NYT: Белогоровкадагы салгылашууда орус аскеринин таш-талканы чыкты

Донбасстагы Түндүк Донец дарыясынан өтүү аракети чоң кырсыкка айланды, ошол себептүү ал жөнүндө Кремль көзөмөлдөгөн маалымат булактарында да сөз кылып жиберишти,- деп жазат The New York Times. 

Газета АКШдагы согушту изилдөө институтунун маалыматына таянып берген кабарга караганда, Россия Белогоровканын жанындагы согушта 74-мотоаткычтар бригадасынан 458 аскерин жоготту.

Эксперттер 11-майда согуш болгон жерден спутник менен тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып, орус армиясында масштабдуу жоготуулар болду деген тыянакка келишти. Бул жоготуунун ичинде аскердик курам эле эмес, сексенден ашык согуштук техника да бар.

Россиянын командачылыгы Түндүк Донецке 550 аскер жиберген дейт эксперттер. Алар дарыядан өтүп барып, түндүк-батыштагы Рубежныйдын жанындагы украин аскерин курчоого алмак.

New York Times жазгандай, орус аскеринин оңкосунан түшкөнү кремлдин камчысын чапкан аскер блогерлердин макалаларында да айтылбай калган жок. Мисалы, "Старше Эдды" телеграм-каналы Белогоровкадагы кыйсыпырдан кийин аскердик командачылыкты зыянкечтикке айыптады.

Орус аскеринин Украинадагы жоготуулары, британдык расмий булактардын маалыматы боюнча, он беш миңден кем болбойт. Туура эмес аскердик маневрдын натыйжасында бүтүндөй бөлүктөрдүн ойрону чыгууда.

Британ коргоо министрлигинин маалымдашынча, Россия февралда казатка жөнөтүлгөн кургактагы согуштук күчтөрүнүн үчтөн бирин жоготту. Мунун ичинде курман болгондор жана жарадар болгондор, ошондой эле талкаланып жок кылынган же колдон жулдурган аскердик техника бар.

Россия жоготуулардын ордун толуктап кошумча аскер жиберип жатат, бирок андан чоң майнап чыгары күмөн. Киевден шашылыш чегинип кеткенден кийин орус армиясынын чыгыштагы өнөктүгү мурдагы күчүн жана жигерин жоготту, согушта талкаланган техникасынын ордун толуктай элек.

Британдык расмий адамдар келерки айда деле Россия Украинада олуттуу жылыш жасай албайт деп жатышат. (КС)