Адам ысымы, аты-жөнү, теги – улуттук иденттүлүктүн маселеси

Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер

Баласынын идентификациялык документине атасы деген жерине энесинин ысымы жазылса болот. Кимдин уулу же кызы экени энелиги (матроним) боюнча аныкталышы мүмкүн, аны бала бойго жеткенде өзү чечет деген Конституциялык соттун түшүндүрмөсү талкууга жем таштады. Бир даары “кокуй, бул батышчыл, гендерчил топтордун обу жоктугу, ата-баба салтында андай болгон эмес, улуттук каада-салтка жат, кеспети көп жорук” деп айгай салса, башка бир даары ысым, фамилия тандоо, аты-жөнүн өзгөртүү адам укугунун маселеси деп эсептейт. Адегенде тарыхый жагдайларга кайрылалы, укуктук жагын юристтерге коелу, бирок кыргыздардын аты-жөнү маселесине пикирибизди билдирели.

Адамдын тегин анын атасына карап аныктоо (патроним) же тегин энесинин ысымы менен атоо (матроним) патриархат менен мариархат доорлорунан калган көрүнүш. Антропонимияда матроним – энелик ысым менен адамдын келип чыгышын аныктоо, тегин идентификациялоо байыркы жана универсал көрүнүш.

Матроним кенири таркаган жана дээрлик баардык элдерде кездешет же анын издери калган. Албетте, матронимдер фамилияга байланышкан. Маселен, Чыгыш Индиянын Наирис, Бант, Хаси коомчулуктарында текке карата энелик ысым кадыресе көрүнүш. Буларда адамдар энесинин фамилиясын алат негизинен. Индиянын айрым аймактарында кыздар энесинин ысымын экинчи энчилүү ысым катары алат. Индонезия Минангкабау этникалык тобу энелик ысымды фамилия катары колдонот. Филиппиндердин мыйзамдарында уулу же кызы деген сапка эненин кыз кезиндеги фамилиясы жазыла тургандыгы белгиленген. Въетнамда да ушундай эреже кенири колдонулат. .

Энелеринин ысымы же фамилиясы баланын фамилиясы же экинчи аты, теги, кландын аталышы катары колдонулган элдер арбын. Латын Америкасында экинчи же үчүнчү ысым катары энесинин ысымы көп кездешет. Атактуу сүрөтчү Пабло Руис Пикассо, акын, жазуучу Федерико Гарсиа Лорка, испан премьер-министри Хосе Родригес Сапатеро, белгилүү актер Антонио Домингес Бандерас – булардын баарынын фамилиясы энесиники. Англияда Кастер, Тиффани, Парнелл, Хиллиард, Марриотт, Иббетсон, Бэббс, Мегсон сыяктуу фамилиялар же экинчи ысымдар айымдардын ысымдары. Американын атактуу президенти Жон Фитцжеральд Кенннеди, Фитцжеральд таятасынын ысымы. Арабдардын диний адабиятында Иса пайгамбар Иса ибн Марьям (Маржандын уулу Иса) деп аталат. IX кылымдагы жазуучу Мухаммад ибн Табибдин “Энесинин ысымындагы атактуу акындардын китеби” (“Китаб ман нусиба ила уммихи мин аш-шуара”) деген чыгармасынын аталышы эле араб дүйнөсүндөгу матронимдин масштабын кабарлап турат.

Арабдарга тектеш еврейлер да энелик ысым текти билдирет. Еврейлер кайсы өлкөдө жашаса, ошол мамлекеттеги басымдуу тилге ылайыкташып, уланды мүчөсү жалганып, же жазылышы бир аз өpгөргөнү болбосо, еврейлердин аял ысымы менен аталган фамилиялар көп. Мисалы Рохлин (Рахель), Райкин, Дворкович, Фейгин, Хайкин сымал фамилиялар энелердин ысымдары, Библияда, Тооратта, байыркы жазуулардагы антропонимдер. Орус, украин, белорус, серб элдеринде матроним итапкан. Байыркы кезде да бар болчу энелик ысым, айталы Олег Настасич, Василий Маричич, Дмитрий Марфин аттуу орус княздары. Фамилия катары эмгиче сакталып келет, маселен Аннушкин, Катин, Надеждин, Татьянин, Олесин, Галинин, Машков. Ушу сыяктуу орус жана украин фамилиялары аял ысымына барып такалат. Сербдердин Маринич, Елич, Катич, Зорич, Недич, Надеждич, Миличич, Вишнич, Анич, Любич сыяктуу фамилиялары матронимдин накта үлгүсү. Скандинавия өлкөлөрүндө да мындай нерсе кездешет, маселен Даниянын орто кылымдардагы падышасы Свен Эстридсен ханыша Эстрид Свенсдоттердин уулу. Көрдүңүзбү, падыша энесинин ысымын да, фамилиясын да алган.

