You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сарык жуктурганын билбей сасык тумоо деп дарылангандар бар
Майрамкүл жаңы жылды утурлай сарык оорусун жуктуруп алыптыр. Бирок ал сасык тумоого кабылдым деп, этибарга алган эмес.
Алгач дене табы көтөрүлүп, алсырап, булчуңдары, муундарды жана башы ооруп баштаганын айтууда. Белгилери курч респиратордук вирустук инфекцияга окшош болгондуктан ал өз алдынча дарыланууга өткөнүн кеп салды.
Бир канча күн тумоого каршы дарыларды ичип үйүндө жаткан, бирок анын оорусу күндөн-күнгө күчөй баштаган.
Ичи ооруп, кусуп, заарасынын өңү бузулганын байкаганда гана дарыгерге кайрылган. Алгач өзү жашаган аймактагы үй-бүлөрлүк дарыгерлер борборуна барган.
Бейтаптын абалын көргөн доктурлар дароо республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жолдогон.
"3-январь эртең менен 9:00дө барганбыз, киши толтура экен. Бут коёрго жер жок. Келинчегим дагы жаны кыйналып абдан жаман болуп турган. Узун кезектен улам барганда эле дароо жаткан жок. Бир топко күттүк, акырында кадыр-көңүлдү салып жатып кечки 16:00дө араң жаткырдым",- деди жолдошу Абдылда.
Айтымында, буга чейин үй-бүлө мүчөлөрү ооруканага жаткан учурлары деле болгон эмес. Анча-мынча сыркоолоп калганда сүткө май сапырып ичип же сасык тумоого каршы дарыларды, антибиотиктерди колдонуп сакайып кетчүбүз дейт Абдылда.
"Бул сапар дагы ошондой жеңил өтүп кетет деп ойлогонбуз, көрсө келинчегим иштеген жеринен сарык жуктуруп алыптыр", - деп кошумчалады ал.
Дарыгердин эскертүүсү
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев мындай көрүнүштөр өтө көп кездешет дейт.
Айтымында, көпчүлүк бейтаптар алгач ооруну жеңил кабыл алып, өз алдынча дарыланып баштайт, жакындарынан кеңеш алып же интернеттен ар кандай маалыматтарды окуп, туура эмес дары-дармектерди колдонуп алышат.
"Тилекке каршы, мындай көрүнүш абдан көп болот. Өздөрү доктур болуп жатып баары өтүшүп, күчөп кеткенде гана бизге келишет",– дейт дарыгер.
Ал учурда ушундай жагдайда келип түшкөн жети бейтап кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын кошумчалады.
Дарыгердин айтымында, алардын оорусу өтүшүп, өпкөсү кагынган. Учурда аппараттардын жардамы менен дем алып, күчтүү дарылар берилип жатат.
"Мындай оорулууларды дарылоо өтө татаал жана каражат көп талап кылынат. Туура эмес дарылап же чара көрбөй күчөтүп жиберип дем ала албай клиникалык өлүм менен келип түшкөн бейтаптар дагы болот. Айрымдары ар кандай жеке клиникаларга барып, ошол жактап күчөтүп алат",– деп белгиледи Гүлжигит Аалиев.
Дарыгердин айтымында, көпчүлүк сасык тумоо сыяктуу вирустук ооруларды кадимки жана жеңил өтүүчү дарт катары кабыл алат. Бирок ага маани бербей, өз убагында жана туура чара көрбөсө, олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Вирус организмдин иммундук системасын алсыратып, башка органдарды жабыркатып, өнөкөт ооруларды күчөтүп жибериши ыктымал.
Сааттап кезек күтмөй...
Ушул күндөрү социалдык тармактарда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасындагы абалды сүрөттөгөн видео жана сүрөттөр жайнады.
Ооруканага келгендердин көбү ал жерде сааттап созулган кезек күтүүлөр болуп жатканын, бейтаптар үчүн шарттын начарлыгын айтып нааразы болушууда.
Айрымдары кезек күтүп отуруп баласы эч-учун жоготконун жазса, дагы бири кезек тийбей айласыздан кайра кетип жатканын билдирген.
Атүгүл күтүү залынын шарты дагы талапка жооп бербей турганын айтып, тиешелүү министрликтин жоопкерчилиги тууралуу маселени дагы көтөрүп чыгышты.
"Өткөндө мен дагы кезек күтүп олтуруп, чыдабай, температурасы 39дан ашып жаткан бөбөктөрдү көрүп зээним кейиди. Өзүм ооруп жүргөн элем. Видеого тартууну каалабадым. Ит ыйлай турган абалда экен. Бир эле дарыгер бар экен. Ал дагы бир саатта эки же үч гана бейтапты кабыл алып жатты",- деп жазды "Фейсбук" колдонуучуларынын бири.
"Коридордо болсо да жардам берүүгө аракет кылуудабыз"
Дарыгерлердин айтымында, жылда бул мезгилде курч респиратордук вирустук инфекцияга кабылып, ооруканаларга кайрылгандардын саны кескин көбөйөт.
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиевдин билдирүүсүнө караганда, оорукана 500 бейтапка ылайыкташкан болсо, учурда 600 бейтап дарыланып жатат. Ал тынчсызданууга негиз жок экенин, көрсөткүч жылдагыдай эле болуп жатканын кошумчалады.
"Күнүнө 300-350 адам кайрылса, алардын 30 пайызы сөзсүз түрдө стационардык жардамга муктаж болуп, ооруканага жаткырылууда. Бул бейтаптардын көбү балдар. Келген байтаптардын саны көп болгондуктан дарыгерлер дагы тынбай иштеп жатат. Бейтаптарды дагы бир аз сабырдуу болууга чакырат элек. Биз баарын көрөбүз. Эч кимди таштап койбойбуз",– деди ал.
Мындан улам орун тартыштыгы жаралып, коридорлор резервдик койкалар менен толтурулганын айтты:
"Курч мүнөздөгү оорулар тез арада жардамды талап кылат. Көптөр дем ала албай, тарамыштары түйүлүп келет. Биз аларга коридордо болсо да жардам берүүгө аракет кылуудабыз".
Дарыгер узак мөөнөкө кезекке турууну жоюунун бир жолу катары бейтаптарды алгач үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууга чакырат.
"Көпчүлүк бейтаптар көрсөтмөсү жок эле ооруканага келишет. Алгач үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылып, консультация алышса, алар үчүн дагы жакшы болмок. Эгер жаткырыш керек болсо алар дароо бизге жиберишет,"– деди Гүлжигит Аалиев.
Ошондой эле ал быйыл сарык оорусу салыштырмалуу көп катталып жатканын айтып, жарандарды өздүк гигиенаны сактоого, эл көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырды.
Метапневмовирус эки кишиден аныкталды
Ал ортодо Кытайда тараган метапневмовирусу күч алып, ооруканалар бейтаптарга толуп кеткенин эл аралык маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги дагы маалымат таратып, учурда эки бейтапта аныкталганын билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, бул жаңы вирус эмес, ал биринчи жолу 2001-жылы респиратордук оорулар менен ооруган балдардын канынан табылган.
Дарыгерлердин айтымында, метапневмовирустун белгилери кадимки сасык тумоонукундай болот. Ал негизинен балдар, улгайган адамдар жана иммунитети төмөн бейтаптар арасында көп кездешет. Вирустун бул түрү бронхит, пневмония сыяктуу оорулардын күчөшүнө алып келет.
Оору адатта мурундан суу агуу, жөтөл, баш оору жана дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилер менен башталат. (VO)