Глобалдык изилдөө: баланын смартфонду эрте колдонушу психикалык көйгөйлөргө алып келет

Смартфон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Николай Воронин
    • Role, Би-Би-Синин илимий кабарчысы

13 жашка чейин телефон колдоно баштаган өспүрүмдөр бойго жеткенде көп тынчсызданып, жалгызсырап, өзүнө кол салуу жөнүндө ойлорго көбүрөөк батат. Бул тууралуу 163 өлкөдөн жана аймактан 100 миңден ашуун өспүрүм катышкан жаңы глобалдык изилдөөдө айтылат.

Анын жыйынтыгы Journal of Human Development and Capabilities илимий журналында жарыяланган. Изилдөөнүн авторлору телефонду эрте колдонуп баштоо баланын калыптана элек психикасына олуттуу доо кетирээрин айтып коңгуроо кагышууда.

Мындан тышкары, топтолгон маалыматтарды талдашып (катышуучулар 18 жаштан 24 жашка чейин болгон) бала смартфонду канчалык эрте "колуна алса" өспүрүм кезинде психикалык жактан жабыркоо коркунучу ошончо жогору экенин белгилешет.

"Телефонду 13 жашка чейин "колуна алгандардын" арасында оор кесепеттер байкалган. Айрыкча кыздарга тиешелүү: тынчсыздануу жана кыжалат болуу, реалдуу жашоодон алыстап кетүү сындуу сезимдер келип, анда-санда өзүнө кол салуу тууралуу ойлорго кабылып турушкан", – деп жазат изилдөөнүн башкы автору, Sapien Labs америкалык аналитикалык борборунун профессору Тара Тьягаражан.

Жаштардын психикалык ден соолугунун абалы MHQ (Mind Health Quotient) индексинин жардамы менен бааланган. Анда эмоционалдык, когнитивдик жана социалдык функциялардын деңгээли талданат.

13 жашында телефонго "байланган" өспүрүмдөрдүн MHQ көрсөткүчү орточо 30 балдын тегерегинде болгон. Ал эми Смартфонду беш-алты жашында колдоно баштагандар үчүн бул көрсөткүч дээрлик нөлгө чейин төмөндөгөн.

Гаджет колдонуунун кесепети кыздарга көбүрөөк таасир тийгизгени байкалган. Беш-алты жашында эле колдоно баштаган кыздардын арасында өзүнө-өзү кол салуу ойлору дээрлик жарымында (48%) катталса, телефонду 13 жашында гана алгандар арасында дээрлик эки эсе (28%) сейрек кездешкен. Тактап айтканда ар бир төртүнчүсүндө мындай терс ойлор байкалган.

Баланын психикалык саламаттыгын эмне начарлатат?

Бала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, кооптондурган негизги фактор бул – гаджеттин өзү эмес, балдарга ал аркылуу социалдык тармактарга жол ачылганы. Ошондой эле жаштардын психикалык көйгөйүнүн 40 пайызынын себеби өспүрүм кезде интернет желеси менен эрте таанышкандыгы экени белгиленет. Анын кесепетинен кибербуллинг, уйкусуздук орун алып, үй-бүлөдөгү карым-катнаш начарлайт.

АКШ, Улуу Британия, Канада жана Австралия сыяктуу бирдиктүү маданияты бар өлкөлөрдө абал ойлогондон да коркунучтуу. Балдардын смартфон менен "таанышуусунун" орточо курагы болгону 11 жашты түзөт. Социалдык тармактардын таасири психикалык мүмкүнчүлүктөрдү 70% кеңейтет, өзгөчө ага кыздар көп дуушар болушат.

Муну менен катар изилдөөдө интернетти колдонууда жаш-курактык чектөөлөргө карабастан, санариптик платформалар аларга каршы бөгөт чарасын натыйжалуу иштете албай жатканы, мындан улам 13 жашка чейинки балдар үчүн жеткиликтүү бойдон кала берээри айтылат.

Кандай чаралар каралууда?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Изилдөөнүн авторлору мыйзам жазгандарды алкоголдук ичимдиктер же тамеки сатыгын жөнгө салган чектөөлөрдөй бир катар бөгөт чараларын киргизүүгө үндөшөт.

Тактап айтканда:

• мектеп программасынын алкагында "санариптик гигиенаны" милдеттүү түрдө окутуу;

• санариптик платформаларда колдонуучулардын жашын кылдаттык менен текшерүү;

• 13 жашка чейинки балдар үчүн ар кандай социалдык тармактарга кирүүгө катуу тыюу салуу;

• альтернативдик түзүлүштөрдүн рыногун өнүктүрүү (социалдык тармактарга жана интернетке байланбаган балдар телефондору).

"Технология багытында мыйзамдарды жазып, аларды кабыл алууга караганда бул багыт алда канча тез өнүгүп жатат. Бул тармакта активдүү иш алып барууну суранабыз", – дейт профессор Тьягаражан.

Кээ бир өлкөлөрдө бийлик балдардын смартфондорго жана социалдык тармактарга "жолдомо алуу" маселесин мыйзамдуу жол менен чечүүгө көптөн бери белсенген.

Мисалы, Францияда башталгыч жана орто мектептерде смартфондорго тыюу салынган.

Кытай өкмөтү балдар менен өспүрүмдөрдүн экран алдында өткөргөн убактысын чектөөнү өлкөдөгү санарип платформаларга буйруган.

Балдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШнын бир нече штаты колдонуучулардын жашын милдеттүү түрдө текшерүү жана алар жарыялаган мазмун үчүн компаниялардын жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоорлорун талкуулап жатышат.

Ошол эле учурда изилдөөнүн авторлору жалгыз ата-энелер тарабынан жүргүзүлгөн жеке чаралар глобалдык көйгөйдү чечпей турганын баса белгилешет.

Илимпоздордун айтымында, эгер системалуу мамиле болбосо, келечек муун эмоционалдык жактан аялуу жана коомдон обочолонуп чоңоюшу ыктымал. (КВ)