Кеп генетикада эмес. Дени сак карылыкка жетүүнүн сыры эмнеде?

Коомчулук менен карым-катнашты сактап калуу аябай маанилүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомчулук менен карым-катнашты сактап калуу аябай маанилүү

Кардиолог Эрик Топол 98-жаштагы Л.Р. аттуу бейтабын биринчи жолу көргөндө аябай таасирленген. Жашы жүзгө жакындап калган кемпир өзү жалгыз, эч кимди коштобой эле медициналык борборго кирип келгенде, дарыгер таңгалып кантип келгени боюнча суроо узаткан.

"Өзү жалгыз унаа менен келген экен. Көп өтпөй бейтап тууралуу мени таң калтырган көп нерсени билдим", – деди Би-Би-Сиге дарыгер.

"Энергиясы ашып-ташкан, дени сак аял экен. Жалгыз жашаса дагы, жоро-жолдоштору көп, бирок ошол эле учурда жалгыздыктан ырахат алган киши экен", – деп кошумчалады.

Доктор Топол – окумуштуу, АКШдагы белгилүү Скриппс трансляциялык изилдөөлөр институтунун негиздөөчүсү жана директору. Акыркы эмгегинде эмнеден айрым адамдар узак жашап, ошол эле учурда ден соолугун чың бойдон сактап кала алышарын изилдеген.

Окумуштуу картаюуну жайлатуу максатында жалган илимий мифтерге ишенбөөнү эскертет – мисалы ар кандай дары-дармектерди жана чөп-чарларды ичүүгө, илим менен далилденбеген дарылоо ыкмаларын колдонуудан оолак болууну сунуштайт.

"Балким бир күнү сыйкырдуу дары пайда болоор, бирок азыркы күндө андай нерсе жок. Андайга караандайлекпиз", – деди ал.

Анда илим тарабынан тастыкталган дени сак карылыкка жетүүнүн сыры эмнеде?

Генетиканын ролу

Генетика дени сак карылыкка жетүүдө мурда айтылып келгенден дагы азыраак ролду ойнойт окшойт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генетика дени сак карылыкка жетүүдө мурда айтылып келгенден дагы азыраак ролду ойнойт окшойт

2007-жылы доктор Топол командасы менен алты жылга созулган чоң изилдөө жүргүзгөн. Анда 80ден ашкан ден соолугу чың, эч кандай илдеттерге чалдыкпаган 1400гө жакын америкалыктардын геномдорун тизмектешкен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Өмүрүндө олуттуу же өнөкөт илдеттери менен эч оорубаган, узак убакыт бою дары ичпеген жана жашы 85тен жогору адамды табуу аябай кыйын болду", – дейт изилдөөчү.

Команда "суперэйджерлер" тобун (бул улгайса да, эс тутуму, ден соолугу 30-40 жаштагыдай болгон адамдар) изилдеп, алардын ден соолугунун саламаттыгын түшүндүрө турган өтө аз генетикалык факторлорду табышкан.

Топол 98 жаштагы бейтабы менен изилдөөсү жарыялагандан кийин жолуккан, бирок анын тарых-таржымалын акыркы эмгегине кошкон. Үй-бүлөсүндө эрте каза болгондор катталса дагы, окумуштуу аны дени сак карылыктын мисалы деп эсептейт.

"Укмуштуудай ден соолугун сактап, жүзгө чейин өмүр сүргөндөр үй-бүлөлүк мыйзам-ченемдүүлүккө ылайык жашашпайт. Мүмкүн, мында кандайдыр бир генетикалык компонент бардыр, бирок ал чечүүчү фактор болуп эсептелбейт", – деди окумуштуу.

Анын айтымында, генетика дени сак карылыкка жетүүдө чечүүчү фактор болбошу мүмкүн деген ой-пикир үй-бүлөөсүндө эрте каза болуп же өнөкөт ооруларга чалдыккан адамдар үчүн үмүт берет.

Адамдын табияты ашыкча тамак жегенге ылайыкташкан эмес

Өнөкөт сезгенүү жаш-куракка жараша илдеттерге, анын ичинде Альцгеймер жана жүрөк-кан тамыр ооруларын өрчүтүшү мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өнөкөт сезгенүү жаш-куракка жараша илдеттерге, анын ичинде Альцгеймер жана жүрөк-кан тамыр ооруларын өрчүтүшү мүмкүн

Окумуштуу Тополдо "суперэйджерлер" жаш куракка жараша өнөкөт сезгенүүгө азыраак дуушар болот деген гипотеза изилдөө учурунда пайда болгон. Сезгенүү – бул дененин жаракатка, инфекцияга же кыжырданууга табигый реакциясы.

