Изилдөөчүлөр төрт күндүк иш жумалыгы ден соолукка пайдалуу дешет. Эмнеге көпчүлүк мындай тартип менен иштебейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images/Skynesher
- Author, София Беттица
- Role, Би-Би-Си дүйнөлүк Кызматы
Жумасына беш күн иштеп, дем алыш күндөрү ырахаттана бериңиз – бирок дүйшөмбүдө маанайыңыз пас болууга даяр болуңуз. Андайды алдын алууга мүмкүнбү?
Бул тармактагы окумуштуулардын ири иликтөөсү жакында эле Nature Human Behaviour илимий журналында жарыяланды. Анда жумасына төрт эле күн иштөө адамдын сергек жүрүп, жумуш менен жашоону мыкты айкалыштырары айтылган.
Бостон колледжинин эксперттери АКШ, Улуу Британия, Австралия, Канада, Ирландия жана Жаңы Зеландиядагы 141 компанияда изилдөө жүргүзүшкөн. Анда төрт көрсөткүчтүн негизинде – чарчоо, жумуштан канааттануу, физикалык жана психикалык саламаттык боюнча көзөмөлдөшкөн.
"Кызматкерлердин сергек жүрүп калганын байкадык. Алар иштеген компаниялар да кирешесин көбөйтүп, эмгек өндүрүмдүүлүк көрсөткүчтөрү жогорулатарын белгилешти. Эми, сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин, катышуучулардын 90%ы төрт күндүк иш тартибин улантууну чечишти", – дейт изилдөөнүн башкы автору Вэнь Фань Би-Би-Сиге берген маегинде.
Окумуштуулардын бул эмгеги жумуш менен жашоону мыкты айкалыштырууга багытталган изилдөөлөрдүн өсүп жаткан жыйнагына дагы бир салым болуп кошулду. Бирок жакында эле башка бир изилдөө узак иштөө мээнин түзүлүшүн өзгөртүшү мүмкүн экенин ачыктаган.
Эгерде ден соолукка тийгизген пайдасы ачык-айкын эле айтылып жатса, анда эмнеге биз жумасына төрт күн иштебейбиз?
Ашыкча иштөө маданияты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай өзүнүн "996" аттуу иш тартиби менен таанымал. Ага ылайык, жумушчулар эртең мененки 9:00дон баштап кечки 21:00ге чейин жумасына алты күн бою иштешет.
Индияда технология жана каржы тармактары тез өнүгүп жаткандыктан, кызматкерлер көп учурда глобалдык суроо-талапты канааттандыруу үчүн ашыкча иштөөгө мажбурлаган кысымга кабылышууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кытай, Индия, АКШ жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө ашыкча иштөө маданиятын катуу бааланат", – деди профессор Фань.
Ал эми Японияда акы төлөнбөгөн ашыкча иштөө тартиби ушунчалык кеңири таралгандыктан, жапон тилинде аны айкалыштырган атайын түшүнүк пайда болгон: кароси.
"Японияда ашыкча иштөө дээрлик коомдук ырым-жырым катары саналат. Адамдар жумуш ордунда кыла турчу эч кандай иши жок болсо да кечке отура беришет. Бул жумушка берилгендикти чагылдырат", – деди Японияда эмгек маданияты боюнча эксперт Хироси Оно.
Ал мындай мамиле Япониянын жамааттык маданиятынан келип чыкканын түшүндүрөт.
"Японияда коллективде кимдир-бирөөнүн иштебей калганын жактырышпайт. Эгер бирөө жума күнү эс алуу алып, иштебей калса, башкалар: "эмне үчүн ал бүгүн жумуштан качып кете алат?" деп ойлошот", – деди ал.
Көпчүлүккө таң калыштуу сезилиши мүмкүн, бирок жада калса мыйзамдуу жеңилдиктерди, мисалы, бала багуу боюнча өргүүнү да жапондор көп учурда колдонушпайт.
"Эркектер бир жылга чейин өргүүгө чыга алышат, бирок андай кылгандар өтө аз – кесиптештерине ыңгайсыздык жараткысы келбейт", – дейт Оно.
Профессор Вэнь Фань айтымында, окумуштуулар жүргүзгөн бул сыяктуу изилдөөлөр жумушка калыптанып калган мамилени өзгөртө баштады. Ал тургай ашыкча иштөө салты "тамырлашып калган" жерлерде да.
Мисалы: Исландияда азыр адамдардын дээрлик 90%ы кыскартылган иш тартиби боюнча иштешет. Ошондой эле, жумасына иш күндөрүн кыскартууга укуктуу.
Бул сыяктуу эксперименттер бир нече өлкөлөрдө, анын ичинде Түштүк Африкада, Бразилияда, Францияда, Испанияда, Доминикан Республикасында жана Ботсванада жүргүзүлүүдө.
