Украинадагы согушта Орусия тарапта согушууга кеткен азербайжандыктар

Сүрөттүн булагы, Elchin Abbasov
- Author, Илькин Гасанов
- Role, Би-би-си Азербайжан кызматы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Бул азербайжан тилинде жарыяланган макаланын кыскартылган котормосу. Түп нускасын бул жерден окууга болот.
"Анын кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатам… Баламдан бир жыл жети айдан бери эч кандай кабар жок. Июнь айынан бери такыр кабар ала элекпиз", - дейт Гюльбениз Ганиева.
Анын 28 жаштагы уулу Нихад Ганиев 2024-жылдын жай айларынан бери дайынсыз болуп жатат. Ал Москва облусунун Балашиха шаарында бармен болуп иштеп жүргөн. Кийин контрактка кол коюп, Украинага каршы согушуп жаткан орус аскерлерине кошулган.
Гюльбениз Ганиеванын айтымында, уулу согуш аймагына 2024-жылдын 24-майында жөнөтүлгөн. Ага чейин ал аскердик даярдыктан өтүп, үй-бүлөсү менен дайыма байланышта болуп турган. Акыркы жолу ал апасына токойдо экенин, жакын арада чала албай турганын айткан.
"Ал: "Апа, мен мындан ары силерге чала албайм, биз алыска кетип жатабыз. Байланыш болсо, сөзсүз чалам", - деди. Анан 21-июнда чалды. Бул анын акыркы телефон чалуусу болду", - дейт апасы.
Төрт жылдык согуш жана курман болгон ондогон азербайжандыктар
Февраль айында Орусиянын Украинага бастырып киргенинен төрт жыл толот. Бул убакыт аралыгында согушка жүздөгөн Азербайжандын жарандары же орус жарандыгын алган этникалык азербайжандыктар катышканы тууралуу көп эле айтылды. Бирок бул тууралуу расмий маалыматтар жок.
Би-би-синин Азербайжан кызматы Орусиядагы, Украинадагы жана Азербайжандагы ачык булактарды жана коомдук тармактарды изилдеп чыгып, орус тарапта согушка катышкан кеминде 65 азербайжандыкты, анын ичинде курман болгондорду (47 адам) же дайынсыз жоголгондорду (18 адам) аныктады.

Нихад Ганиевдин окуясы
"Бир тууганым уулум кызмат кылган аскер бөлүгүнө барып, "Ал сапёр эле го, эмне үчүн аны алдыңкы сапка жибердиңер?" деп сураган. Алар болсо: "Мына, өзү кол койгон -танк дивизиясы, жөө аскер, гранатомётчу деп колу турат", — дешкен", - дейт Гюльбениз Ганиева.
Ага Нихад 2025-жылдын 30-июлунда дайынсыз жоголгонун кабарлашкан. Бирок анын үй-бүлөсү Нихад менен 21-июндан тарта эле байланыша албай калышкан. Ага чейин алар дээрлик күн сайын сүйлөшүп турушчу.
"Маселе ушунда, андан эч бир дайын жок болууда. Аскер бөлүгүнө кайрылсаң - жымжырт. Министрликте болсо "ооба, дайынсыз жоголгон" деп гана айтышат. Бирок ал кайда? Өлүкканада да жок, башка жерде да жок. Менин балам кайда?" - деп кейийт апасы.
Уулунун фронтто жоголгонун уккан соң, Гюльбениз Москвага барып ДНК анализи үчүн биоматериал тапшырган, бирок азырынча жыйынтыгы чыга элек.