Бирок сезгенүү өтө узакка созулса олуттуу илдеттерди, өзгөчө жүрөк-кан тамыр жана нейродегенеративдик ооруларды пайда кылышы мүмкүн, деп түшүндүрөт Лондон университетине караштуу Дени сак карылык изилдөө институтунун директору, профессор Дэвид Жеймс.

Анын айтымында, бул көрүнүштү инфламэйджинг деп аташат – ал англис тилиндеги inflammation ("cезгенүү") жана ageing ("картаюу") деген сөздөрдөн алынган.

"Өнөкөт сезгенүүнү сиз үйүңүзгө бир нерсени оңдоо үчүн усталарды чакырган учурга салыштырса болот, бирок алардын жумушу бүтпөй эле, барган сайын дагы жасата турчу нерселери чыга берип, кетпей жүрө беришет – барып-барып чоң көйгөй жаратат", – деп түшүндүрөт профессор.

Дагы бир теорияга ылайык, биздин бүгүнкү жашоо-турмушубуз жана тамактануубуз эволюция процессинде организмибиз ылайыкташып калган табигый шарттарга каршы келүүдө. Ошондон улам өнөкөт сезгенүүлөрдүн башталышына себепчи болууда.

"Биздин организм азык-түлүк жетишсиз учурга ийкемдүү болуп калган. Азыркы таптагы үзгүлтүксүз ашыкча тамак-ашка, айрыкча майлуу жана кайра иштелген азык-түлүктөргө такыр ылайыкташкан эмес", – дейт Жеймс.

Айрыкча кант диабети, деменция жана жүрөк-кан тамыр оорулардын пайда болушунун себептеринин бири – сезгенүү, - деп белгиледи профессор.

Сезгенүү коркунучун кантип азайтууга болот?

Мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга бай тамактануу – дени сак картаюунун кепилдиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга бай тамактануу – дени сак картаюунун кепилдиги

Доктор Тополдун көп сунуштары биздин адаттагы дени сак жашоо принцибибизге ылайык келет. Ал жер-жемиштер менен жашылчалардан негизделген Жер Ортолук деңиз диетасын сактоону сунуштайт.

Ошондой эле жетиштүү жана жакшы уйку абдан маанилүү экени белгилейт.

"Ар бир түнү мээбизде жашоо процессибиздин кошумча калдыктары – метаболиттер топтолуп калат. Алар чындап эле сезгенүүгө себеп болушат. Биз алардан глимфатикалык каналдар аркылуу арылышыбыз керек", – деп түшүндүрөт доктор Топол.

2012-жылы илимпоздор мээден жашоо процесстери учурунда пайда болгон калдыктарды жоюуга жооптуу глимфатикалык системаны ачыкташкан. Ал процесс уйку учурунда активдүү иштээри айтылган.

"Көрсө, биз жетиштүү терең уйкуга батпасак, бул калдыктар жок болбой эле мээде сезгенүүнү пайда кылышы мүмкүн. Ошентип, нейродегенеративдик оорулардын алдын алуу үчүн биз терең уйкубуздун сапатына кам көрүшүбүз керек ", – дейт окумуштуу.

Оор физикалык көнүгүүлөрдү кылыштын кажети жок, эң негизгиси кыймыл-аракетте болуш керек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оор физикалык көнүгүүлөрдү кылыштын кажети жок, эң негизгиси кыймыл-аракетте болуш керек

Дагы бир сунуш – физикалык көнүгүүлөрдү жасап туруу.

Тез басуу же велосипед тебүү аэробдук көнүгүүлөрдүн эң сонун үлгүлөрү,- деп белгилейт ал. Бирок адамдар физикалык көнүгүүлөрдүн башка түрлөрүн, анын ичинде күч-кубатты талап кылган жана тең салмактуулукту сактаган көнүгүүлөрүн да эске алышы керектигин белгилей кетти.