Ушул жылдын башында Токио мамлекеттик кызматкерлер үчүн төрт күндүк иш жумасын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду баштаган. Жакында эле Дубай дагы ушундай демилгени жайкы сезонго ишке киргизген. 2025-жылдын октябрынан тарта түштүк кореялык 67 компания 4,5 күндүк иш тартибине эксперимент баштайт.
Иш менен жашоо шайкеш келбейт

Сүрөттүн булагы, City of Golden PD
"Пандемия башталгандан бери адамдардын көбү өздөрүнүн жумушу менен жеке жашоосу шайкеш келбей калганын байкашкан", – дейт 4 Day Week Global компаниясынын башкы директору Карен Лоу.
Анын уюму Бразилиядан Намибияга жана Германияга чейинки дүйнө жүзүндөгү компанияларга төрт күндүк иш тартиби алкагында иштеп көрүүгө жардам берет.
Алар ишке ашырган эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири – Колорадо штатынын Голден шаарындагы полиция башкармалыгы. Ал жакта 250 кызматкер иштейт. Жумасына төрт күн иш тартиби киргизилгенден бери ашыкча сааттардагы чыгымдар дээрлик 80% кыскарды, ал эми кызматкерлердин иштен кетүүсү эки эсеге азайды.
"Эгер бул полиция башкармалыгында, кызматкерлер көчөлөрдө күзөт кылып, өзгөчө кырдаалдарда иштесе, анда бул ыкма бардык тармактарда ийгилик көргөзө алат", – дейт Лоу.
"Биз 2019-жылы биринчи экспериментти баштаганда, кызыккан компаниялар өтө аз эле. Азыр болсо миңдеген компаниялар кошулду. Көрсөткүчтөр канчалык эффективдүү экенин далилдөөдө. Болгону муну туура түшүнгөндөр аз", – деп кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Karen Lowe
Анын айтымында, жумасына төрт эле күн иштөө жалпы иш нугун төмөндөтөт деген жаңылыш түшүнүк кеңири тараган. Чындыгында, ал туура эмес, натыйжасы такыр башка.
Буга чейин жумасына төрт күн иштөөнү 2019-жылы Microsoft Japan компаниясы баштап, ишканада эмгек өндүрүмдүүлүгү 40 пайызга жогорулаганы айтылат. Бирок компания бул чараны туруктуу негизде киргизген эмес.
Ири компаниялар ар түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болушаарын, алардын кээ бир бөлүмдөрү ар кайсы өлкөлөрдө жана ар кандай убакыттарда иштешээрин Лоу белгиледи.
Анын айтымында, дагы бир чоң жаңылыштык – кызматкерлер кошумча дем алыш күндү компенсациялоо үчүн көбүрөөк иштеши керек деген ой.
"Маселе беш күндү төрт күнгө батыруу эмес, жоготууларга учураганды кыскартуу. Азыр көптөгөн иштерди жасалма интеллекттин жардамы менен автоматташтырылгандыктан, андай натыйжасыз тапшырмаларды оңой эле аныктай алабыз", – дейт ал.
Ден соолукту чыңдоо үчүн натыйжалуу ыкма

Сүрөттүн булагы, Charl Davids
Кейптаундагы Стелленбос Университетинин консультациялык борборунун директору Чарл Дэвидс үчүн төрт күндүк иш тартиби жөн гана жумуш графигин өзгөртүү эмес, ага "куткаруучу стратегия" болгон.
Анын командасы 30 000ден ашык студенттерге психологиялык колдоо көрсөтөт. Анын айтымында, адистер жумуштан кеткиси келип, эч нерсеге көңүлү чаппай калган.
"Ишке келбей калгандар аябай көп болчу. Жумуш алдында чалып, ооруп калганын кабарлашчу. Алар иштей албай эле, "күн кечирип" калгандай сезилчү. Иштен катуу чарчаган синдромго кабылган", – дейт ал.
Түштүк Африка дүйнөдөгү эң жогорку психикалык жактан жабыр тарткан өлкөлөрдүн катарына кирет.
Чарлдын командасында 56 адам иштейт. Алар тынчсыздануу, жумуштун көптүгү жана ресурстардын жетишсиздиги менен күрөшүп келишкен. Мындай жагдай жумушчуларды абдан оор абалга кептеген эле.
Жетекчиликтин каршылыгына жана өз командасынын шектенүүсүнө карабастан, ал төрт күндүк иш тартибин киргизген.
"Мындай ыкма ишке ашпайт деп ойлошкон. Бирок анын натыйжасы укмуштуудай болду", – дейт ал.
Өткөн жыл ичинде жумушчулар арасында 51 күнгө бейтап баракчасын колдонулгандыгы катталган. Ал эми жумасына төрт эле күн иштөөгө киришкенден алты ай өтпөй бул көрсөткүч төрт эсеге кыскарган.
