Астероидден алынган топурактын анализи: суу жана көмүртек

Сүрөттүн булагы, NASA
Николай Воронин, Би-Би-Синин илим жаатындагы кабарчысы
НАСА Бенну астероидинен алынган топурактын анализинин алгачкы жыйынтыктарын жарыялады. Ал үлгүлөр биздин планетадан үч миллиард км алыстыкта алынып, дээрлик үч жума мурун Жерге жеткирилген. Жылдыздар аралык чаңдын химиялык курамын изилдөө анда көмүртек менен суунун көптүгүн көрсөттү.
Бул анынын курамында "жашоонун курулуш материалы" деп аталган, бардык тирүү жандыктар, анын ичинде сиз жана мени жараткан органикалык кошулмалардын да болушу мүмкүн экенин билдирет.
Талдоо жүргүзгөн Аризона университетинин окумуштууларынын айтымында, бул ачылыш жашоо алгач биздин планетада пайда болгон эмес, Жерге космостон алып келинген деген гипотезаны кыйыр түрдө ырастоодо.
“Астробиологдун кыялы”
Астероидге болгон саякат төрт жылдан ашык убакытты алды. НАСАнын OSIRIS-REx миссиясы 2016-жылдын сентябрында ишке киргизилген, бирок аппарат 2020-жылдын октябрында гана объектке жетип, топурак үлгүлөрүн чогулта алган.
“Осирис” үч жыл дегенде кайтып келди. Баа жеткис жүк Юта чөлүнө (кандайдыр бир булгануу болбошу үчүн) этияттык менен ташталган жана ошол замат Техас штатынын Жонсон шаарындагы НАСА лабораториясына анализге жөнөтүлгөн.
"Бул Жерге алып келинген эң чоң жана көмүртекке эң бай астероид үлгүсү", - деди НАСАнын администратору Билл Нельсон. Чогултулган реголиттин (космостук телонун бетиндеги борпоң топурак) жалпы массасы жарым килограммга да жетпейт.
Алгачкы анализдин натыйжалары журналисттерге Жонсон космостук борборунда өткөн пресс-конференцияда жарыяланып, ошол эле учурда үлгүнүн өзүн дагы биринчи жолу көрсөтүштү.
Бүткүл Күн системасынан да эски болушу мүмкүн болгон баа жеткис жылдыздар аралык породанын көрүнүшү жөпжөнөкөй - кадимки кара чаң жана ошол эле түстөгү шагыл таштар.
Анын химиялык курамы да өзүнчө кызыктуу. Нельсондун айтымында, үлгүдөгү көмүртектин курамы жалпы салмактын дээрлик беш пайызын түзөт жана ал минерал түрүндө гана эмес, татаал органикалык бирикмелерде да табылган.
Суу, илимпоздор башында болжолдогондой, чопо минералдарынын кристаллдык түзүлүшүндө "бекитилген".
Астероиддердин таасири
Бир версия боюнча, Жер дароо эле “жашыл планетага” айланган эмес: океандарды, деңиздерди, дарыяларды жана көлдөрдү түзгөн дээрлик бардык суулар 4–4,5 миллиард жыл мурда астероиддер биздин планетага көптөгөн санда жааган учурда космостон келген.
Алардагы суу биздин планетаны жашоого ылайыктуу кылган.
Бардык жандыктар, биз билгендей, органикалык заттардан — көмүртектин негизиндеги химиялык кошулмалардан турат. Башка элементтер менен байланыш түзүп, илимге белгилүү болгон бардык протеиндерди жана ферменттерди өндүрүү үчүн кандайдыр бир “химиялык скелет” (же алкак) түзөт. Бирок эң негизгиси, ал ДНКны жана РНКны түзгөн генетикалык коддун "курулуш материалынын" негизинде жатат, анын жардамы менен бардык тукум кууган маалымат берилет.
"Бул материал астробиологдун кыялы", - дейт реголитти изилдеген НАСАнын окумуштуулар тобунун мүчөсү Дэниел Главин.
Ал алынган жыйынтыктар изилдөөнүн башталышы гана экенин белгиледи. Жылдыздар аралык чаңдын бүртүкчөлөрү дагы көптөгөн ачылыштарды камтышы мүмкүн, ошондуктан алып келинген үлгүнүн үчтөн бири майда бөлүктөргө бөлүнүп, андан ары изилдөө үчүн дүйнө жүзү боюнча ондогон лабораторияларга өткөрүлүп берилет.
“Көмүртектерге бай материалдын бар экени жана суулуу чопо минералдарынын көп болушу космостук айсбергдин учу гана”, - деди, топуракты изилдөөнү жетектеген Аризона университетинин профессору Данте Лауретта.
"Бенну астероидинин чаңында катылган байыркы сырларды ачып жатып, биз Күн системасынын келип чыгышын терең түшүнүүнү өзүнө жашырган убакыт капсуласын ачып жаткандайбыз", - деп эсептейт ал.












