Карыз ордуна жашыл экономика: Президенттин демилгеси жана реалдуулук
Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер

Сүрөттүн булагы, President.kg
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жыл башында жаңы демилгесин жарыялады. Ал өлкөнүн тышкы карызын жоюуга кете турган акчаны азыр дүйнө үчүн оголе актуалдуу жашыл экономикага жумшоо сунушун билдирди. Мамлекет башчысы өз оюн азырынча социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды. Эми идея олуттуу негизделип, документке айланмагы жана насыя берген тараптарга расмий сунушталмагы алдыда.

Сүрөттүн булагы, WWW.ENERGO.GOV.KG
Идея дурус. Биринчиден, бул жападан жалгыз жол эмес, бирок тышкы карыздан кутулуунун пайдалуу жолдорунун бири. Президент белгилеген карыздын жалпы суммасы 2022-жылдын ноябрына карата 4,191 млрд АКШ доллары. 2022-жылга бекиген бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 млрд сом, чыгашасы 291,2 млрд сом, б.а. дефицит 9,1 млрд сом же ИДП 1,3% түзөт (https://president.kg/ru/sobytiya/21728_podpisan_respublikanskiy_byudghet_na_2022_god). Болжолу 32 млрд сом карыз, же бюджеттин тартыштыгын 3 жылдык жабууга жете турган акча. Кыялданып санай келсе арбын акча. Биз үчүн оңой олжо эмес.
Экинчиден, тышкы карыздан кутулууга кетчү каражат гидроэнегергетикалык объектилерди курууга, реконструкциялоого кетсе, энергетикалык тартыштыкты жоюуга опол-тоодой кошумча болмокчу.
Кыргызстандагы гидроэнегетикалык ресурстардын, орду толмо энергия булактарынын өздөштүрүлүшү Борбордук Азиядагы энергетикалык балансты сактоого салым кошмогу анык. Маселен, жашы Кыргызстан эгемендүүлүгүн калыбына келтиргенден кыйла улуу "Камбар-Ата-1" ГЭСи. Долбоорлук кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватт, жылына 5 миллиард киловат саат электр кубатын иштеп чыга алат. "Камбар-Ата-1" ГЭСин коңшулары Казакстан жана Өзбекстан менен бирге куруу тууралуу макулдашууга 6-январда Бишкекте кол коюлду. Ушул шартнамага ылайык, ГЭСти куруу үчүн үч өлкө биргелешкен ишкана түзөт экен. Айтымда ишкананын 3/1 Кыргызстан ээлик кылып, калган 60 ашык пайызын өзбек жана казак туугандарга тиймеги макулдашылыптыр. Үлүштөрдү бөлүштүрүүдө жана ГЭСти башкаруу, сууга ээлик кылуу маселесинде айкөлдүк жарашпайт, берешендиктин да чеги болот. Ээн талаада ээсиз жаткан оокат эч качан болгон эмес, болбойт дагы. Биздин өкмөттү алчы-таасын жеген кыйын финансистер, чыгаан адистер жетектейт, алар чычканга кебек алдырбайт деген мүнөздөмөлөр эми ушунда жокко чыкпаса экен.
Үчүнчүдөн, Глазгодо 2021-жылы өткөн климат боюнча саммитте Кыргыз Республикасы ыш-түтүндөн арылуу, аба булгаган газды азайтуу сыяктуу бир топ максаттарды чечүүгө ниетин билдирген. Гидроэнегетикалык ресурстарды, орду толмо энергия булактарын өздөштүрүү жана туташ пайдалануу сыяктуу долбоорлор аркылуу кыш келген сайын быкшыган ыштан арылып, экологиялык зыянды азайтууга Кыргызстандын далалаты күч, аракети арбын экенин калган дүйнөгө далилдей алмак.
Төртүнчүдөн, энергиянын таза булактарына өтүү аркылуу Кыргызстан чындап эле климаттын мындан ары булганышына каршы күрөшкө өз салымын кошмок, ыш-түтүндөн арылмак.

