Германия Украинага абадан коргонуу системасын эртелеп жеткирүүнү убада кылды

Штайнмайер

Сүрөттүн булагы, EPA

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер согуш башталгандан бери биринчи жолу Украинага барды. Ал президент Владимир Зеленский менен жолугушту. Белгилүү болгондой жакын арада Украинага Германияда жасалган абадан коргонуу системаларынын кошумча партиясын берүүнү убадалады.

Штайнмайер жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өткөн пресс-конференцияда Марс II деп аталган бир нече ракета аткыч жана өзү жүрүүчү гаубицадан төрттү "Украинага тез арада өткөрүп берилет" деп билдирди журналисттерге.

Президенттер ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда муниципалдык деңгээлде өнөктөштүк программасы түзүлгөнүн жарыялашты. Алардын айтымында, Германиянын муниципалитеттери федералдык деңгээлде берилип жаткан азыркы жардамдын алкагында Украинанын өнөктөш шаарларын калыбына келтирүүгө ого бетер активдүү катышат.

Зеленский менен Штайнмайер биргелешкен билдирүүдө айткандай, кызматташуунун сунушталган формасы “жалпы келечектин пайдубалын түптөйт” жана “Москвага ачык белги берет: силердин согушуңар бизди бөлбөйт, ал европалыктарды – немистерди жана украиндерди жакындатат».

Учурда Украина менен Германиянын 107 шаары өнөктөш деп эсептелет. Алардын үчтөн бирине жакыны согуш башталгандан кийин кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Башкаларга үлгү болуу үчүн Штайнмайер Владимир Зеленский менен жолукканга чейин Чернигов областына барып, ал жакты өнүктүрүү жана реконструкциялоо долбоорлоруна символикалуу түрдө башчылык кылды.

Президент «бункерде»

Зеленский менен жолугар алдында немис президентин жакында орус аскерлеринен бошотулган Чернигов облусундагы шаарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн түндүгүнө алып барышкан.

Германиянын ARD коомдук телеканалынын айтымында, Штайнмайер ал жерде көргөн кыйроого жана жергиликтүү тургундардын окуяларына таң калганын билдирди. "Баары биз Германияда ойлогондон алда канча начар экен" деди ал сапарынын аягында.

Беларусь менен чек арага жакын Корюковкага барганда аба чабуулун кабарлаган айгай (сирена) жаңырып, андан кийин Штайнмайер жакын жердеги бомбадан калкалоочу жайда бир сааттай убакыт өткөрүүгө аргасыз болгон.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Мындан бир аз мурда Штайнмайердин басма сөз катчысы Керстин Гаммелин немис президенти Киевге эки кайрылуу менен келгенин жазган: "Украина элине менин кайрылуум: Германияга ишенсеңер болот! Биз Украинаны аскердик, саясий, финансылык жана гуманитардык жактан колдоону улантабыз. Ошол эле учурда мен үйдөгү немистерге кайрылам: келгиле, бул согуш бул жердеги адамдар үчүн эмнени билдирерин эч убакта унутпайлы! Германиялыктарга бул согуштун кесепети канчалык тийип жатса да, аны украиналыктардын көзү менен карап көрөлү».

Штайнмайер ошондой эле кыйраган инфраструктураны тез арада калыбына келтирүүгө көмөктөшүү, электр тармактарын оңдоо, суу менен камсыздоо, жылытуу, электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөрдү жоюу жөнүндө сөз болуп жатканын тактады.

Киевге узун жол

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Штайнмайер Киевге үчүнчү жолку аракетинде жетти. Биринчи визит апрель айында эле пландалган, бирок Киевдеги көпчүлүккө орусиячыл көрүнгөн Берлиндин чечкинсиз жана этият позициясынан улам украин тарап кийинкиге жылдырган.

Анын үстүнө, Bild басылмасы белгилегендей, Ангела Меркелдин өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп турганда Штайнмайер Москва Крымды аннексиялап, Донбасста жаңжалды күчөткөндөн кийин да Орусия менен достук мамилени жактап келген.

Жайында Киев менен Берлиндин сүйлөшүүлөрү кайра жанданып, күзгө чейин Штайнмайер дагы эле чакыруу алып, телефон сүйлөшүүсүндө Зеленский менен пикир келишпестиктерди жөнгө салган. Бирок, 20-октябрга белгиленген бул сапар, "коопсуздук үчүн" немис тарап аркылуу жокко чыгарылган.

Көрсө, президентке үч федералдык ведомство: Германиянын Ички иштер министрлиги, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жана Германиянын мамлекеттик коопсуздук органдары сапардан баш тартууга кеңеш беришкен. Натыйжада ал Киевге бир жумадан кийин гана жеткен.

TWITTER CERSTIN GAMMELIN

Сүрөттүн булагы, TWITTER CERSTIN GAMMELIN

Бул Штайнмайердин Украинага согуш башталгандан берки биринчи сапары. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, алгач немис президенти Литва, Латвия жана Польшанын башчылары менен бирге апрель айында Киевге бармакчы болгон, бирок анын сапарын украин тарап анын орусиячыл позициясынан улам жылдырган.

Германиянын Bild басылмасы Владимир Зеленский Германия Украинага куралдын көп түрүн жеткирүүнү кечеңдетип жаткандыктан, алты ай мурун Штайнмайердин Украинага сапарынан баш тарткан. Бирок Киев менен Берлин пикир келишпестиктерин кийинчерээк чечишип алды.

Андан кийин Германиянын президентинин сапары өткөн аптада болушу керек болчу, бирок акыркы учурда иш жүзүндө кайрадан жокко чыгарылган. Bild өз булактарына таянуу менен тактагандай, мындай чечимге үч федералдык департамент дароо президентке Украинага барууну сунуштабагандыктан кабыл алынды. Сөз Германиянын Ички иштер министрлиги, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жана Германиянын коопсуздук органдары тууралуу болуп жатат.

ТЕЛЕГРАМ-КАНАЛ "УКРЗАЛИЗНЫЦА"

Сүрөттүн булагы, ТЕЛЕГРАМ-КАНАЛ "УКРЗАЛИЗНЫЦА"

Басылманын айтымында, Украина өкмөтүндө Штайнмайердин иш сапарынын токтотулушу кыжырданууну жаратты.

Рейтер агенттигинин кабарлашынча, Штайнмайер Украинада жүргөндө Россиянын «ырайымсыз агрессивдүү согушу» деп айыптап, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан. (MD)