"Көнүгүүлөр экстремалдуу болушу керек эмес – ар кандай үзгүлтүккө учурабаган физикалык иш-аракеттер натыйжасын берет", – деп Топол баса белгиледи.

"Биз баарыбыз көбүрөөк кыймыл-аракет кылышыбыз керек. Муну тажабай айтканга даярмын", – дейт 71-жаштагы Эрик Топол

Сүрөттүн булагы, Sandy Huffaker for The Washington Post via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Биз баарыбыз көбүрөөк кыймыл-аракет кылышыбыз керек. Муну тажабай айтканга даярмын", – дейт 71-жаштагы Эрик Топол

Ошондой эле элден обочолонуп калбай, коомчулук менен карым-катнашты сактап калуу маанилүү: бул деменция илдетине кабылуу коркунучун азайтат.

2020-жылы Lancet журналынын изилдөөчүлөрү социалдык обочолонууну жоюу деменциянын глобалдык таралышын 4% га азайтышы мүмкүн деп эсептешкен.

Сидней университети жүргүзүлгөн дагы бир изилдөөдө Австралия, Түндүк Америка, ошондой эле Европа, Түштүк Америка, Азия жана Африка континентеринин бир катар өлкөлөрүн камтыган 13 эл аралык изилдөөнүн маалыматтары талданган. Окумуштуулар социалдык өз ара аракеттешүүнүн кайсы түрлөрү көбүрөөк таасир тийгизерин аныктоого аракет кылышкан.

"Жоро-жолдоштор же туугандар менен алака-катышты кармап, тез-тез кездешип туруу, ошондой эле чер жазыша баарлашып турчу бирөө-жарым болсо деменция илдетине чалдыгууну басаңдатаарын ачыктадык. Мындан сырткары, башка адамдар менен биргеликте жашоо жана коомдук иш-чараларга аралашуу өлүм коркунучун азайтат", – дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, доктор Сураж Самтани.

Социалдык алака-катнаш Альцгеймер оорусунун мээге тийгизген таасиринен коргойт деп айтылат – бул когнитивдик резерв деп аталат. Ал ошондой эле көнүгүү сыяктуу дени сак адаттарды калыптандырууга жардам берет. Улуу Британиядагы Альцгеймер коому (Alzheimer's Society UK) билдиргендей, бул стрессти жана сезгенүүнү азайтууга жардам берет.

Доктор Топол жүзгө таяп калган Л.Р. аттуу бейтабын картаюунун идеалдуу мисалы деп атайт.

"Анын мүнөзү абдан шайыр, бул башкалар менен үзгүлтүксүз баарлашууда болгону менен коштолот. Анын көптөгөн хоббилери бар – ал майлуу боёктор менен сүрөт тартат, керек болсо сыйлыктарга татыган экен", – дейт ал. Жыйынтыктап: "Биздин максатыбыз – дени сак карылыкка жетүү", – дейт.

Бурулуш учур

Доктор Топол адамдын жашына жараша ооруларды алдын-ала аныктоого бурулуш учур жакындап келетат деп эсептейт

Сүрөттүн булагы, Sandy Huffaker for The Washington Post via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Доктор Топол адамдын жашына жараша ооруларды алдын-ала аныктоого бурулуш учур жакындап келетат деп эсептейт

Жакынкы келечекте жасалма интеллект дарыгерлерге чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдоодо жардам берет деп Топол үмүттөнөт. Анын жардамы менен жашына жараша ооруларды эртерээк аныктоого жана алдын алууга болот. Ал тургай адамдын кайсы жашта ооруга чалдыгуу ыктымалдыгын билүүгө мүмкүн экенин айтат.

"Биринчи кезекте оорунун өрчүшүнө жол бербөө жөнүндө кеп болуп жатат, айталы, биринчиден кийин экинчи инфаркттын алдын алуу аракети", – дейт ал.

Доктор Топол мындай ыкманы "бурулуш учур" деп атаса, профессор Жеймс адамдардан келечектеги ден соолугу тууралуу маалымат берилсе да, жашоосуна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылуу реалдуу деп эсептебейт.

"Эмне үчүн баары эле туура тамактанбайт деген суроо түйшөлтүшү мүмкүн? Туура тамактаныңыз, спорт залга барыңыз, чуркаңыз. Бирок буга көпчүлүктүн убактысы жетишсиз. Мен муну панацея деп ойлобойм", – дейт ал. (КВ)