Оор маселе
Ошентип карыздын ордуна жашыл экономика идеясынын пайдасында күмөн жок. Бирок идеяны ишке ашыруу оор маселе экендиги да талашсыз. Өлкө башчысынын демилгесин бизден аласасы барларга, тиешелүү өнөктөштөргө туура жеткирүү, аларды ынандыруу, каршылыктарды жеңүү милдети татаал. Канеткен күндө да, алдыда арбын тоскоолдуктар жана бизге жолулаш болчу жагдайлар туру.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Биринчиден, Финансы министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 4,2 миллиардга чукул насыя ар түрдүү шартта, ар кайсы жылдары берилген. Ар бир насыянын ээси бар. Бир беткей карыз эмес. Андыктан дүңүнөн чечилиши арсар. Эки тараптуу жана көп мамлекеттер катышкан, жалаң пайда көздөгөн акционерлери артында тургандары да жок эмес. Баары кечпейт. Түрдүү субъекттер, түркүн кызыкчылыктар. Кыргыз бийлиги дээрлик чейрек кылымдан ашык көрсөтүп келген баёлук жана берешендик алардын айрымдарына жат көрүнүш.
Андан тышкары, насыя берген мамлекеттин жана уюмдун биз кайтара турган бересеге мелжеген иши, а балким, муктаждыгы бар. Ар бир тыйындын артында эсеп жатат. Демек алардын ар бири менен иштөө абзел. Мисалы, ошол эле Эл аралык валюта фондунун же башка финансылык уюмдун карыздарды кечүү, сүйлөшүү процедуралары, макулдашуу эрежелери бар.
Ошондой эле, кредиторлордун Париж клубунун да принциптерин, жол-жоболорун жана талаптарын эске алуу абзел. Бир эле демилгени жарыялап коюу эч нерсеге татыбайт. Ушул изги ишти мыкты жөндөп кетүүгө президенттин администрациясынын чамасы жетет деп үмүт кылалы. Айтмакчы, Париж клубунун жакыр өлкөлөр үчүн демилгелер программасы да пайдалуу, анын үстүнө биздин айрым аткаминерлер Париж клубу менен иштөөнүн оң жана терс тажрыйбасына ээ.
Экинчиден, глобалдык күн тартибин өз пайдабызга буруу мүмкүнчүлүгү бар. Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясын жактаган 200 өлкө катышкан Конференцияда кабыл алынган документ экологиянын апологеттеринин купулуна толбосо да, олуттуу жыйынтыктарга ээ болду. Ушул саммитте кабыл алынган Глазго климаттык пактысы нечен талаш-тартыш менен коштолду. Оңойбу анан, экономикасын жана калктын тиричилигин камсыздаган көмүр сыяктуу отундан баш тартуу. Мисалы, дүйнөдөгү көмүрдүн импорту боюнча экинчи орунда турган Индия көмүргө байланыштуу ар бир сөз үчүн кармашып, көмүр колдонууну “акырындап токтотуу” (phase-out) деген сөздөрдү “акырындап азайтууга” (phase-down) алмаштырды.
Улуу Британия баштаган 50 ашык мамлекет көмүр жаккан электрстанцияларын таза энергетикага алмаштыруу тууралуу келишимге кол коюшту. Бирок көмүрдү баарынан көп пайдаланган Россия, АКШ жана Кытай бул келишимди колдогону жок. (https://www.rbc.ru/economics/15/11/2021/618e742f9a794783e59910b8). Позициялардын карама-каршылыгына карабастан, Вашингтон менен Бээжин абанын булганышына каршы аракеттер боюнча бир пикирге келди. Бул фактылар глобалдык конференцияда муктаждыктардын жана кызыкчылыктардын ажырымын көрсөтүп турат. Бирок келишкис атаандаш болгон мамлекеттер да айрым учурда орток пикирге келе ала тургандыгы да анык. Глазго климаттык пактысында жашыл, таза энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду колдоо ниети белгиленди. Дал ушул жобону биздин өлкөнүн демилгесин аркалоодо колдонуу максатка ылайыктуу.