Матроним кездешкен өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында энелик ысым жарандык статусун, үй-бүлө мамилесин, идентификациялык документтерди алуу, алмаштыруу аракеттерин жөнгө салган тиешелүү мыйзамдарында матроним атайы белгиленген эмес. Уруксат эмес деген сөз да жок. Бирок адам укугу, адам өз ысымын тандоого укуктуу деген жалпы жобонун негизинде энелик ысымды же фамилияны фамилия же теги катары пайдалануу учурлары көп окшойт, айтымда. Энесинин ысымын “отчествонун” ордуна барган сайын улам көп жаздырып жатат деп маалымдайт орус басылмалары (https://rg.ru/2020/01/28/v-rossii-nabiraiut-populiarnost-matronimy-zhenskie-varianty-otchestv.html). Бала энеси менен жашаса, атасы канынан бүткөн баласын карабаса, уул-кызынын тагдырына кайдыгер, ата статусуна татыктуу эмес кишинин ысымын баласы алып жүрүшү керек эмес дейт орус “матчествосунун” жактоочулары.

Көчмөндөрдүн урууларынын этнонимдери энелик ысымга да байланыштуу

Энелик башат байыркы кыргыздардын дүйнө таанымында жогорку даражада. Умай эне – көөнө кыргыздар сыйынган кудурет күч. Эне менен байланыштуу. Умай байыркы шумерлерде да кездешет. Алыска сапар тарткан адамга “Умай энеге аманат тапшырдым” деп бата беришкен, “Умай эне колдосун” деп жалынат. Умай сактоочу, очоктун ээси, тукумдун жаралышынын зарыл шарты. Жер - эне. Ыйык, кудуреттү күчтөрдүн бири. Кыргыздар жерди теппейт, жамандабайт, ыйык көрөт. Асман жана Жер менен карганат. Төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун (айрым учурларда көр деп да айтылат). Төбөдө көкө теңир, астыда кара жер, ортосунда адам. Байыркы космологиялык концепт. Энелик башат аталык менен бирдей укукта, бирдей күчкө ээ, экөө ажырагыс. Ата-арбак колдосун деп жалынган, бирок эне-арбакка сыйынган эмес. Энелик башат көп элдердин мифологиялык, диний түшүнүктөрүндө жогорку даражадагы кудурет, ааламдын башаты, жаратуучусу. Аталык башат менен энелик башат – ааламдын жаралуусунун анык себеби деген түшүнүк – дуализм универсалдуу концептерге кирет.

Кыргыздардын теги атасы менен аныкталат, сүрүштүрүлөт. Бирок энелик ысым да уруу, урук, тукумдун аталышын билдирген учурлар жок эмес. Кыргыздардын кырк уруусунун бири болгон Бугу уруусунун тотеми мүйүздүү эне. Бугу уруусунун өкүлдөрү өзүн “Бугу энеден, Мүйүздүү энеден тараганбыз” деп баштайт санжырасын. Бир адам тургай, бир этникалык топтун – уруктун, тукумдун ысымдары энесинин ысымы менен аталган учурлар санжырада айтылып келет. Урпактары да биз баланча энеден тараганбыз дейт.

