин Курскта согуш уланып жаткан учурда барды

Сүрөттүн булагы, president.az

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Курскта согуш уланып жаткан учурда барды

Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжанга барды. Расмий маалыматка караганда, анын визити 18-19-август күндөрү эки күнгө созулат. Путиндин Бакуга карай бул сапары украин армиясы орусияынын Курск областын көздөй чабуул коюп, кармаш уланып жаткан учурга туш келди.

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Азербайжан менен Орусия ортосундагы стартегиялык мамилелер жана өнөктөштүктүн өнүгүүсү тууралуу суроолор талкууланат. Ошондой эле Путин Азербайжан президенти менен Азербайжан жана Армения ортосундагы тынчтык жараяны тууралуу да сүйлөшөт деп күтүлүүдө.

Путин ымаланы бекемдеп, жаңы өнөктөштөрдү табууну көздөйт

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин ымаланы бекемдеп, жаңы өнөктөштөрдү табууну көздөйт

Эмне үчүн Путин дал ушул учурда келди? Анализ

Кенуль Халилова, Би-Би-Си Азери кызматынын редактору

Бул эки жыл мурун Украин согушу башталгандан бери Владимир Путиндин Азербайжанга биринчи сапары.

Ошондой эле бул визит Украина Орусиянын аймагына кирип барып, Орусиянын өзүндө согуш болуп жаткан учурга туш келди.

Украин жерлерин аннексиялап алганы үчүн Батыш Путинди обочолонтуп салган соң, ал союздаштары менен ымаланы бекемдеп, жаңыларын табууга умтулуп жаткан чагы.

Ал өзүнүн армиясы украинага басып кирген учурда Азербайжан менен союздаштык жөнүндө макулдашууга кол койгон. Украина жана Батыш менен жакшы мамилелер сакталып турганына карабай азербайжан өкмөтү Путинге эч качан далысын салган эмес. Орус лидеринин дал ушул мамлекеттик сапары дагы дүйнөгө өзүнүн колдоосу бар экенин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү катары саналат.

Эске алчу жагдай, Путин Азербайжанга сапарына чейин Түндүк Кореяга жана Вьетнамга мамлекеттик сапар менен барган.

Азербайжан менен Армения чек араны тактоо, тынчтык келишимин түзүу боюнча ортомчусуз иштеп жатат

Сүрөттүн булагы, president.az

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азербайжан менен Армения чек араны тактоо, тынчтык келишимин түзүу боюнча ортомчусуз иштеп жатат

Көгүлтүр от көйгөйү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусия Украинга басып кирип, ага удаа батыштын санкциялары күчөгөндө Москва европа өлкөлөрүнө газ экспортун токтоткон. Ошондон тарта Азербайжан орусиянын газынан баш тарткан Евробиримдик менен келишим түзүп жана газ экспортунун көлөмүн көбөйтүүнү макулдашып, кол койгон.

Саясий аналитик Фуад Шахбазов Владмир Путиндин Азербайжанга бул жолку сапарынын негизги максаты экономикалык жана биринчи кезекте энергетикалык маселелерди талкуулоону көздөйт деп эсептейт.

Анын пикирине карганда, визиттин алкагында Азербайжан менен Орусиянын ортосунда газ ташуу боюнча жаңы документке кол коюлушу мүмкүн.

"Орус газын Азербайжанга жеткирүү, Азербайжан газын Европага экспортоонун көлөмүн көбөйтүү жөнүндө документке кол коюлушу мүмкүн. Башкача айтканда орус газын ички рынокто пайдаланууга болот. Мындан сырткары, экономикалык багытта кызматташуу жөнүндө документке ко коюлушу мүмкүн",- дейт Фуад Шахбазов.

Шахбазовдун сөзү боюнча, Путиндин сапарынын башка бир максаты Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык процессиндеги Орусиянын позициясын бекемдөө болушу мүмкүн. Анткени соңку мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы конфликти жөнгө салуу боюнча батыш институттары жигердүу иш алып барууда жана Орусия Түштүк Кавказдагы таасирисн калыбына келтирүүнү көздөйт.

"Бул визит Орусиянын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарын тастыктоого багытталган",- деп белгиледи Шабазов.

Тынчтык келишимин колдоо

"Орусия тарап мурдагыдай эле Азербайжан менен Армения алакасын турукташтырууга баардык жагына даяр",- деп жазды "РИА Новости". Басылма Крмелге шилтеме берди.

Азербайжан менен Армения чек араны тактоо жана тынчтык келишимин түзүү максатында акыркы айларда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келе жатат.

Августта Баку менен Ереван тынчтык келишиминин долбоорунан Азербайжан менен анын Нахичевань эксклавын байланыштырган транспорт магистралы боюнча пунктту алып салышты. Бул эксклавды Баку "Зангезур коридору" деп атайт. бул суроо сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабында талкуулоого калтырылды.

Баку жана Москва Нахичевань менен Азербайжандынортосундагы жолду Орусия көзөмөлдөсүн деген, бирок Армения ага каршы болду.

Армения менен Орусиянын ортосундагы ажырым экинчи Карабах согушунан кийин пайда болду. Расмий Ереван, Орусия жана ЖККУ согуш учурунда көмөк сураганда эч кандай жардам бербегенине нааразы. Армения курал жарак жана армиянын даярдыгы боюнча батыш мамлекеттерине кайрылганы Орусияга жаккан эмес. Расмий Москва НАТО уюмуна мүчө мамлекеттердин Арменияга таасирин каалабайт.

Бул факторлор (ошондой эле Путин менен Армениянын премьер-министри Пашиньяндын жеке келишпестиги) сонку мезгилде Орусия менен Армениянын алакасын суутуп баратат.

Орусия мнен Армения союздаштар болгонуна карабай, Владимир Путин ал жакка барган жок. Себеби Армения Эл Аралык Кылмыш сотунун чечимдерин аткарууга мүчө болуп саналат. 2023-жылдын 17-мартында Эл Аралык кылмыш Соту Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алууга ордер берген.