Жумушчулардын уктоосу жакшырып, физикалык активдүүлүгү көбөйгөнүн жана хоббилери менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алганын белгилешкен.
"Алар дем алыш күндөрүн зериктирген үй иштери менен эле алек болбой, үй-бүлөсүнө убакыт бөлө башташты", – дейт Чарл.
Чарл кызматкерлеринин сергек болуусу жумушуна да оң таасир тийгизгенин баса белгиледи.
"Алар кылып жаткан ишине кунт коюп, көңүлдүүрөөк аткара башташты. Бул студенттерге көрсөтүлчү кызматтын сапатына чындап эле таасир этти", – деди Чарл.
Универсалдуу, баарына ылайыктуу чечим жок
Канчалык жыйынтык болбосун, мындай ыкмаларды бардык тармактарга колдонуу мүмкүн эмес.
"Мамлекеттин өнөр-жай структурасы жана анын өнүгүү баскычы маанилүү роль ойнойт", – дейт профессор Вэнь Фань.
"Африкада көпчүлүк кызматкерлер айыл чарбасында, тоо-кен өнөр жайында же формалдуу эмес сектордо иштейт. Алардын жумуш графиги мындайга ылайыкташылган эмес", – деп кошумчалайт Карен Лоу.
Лоу белгилегендей, төмөн квалификациялуу физикалык жумушту кайрадан карап чыгуу кыйын. Бул тармактагы жумуш берүүчүлөр көбүнчө кирешени көбөйтүүгө умтулат, графиктерди өзгөртүүгө эмес.
Бирок айрым жетишкендиктер дагы ачыкталган.
Профессор Фаньдын изилдөөсүнө курулуш, өндүрүш жана мейманкана тармактарындагы компаниялар кирген. Алардын айрымдары өзгөрүүлөрү тууралуу бөлүшүшкөн.
"Мындай жаңы ыкма бир катар секторлордо натыйжасын көрсөтө алат, бирок мен төрт күндүк иш тартиби "бардык балаадан дабаа" катары айткым келбейт. Бул универсалдуу, баарына ылайыктуу чечим эмес ", — дейт ал.
Жаштар өзгөрүүлөргө умтулууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эксперттердин айтымында, бүгүнкү күндө жаштар мындай өзгөрүүлөргө сүрөгөн негизги күч катары калыптанууда.
2025-жылы жүргүзүлгөн глобалдык сурамжылоодо биринчи жолу тарыхта жумуш менен жеке жашоонун балансы айлык акыдан артык экендиги көрсөтүлгөн.
Түштүк Кореяда көптөгөн жаш кызматкерлер жумуш күндөрүн кыскартуу үчүн айлыкты азайтууга даяр экенин билдиришүүдө.
"Жаш муун арасында азыркыдай толук кандуу иштөөгө каршы болуп жаткандар өсүүдө. Алар жумуш тууралуу, жашоодон каалаган нерселери боюнча негизинен башка түшүнүктөргө ээ", – дейт профессор Фань.
Профессордун айтымында, пандемиядан кийин массалык иштен кетүү, "тынч кызматтан кетүү" (негизги жумуш милдеттерин гана аткаруу) жана Кытайдагы "отуруп каршылык көрсөтүү" (ашыкча сааттарда иштөө маданиятына баш тартуу) сыяктуу көрүнүштөр аркылуу жаш кызматкерлер өз нааразылыгын билдирип, жумушка ашыкча мамиле кылуу же күйүп-бышуу маданиятынан арылып жатканын көрсөтүүдө.
Убакыттын өтүшү менен бул өзгөрүүлөр жумуш ордундагы жүрүм-турум нормаларын өзгөртүшү мүмкүн.
Японияда дагы Хироши Оно кээ бир өзгөрүүлөрдү байкоодо.
"Азыр Япониянын эркектери арасында 30%ы бала багуу үчүн өргүү чыгып калган, буга чейин мындай дээрлик катталчу эмес. Адамдар өзүнүн сак-саламаттыгына жана бакубат жашоосуна көбүрөөк көңүл бура баштаганын көрсөтүп турат , – дейт ал.
Эксперттин айткандарын Карен Лоу дагы тастыктайт.
"Биринчи жолу кызматкерлер чындап эле өз кызыкчылыгын коргой башташты. Алар канчалык жаш болсо, өзгөрүүлөргө ошончолук умтулушууда", – деди ал.
Ал бул жааттагы өзгөрүүлөр тез өнүгүп жатканына токтолду.
"Ковид биринчи бурулуш учур болсо, келечекте төрт күндүк иш тартиби дагы күнүмдүк көңүмүш болот деп ишенем", – деп белгиледи Карен Лоу. (КВ)