Тоголок Молдонун 1920-жылы жарык көргөн санжырасы боюнча саяктардын ичинде “Курткадан 3 уул – Кудайберди, Аккабак, Ыман. Кудайбердиден Кулчугач, Чоро – эки уул. Кулчугачтын Күрүчбек деген байбичесинен Караболот, Шаболот, Койуке, Жолуке – төрт уул. Булар эне атагын алышып, Күрүчбекпиз деп Суусамырда туруп калышты”; “Кулжыгачтын Күрүчбек деген катынынан улуу уулу Караболот деген. Андан Кадыржан, Кожотай – эки уул” (Тоголок Молдо. Тарых. Түпкү аталар//Кыргыздар. 4-том. -Бишкек, 2011. 91-б., 113-б.). Саяк уруусунун Чоро уругун жиликтеп келип, Тоголок Молдо Коңур уругуна токтолуп, анын тегин мындайча баяндайт: “Тойматтын Коңур деген аялынан Жанбала, Чайыш, Сарткозу – үч уул. Энесинин аты Коңур болгон үчүн Коңур эненин балдары деп жүрүшүп, көбүрөөк атактуу айтылган уруусу Коңур уулу болуп калды” (Тоголок Молдо. Тарых. Түпкү аталар//Кыргыздар. 4-том. -Бишкек, 2011. 95-б.). “Түгөлдүн улуу катынынан Жараш дейт. Себеби катындын аты Жараш болгон үчүн уруктары жараш аталып калды”. Булар акын Тоголок Молдонун санжырасы боюнча саяк уруусунун ичиндеги энесинин ысымы менен аталган уруктар.

Же болбосо, кыргыз урууларынын ичинен деле энесинин түпкү уруусу же теги боюнча аталган уруктар да бар. Мисалы, саяк Түгөл байдын Маңгыт деген уулунан тарган урпактары Мангыт же Түгөл аталбай, энеси катаган уруусунун бийинин кызы болгондуктан, катаган аталып калганын ошол эле Тоголок Молдонун санжырасында айтылат (Тоголок Молдо. Тарых. Түпкү аталар//Кыргыздар. 4-том. -Бишкек, 2011. 129-б.). Демек этноним энелик линия боюнча аныкталган. Башка урууларда да ушундай мисалдар кездешет. Маселен, Тынымсейит уруусунун ичиндеги Жаманактын курамындагы “Тотуя”, “Аян” уруктары аялдын ысымына байланышкан этнонимдер болуп эсептелет. Тотуя менен Аян Жаманактын аялдары, ысымы этноним болгон уруктардын түп энелери (Кыргыздар. 4-том. -Бишкек, 2011. 532-б).

Жоолашкан жоосу калмактардан, бир боор казактардан же башка аймакташ, катышкан элден алган кыздардын атындагы уруктар аз эмес. Дээрлик баардык чоң уруунун ичинде “калмак”, казак” уруктары бар. Маселен сарбагыштардын Манап бий тукумуна кирген казак уругу ушул учурда Кочкордун Кум-Дөбө (байыркы Төрткүл) айылында компактуу жашайт. Манап бийдин небереси Сарысейит бийден Үчүкө, Түлкү, Эрдене, Кудаян. Үчүкөдөн Маматкул. Маматкулдун небереси Черикчинин он эки уулунун бири Манапбайдын аялы казак кызы болгондуктан ушул урук “казактар” аталат. Энелик ысымга негизделген этноним. Наалы эжени айрым санжырачылар Моңолдор уруусунун башаты катары да кеп кылат. Бирок тарыхчы С. Аттокуровдун “Кыргыз санжырасы” деген китебинде моңолдор уруусу кадимки моголдордон тараганы айтылат да Наалы тууралуу кеп болбойт. Албетте, уруу ошол эжеден тараган дебейт, бирок уруунун таралышы Наалы эженин ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Атага эмес, энеге, эркекке эмес, айымга такалып жатат. Бул эми санжыра, биздин аныктама эмес. Бөөмбай уулу Насирдиндин (1890-1937) санжырасы боюнча Тагай бийдин Баймоңол деген жигити калмактар менен чабышта каза болот. Ошонун ордуна Тагай бий эжекеси Наалыга бир жигит берген экен. Эми ошол жигитке Наалы эже калмактан олжого түшкөн Дор деген кызды алып берип, андан тарагандар моңолдор экен (Кыргыздар. -Бишкек, 2011. 483-б.). Демек, атанын жана эненин аты кошулуп, эки ысымдан жалгашкан этнонимдер да жок эмес. Санжырачы Сапарбай Жаңыбай уулунун китебинде “Мүңгүш менен Черик Наалыдан (Адигине, Тагайдын эжеси) тарайт” деп жазылат. Ушул эле санжырада Адыгене балдарынын ичинен Баргы уруусун Чеке тукумунун эки тарамы Кемпир жана Жаманкыз аталат (https://muras.turmush.kg/unews/un_post:2801).