Дүйнөлүк тажрыйба

Сүрөттүн булагы, ELVIS
Үчүнчүдөн, тарыхый прецеденттер жана дүйнөлүк тажрыйба бизде бир аз оптимизм жаратат. Дүйнөдө карызды кечүүнүн же аны башка жол менен ордун толтуруунун мисалдары жетиштүү. Мисалы, Финляндиядан бөлөк Европа өлкөлөрү согуш маалында алган карыздарынан кутулган эмес, ар кандай жол менен кийин эсептешкен. Батыш Германиянын ИДП 280% түзгөн ири карызы 1947-жылдан тарта улам жоюлуп отуруп, 1953-жылы түзүлгөн Лондон карыз келишимине ылайык толук кечирилген.
Тескерисинче Германияга Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын анык мүчөсү катары дүйнөлүк финансылык системага катышын камсыздагыдай жардамдар көрсөтүлгөн. 2015-жылы Греция дефолтко учураганда, анын карызынын теңин аласа мамлекеттер, анын ичинде Германия кечкен. Россия да кезегинде ондогон санаалаш мамлекеттердин миллиарддаган карыздарын кечкен.
Төртүнчүдөн, дүйнөлүк ири финансылык уюмдар соңку мезгилде экологиялык проблемаларга байланыштуу табиятты коргоо программалары үчүн карыздарды кечүү саясатын колдоого ыктай башташты. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун эсеби боюнча, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн карызды кечүү ушул учурда прогрессивдүү саясат болуп эсептелет.
Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, 2000-жылы ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде жапкыр мамлекеттердин 4,2 миллиард АКШ доллары карызы айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан программалар үчүн кечирилген. Жаратылышты коргоо программалары үчүн 90-жылдары Польшанын карызынын дээрлик 50% Париж клубу тарабынан кечирилген жана калганы реструктуризация болгон. (https://www.oecd.org/env/outreach/39772156.pdf).

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошол эле учурда, ар бир иштин күңгөй-тескейи болмогу анык. Карызды кечүү дайыма эле оң натыйжа бербейт. Дүйнөдөгү мамлекеттер бири биринен, ар кандай уюмдардан карыз алып жашап келет. Бул абалкы жана универсал көрүнүш. Бирок карызды кечүү ошол карызы кечирилген мамлекеттин кредиттик рейтингин төмөндөтөт, экономикалык кудуретсиздигин тастыктайт. Андан тышкары, карызы кечирилип жаткан жакыр өлкө кайсы бир талаптарды, айрым учурда өлкөнүн улуттук стратегиялык кызыкчылыктарына дал келбеген шарттарды аткарууга мажбурланат. А бул – кесепеттүү иш. Маселен, алдыңкы өлкөлөрдүн жакыр мамлекеттердин тышкы карызын кечүү демилгелери деген 2005-жылы Лондондо кабыл алынган программасынын (HIPC) натыйжасы алигиче күмөндүү. Ушул HIPC программасы менен оңолуп кеткен мамлекет жокко эсе.
Ар кандай идея саясий-дипломатиялык, финансылык, укуктук, техникалык жана маалыматтык коштоого муктаж. Карыздан кутулуунун биздин улуттук кызыкчылыктарга, суверенитетке жана коопсуздугубузга доо келтирбеген, келечекте кесепети тийбегидей жолдорун издеп, ишке ашыруу милдети туру.
- Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын маегин толугу менен бул шилтемеден көрсөңүз болот. Анда тышкы карыз тууралуу да кенен сөз болгон. Финансы министри: Пандемия болбосо карыз албайт элек