Сүрөттүн булагы, Gyulbeniz Ganieva
28 жаштагы Нихад үчүн согуш бөтөн көрүнүш эмес эле. Ал Азербайжандын армиясына аскерге чакырылып, Экинчи Карабах согушуна да катышкан. Демобилизациядан кийин Баку менен Москванын ортосунда жашап, айдоочулук күбөлүк алып, айдоочу болуп иштөөгө аракет кылган.
Орусияга кетер алдында апасына аскердик кызматка орношорун айтып, бирок "согуш аракеттерине катышпайм" деген.
Гюльбениздин айтымында, кийин ал уулу фронтко кетүүгө алдын ала даярданып жүргөнүн, аны кимдир бирөө көндүргөнүн түшүнгөн.
Мехди Аббасовдун окуясы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
34 жаштагы Мехди Аббасов 2025-жылдын 7-майында дайынсыз жоголгон. Азербайжандын Жалиллабад районундагы Байханлы айылында туулган Аббасов Луганск облусунда кызмат өтөп жатканы айтылат.
Ал 2023-жылдын мартында Орусияга иш издеп барып, курулушта иштеген. Анын жубайы жана үч баласы Азербайжанда калган.
Атасы Эльчин Аббасовдун айтымында, баары абдан тез болуп кетти, 3-апрелде уулу контрактка кол коюп, 5-апрелде аны алып кетишкен.
"Мен уккан замат ага телефон чалдым да: "Сага бул эмне үчүн керек? Эмнең жетишпеди? Эмне кыйнады?" десем, ал: "Ата, кеч болуп калды", деди", - дейт атасы.
Уулу даярдык үч айга созулат деген менен, бирок аны болгону 10 күндөн кийин эле фронтко жөнөтүшкөн. 5-майдан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.
Атасы Тамбовго, Москвага барып, ал дагы ДНК анализи үчүн биоматериал тапшырган, бирок издөө жыйынтыгын берген эмес. Ага уулун дагы 15 жоокер менен кошо белгисиз жакка алып кетишкенин, алардын эч кимиси кайтып келбегенин айтышкан.
"Москвада ар кандай мекемелерге барганда Азербайжандан, Түркмөнстандан, Тажикстандан, Казакстандан келген ушундай эле ата-энелерди жолуктурдум", - дейт Эльчин Аббасов
Мехдинин үй-бүлөсү эч кандай төлөм ала албайт, анткени ал расмий түрдө "табылган жок" деп эсептелет.
Эльшан Сулеймановдун окуясы

Сүрөттүн булагы, Ali Suleimanov
53 жаштагы Эльшан Сулейманов Азербайжандын Физули районундагы Беюк Бахманлы айылында жашачу. Анын бир тууганы Али Сулеймановдун айтымында, ал жаш кезинде советтик армияда кызмат өтөп жүрүп баш мээсинен жаракат алып, аскердик кызматка жараксыз деп табылган.
Кийин Орусияга көчүп кетип, соода менен алектенип, батир, машина, дача сатып алган. 1999-жылы орус жарандыгын алган.
2025-жылдын март айында аны келишим боюнча мобилизациялашкан.
Али Сулейманов мындай ден-соолук менен анын бир тууганын согушка жарактуу деп табышпашы керек эле деп эсептейт.
Чакырылгандан сегиз күндөн кийин аны менен байланыш үзүлгөн. Расмий түрдө ал 2025-жылдын 28-апрелинде дайынсыз жоголгон деп табылган.
Мигранттарды мажбурлоо

Сүрөттүн булагы, Diana Deliurman/Frontliner/Getty Images
Социалдык платформаларда азербайжан колдонуучулары Азербайжандан барган мигранттарды күч менен же алдап контрактка кол койдуртуп, Украинадагы согушка жөнөтүп жатышканы тууралуу маалыматтарды кеңири таратышууда.
Мисалы, Тахир Руфуллаевдин окуясы. Апасынын айтымында, эгер согушка барууга макул болбосо, аны баңгизат иши боюнча камайбыз деп коркутушкан.
Апасы ал 2026-жылдын 15-январында жашыруун түрдө согуш аймагына жөнөтүлгөнүн, ошондон бери байланышы үзүлгөнүн айтат.
Ал арада Азербайжандын Башкы прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук кызматы Украинадагы согушка катышкан айрым жарандар узак мөөнөткө эркинен ажыратылып жатканын белгилешет.
Эки мекеме тең азербайжан жарандары каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун же туткунга түшкөндөрдүн арасында бар экенин моюнга алат, бирок Орусия да, Украина да толук маалымат бербей жатканын айтып жатышат.
Жалданма аскердик бөлүктөргө же мамлекет түзбөгөн куралдуу түзүмдөргө катышуу Азербайжанда кылмыш болуп эсептелет жана ал үчүн 8 жылдан 20 жылга чейин, ал эми өзгөчө оор учурларда өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.
Макала жарыяланганга чейин Азербайжандын Башкы прокуратурасы Би-би-синин суроолоруна жооп берген жок.
Дайынсыз жоголгондордун айрым туугандары жакындары тирүү экенине жана алар Украинада туткунда болушу мүмкүндүгүнө ишенишет.
Би-би-синин Азербайжан кызматы Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгына каза болгон жана дайынсыз жоголгон азербайжандыктар тууралуу суроо жөнөткөн, бирок азырынча жооп ала элек.




