Кыргыздарда да, казактарда да чоң урууларда матроним кездешпейт. Бирок энелик ысымга байланышкан уруктар бар. Мисалы казактарда кыз бөрк деген уруу бар (Тоголок Молдо. Тарых. Түпкү аталар//Кыргыздар.4-том. -Бишкек, 2011. 90-б.).

Тарыхтан саймедиреп, санжырадан кабат-кабат мисал келтирип, Чыгыш менен Батышта айрым элдерде эненин ысымы адамдын же тукумдун тегин билдирет жана экинчи ысым же фамилия катары колдонулат, матроним патроним сыяктуу эле байыркы жана универсал көрүнүш деп биз матронимди жактаган да, жектеген да жокпуз. Азын-оолак маалымат бердик. Кыргыздарда атуул (ата уулу) деп айтылат, эне уулу деген аныктама жок. Бирок эненин ысымын баланын теги, фамилиясы катары эсептөө маселесинин талкуунун кызышы, Конституциялык сотко чейин жетип отурушу башка проблеманы да козгоп отурат.

Ысым, ата-тек улуттук иденттүүлүктүн маселеси

Байыркы кыргыздардын эмки урпактары кездешкен жаңы чакырыктардын бири улуттук иденттүүлүк экенин буга чейин да кеп кылганбыз. Эски жана жаңы тобокелчиликтерди, универсал жана эксклюзивдүү чакырыктарды айырмалай билишибиз зарыл. Баардык өлкөлөргө мүнөздүү, орток көйгөйлөр менен катар айрым гана өлкөлөргө таандык, алар үчүн гана актуалдуу коркунучтар бар. “Тобокел коом” аныктамасы дүйнөнүн көп өлкөсүн кыйгап өткөн жок, анын ичинде биздин мамлекет да ушул кооптуу жагдайга кептелди. Глобализация менен удаа улуттук социомаданий иденттүүлүктөр трансформацияланууда. Идентүүлүктөрдүн этностук, конфессиялык, маданий, локалдык, аймактык, социалдык түрлөрү мазмунун жана формасын өзгөртүүдө. Бул жаңы жана масштабдуу тобокелчиликтердин бири.

Эгемендүү деп эсептелген 32 жыл ичинде Кыргызстандагы өзгөрүүлөр татаал окуялар, социалдык, саясий оор сыноолор, азаптуу коллизиялар менен коштолду. Этностук жана жарандык иденттүүлүктүн катышы, алардын иденттүүлүктүн башка түрлөрү менен байланышы жана ажырымы биз анча маани бербеген, бирок келечекте өлкөнүн суверенитетине, өз алдынча, унитардуу мамлекеттүүлүгүнө, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч жаратуучу чакырыктардын бири. Биз улуттук иденттүүлүктүн тажрыйбасын толук түшүнө электе, улуттук мамлекетте жарандык иденттүүлүктү калыптандырууга жаңы киришкен кезде бош калган идеологиялык мейкиндик, баалуулуктар чөйрөсү, маданий вакуум түркүн идеологиялык, саясий жана нравалык баалуулуктардын, диний-конфессиялык таасирлердин албуут агымына туш болдук.

Кыргыздар атын атоодо, тегин аныктоодо бир ырааттуу, системага, кыргыз атуулу экенин, кыргыз тектүү жаран экенин билдирген айырмалуу белгини, өзүбүзгө да, өңгөгө да түшүнүктүү эн тамганы таба элекпиз. Энчилүү аттар менен кыргызды айырмалоо өтө татаал. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсүнө таянып, Кыргызстанда адам ысымдарын ыйгарууда арабизм басымдуу болуп баратканын массалык маалымат каражаттарында баяндалды. Кыздарына Амина, Алия, Фатима, Айлин, Салиха, балдардына Билал, Али, Нурислам, Амир, Рамазан, Эмир сыяктуу ысымдарды ыйгаруу өтө популярдуу экенин, Умар менен Раяна сап башынан түшпөй келатканы маалымдалды (https://24.kg/obschestvo/119410_rayana_iumar_samyie_populyarnyie_imena_ukyirgyizstantsev/). Бул бир тенденция. Орусияга же орус таасири арбын өлкөлөргө жана аймактарга кирүү, жашоо, окуу ыңгайын карадыбы не көнгөн нерседен арылуу кыйынбы, айтор, ата-энелердин бир тобу үчүн Совет доорундагы “ов”, “ова”, ович” овна” деген орус фамилиясын ыйгаруу али күүсүндө. Булар экинчи тарап.

Көз карандысыздык калыбына келген алгачкы жылдары “теги”, “тегин” деп баратып, “уулу” менен “кызы” формасына өткөнсүдүк. Даги бир тобу байыркы доордогу кыргыздар сыяктуу, азыркы Европа, англо-америкалык үлгүнү беттеп, өз аты менен атасынын же чоң атасынын ысымын гана ыйгарууда (мисалы Телегей Окин, Барсбек Темирлан). Бул да жакшы тажрыйба, анык тарыхый үлгү. Барсбек кагандын доорундагы элчи, Кытай жылнаамаларында анын элчилик миссиясы кенен баяндалган, ага арналуу эстелик орнотулган кыргыз дипломаты Эрен Улуг. “Эрдемдүү болсар элинин, эрктүү элдин уулу, эр атым Эрен Улуг. Эр элим болсардын баатыр уулумун. Он ай көтөргөн энем. Уул туулдум, эр жеттим. Отуз сегиз жашымда баатыр элимден айрылдым. Элимди төрт тегерендим. Эрдигим үчүн Ынанчу алп болдум. Эрдигим үчүн мен Алтын капарга кирдим. Эрдигим үчүн Түпүт (Тибет) канга элчиликке бардым. Келтирдим” (С. Кляшторный. К датировке енисейских рунических памятников) // Turcologica. -Л. Наука. 1976).

Улуу кыргыз каганатынын дагы бир элчиси Чаб Шатун Таркан. Энесай боюндагы Уйбат I аталган рун жазма эстелигинде Чаб Шатун Таркан аттуу адамды элчи катары түргөштөрдүн өкүмдары Караханга жиберилип, кайра элине кайтпаганы жазылган. Чаб Шатун Тархан элчини Барсбек каган жибергенин ошол эле окумуштуу С. Кляшторный аныктаган. Байыркы доордогу мисалдар адамдын энчилүү ысымын, атасынын атын же чоң атасынын ысымын удаа атоо, жазуу үлгүсү тарыхый жактан негиздүү, ыңгайлуу, түшүнүктүү экенин, ушул үлгү кыргыз жыттанып турганын билдирет. “Манас” эпосунда деле Акбалтанын Чубагы, Улак хандын Эр Сыргак деп аталат. Теңир-Тоонун айрым райондорунда, маселен Кочкор өрөөнүндө эмгиче Эсенбектин Чубагы, Салмоорбектин Бөөбүйү деп аташат кишилерди.

Бирок грузиндер, армяндар же азербайжан сыяктуу бир тартипке, бир эрежеге туташ өтүп албаган соң, жанагыдай аралаш ысым, фамилия, ар кандай мазмунда жана формада тек-жайын билдирген түрдүү жазуу менен жүргөн кыргыз баласын тышта кыргыз атуулу деп таануу кыйын. Орто Азиянын этностору менен окшош ысымдар да арбын болгондуктан, айырмалоо да кыйын. Ааламдын жараны десек андан дайын жок. Тегин билбей, билсе да кыргыз аталгысы келбей, иденттүүлүктүн улуттук же жарандык, атуулдук эмес, диний, социалдык формасын тандагандар да арбып бараткансыйт. Кыскасы, патроним-матроним талкуусу кыргыздын кыргызча ысымы, кыргыз жаранынын тегин аныктоо формасы, аты-жөнүн жазуу иденттүүлүктүн маселеси экенин да бир ирет көрсөттү. Демек, зарылчылык эбак жаралып, калдайып маңдайыбызга турган соң, терең ойлонуп, чечип алуу кажет.