"Күйгөн денемди көргөндө шолоктоп ыйладым". Күйөөсү өрт койгон Майрамкүл жардамга муктаж

Майрамкүл сүрөтчү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күйөөсү өрт коюп, денеси күйүп калган Майрамкүл жардамга муктаж
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Зомбулукка кабылып, денеси күйүп калган Майрамкүл реабилитацияга муктаж. Былтыр октябрда Таласта 27 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөөгө аракет кылган. Анын денесинин жарымы күйүп калган. Окуя өткөн аптада гана ачыкка чыкты. Келин Би-Би-Сиге күйөөсү ага узак убакыттан бери кордук көрсөтүп келгенин, эки кызы үчүн баарына чыдап жашап жүргөнүн айтып берди.

Бир ажалдан аман калган Майрамкүл Таластан Бишкекке келди. Учурда эки кызы менен апасынын жыйырма чарчы метрден ашпаган батиринде жашап жатат. Башка арга жок. Келиндин айтымында, былтыр 15-октябрда күйөөсү мас абалында аны өлтүрүүгө аракет жасаган.

"Атам менен апам тойго кеткен, үйдө киши жок эле. Жумуштан мас абалында келип, мен сени өлтүрөм деп балта көтөрүп алып кубалады. Алышып жатып, балтаны короого ыргытып жибердим. Андан кийин ичинде бензини бар беш литрлик идишти алып келип, тулку боюма чачып жиберди. Идишти талаштым, ага да, жерге да төгүлдү", - деп ошол күндөрүн эстеп, Майрамкүл ыйлап жатты.

Келин үрөйү учуп, чуркап келген кыздарын үйгө киргизүүгө аракет жасап жүргөн маалда күйөөсү күтүүсүз ширеңке чагып жибергенин айтат:

"Ширеңкени чакканда жердеги бензин дүрт күйүп, мени каптап кетти. Күйүп жаттым. Жардамга, жардамга деп кыйкырдым. Эч ким жок. Ошол маалда короодо агып жаткан сууга жүгүрдүм. Өзүмө суу чачып, өрттү өчүрдүм. Колдорум жумулуп, эч нерсе билбей калдым".

Үй, анын ичиндеги кыздары да аз жерден өрттөнүп кете жаздаган. Суу чачып, өрттү өчүрүшкөн. Ушул маалда жолдо бараткан унаа токтоп, аларды ооруканага жеткирген. Күйөөсү да жеңил күйүк алган. Алар Бакай-Ата райондук ооруканасында үч күн жатышкан.

"Таласта күйүктү дарылаган бөлүм жок экен. Бишкекке баргыла дешти. Бул жакка келип, жаттык. Көрбөгөн кордукту көрдүм. Кыймылдай албай жаттым. Күйгөн денемди көрүп алып, шолоктоп ыйладым. Жиним келип, эмне кыларымды билбей жүрдүм".

27 жаштагы Майрамкүл Бишкектеги шаардык клиникалык оорукананын күйүк бөлүмүндө бир ай реанимацияда жатып, жалпысынан эки ай дарыланганын айтат. Эки сапар операция болгон. Денесинин дээрлик жарымы терең күйүп калган. Телефону Таласта калып, апасына кабар бере алган эмес. Дендароо абалда жүрө берген.

"Айта албай койдум да. Сүйлөйүн десем, оозумдан сөз чыкпайт. Ошондо эле таежеме кабарлап койсом болмок экен".

Майрамкүл күйгөндөн кийин да күйөөсүн кечирген

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Келин ооруканадан чыккандан кийин күйөөсүн кечирип, аны менен кошо Таласка кеткен экен. Бирок жолдошу арагын тыйган эмес. Кайрадан ичип, чыр чыгарганда апасына байланышып, алып кетүүнү суранган.

Бул учурда апасы Нургүл Качыкеева аны издеп жүргөнүн айтат:

"Чалсам телефону өчүк. Кайда жашарын да билбейм. Кудалар менен деле катташчу эмеспиз. Башка номурдан болсо деле чалып койсо болмок деп, сарсанаа болуп жүрдүм. Энемин да, уктаган жокмун. Таласка барып, кызымды көрүп, бакырып жибердим. Кайната-кайненесине бул эмне кылганыңар дедим. Кабарлай албай калдык, күнөө бизде дешти".

Шектүүнүн агасы Бактыгул Абдырахманов келинге жакындарына кабар берүүнү сунуштагынын, Майрамкүл өзү макул болбогонун билдирүүдө:

"Кудагыйга айтып коеюн десем, келин айттырбай койгон. "Аке, жөн эле коюңуз, жашай турган менмин, кийин айтып, түшүндүрүп коем" деген да. Мурда майда-барат нерсе үчүн урушуп кетишкенин угуп калчумун. Экөөнө акылымды айтып, кайра кетчүмүн. Башка эмне келет эле колумдан?!"

Бул окуядан кийин Майрамкүлдүн апасы кызына кордук көрсөткөндөр, окуяны жаап-жашырып, жалган маалымат бергендер жоопко тартылышын талап кылып Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган.

Бул арада Талас облустук ички иштер башкармалыгы аялын өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалганын 6-февралда билдирди. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кабарлады.

"Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөр суракка алынып, алар меште от күйбөй калгандыктан бензин чачылган учурда жалын тутанып, жубайлар күйүп калганын билдиришкен. Ошол учурда М.Т. жана Д.Ж. жандандырүү бөлүмүнө жеткирилип, абалы оор болгондуктан суракка алууга мүмкүн болгон эмес. Андан кийин жабырлануучу үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына билдирбей келген. Окуя боюнча жубайларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп айтылат жергиликтүү милициянын маалыматында.

Былтыр октябрда болгон окуя быйыл февралда гана ачыкка чыккандан кийин Акыйкатчы институту да Майрамкүлдүн жакындары менен байланышып, келинге укуктук жана психологиялык жардам сунуштаганын кабарлады:

"Акыйкатчы көрүлгөн аракеттер алгылыктуу жыйынтык бербей, кыз-келиндерге карата зомбулук дагы эле күч экенин белгилейт. Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарына ар бир учурду дыкат, ыкчам иликтеп, зордук-зомбулук жазасыз калбайт деген түшүнүктү калыптандыруу үчүн аялдарды кордогондорго мыйзамдын катаал чараларын колдонууну сунуштайт".

ыкпу

Сүрөттүн булагы, жеке архив

"Кыздарым атасыз калбасын дегем"

Жубайлар кийим тигүү цехтеринин биринде таанышып, бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, 2020-жылы баш кошушкан. Майрамкүл башында баары жакшы болгонун, биринчи кызы төрөлгөндө жолдошунун ичкени көбөйүп, кызганып, жөн жерден уруш чыгара баштаганын айтат:

"Экинчи кызым төрөлгөндө күчөп кетти. Жумалап ичип кетчү. Мас болуп уруш баштачу, кызганчу. Баарына, жада калса, кайнатама, кайнагама жабыштырчу. Соолукканда кечирим сурап, жакшы болуп калчу. Кийин кол көтөрүп баштады. Өзүм атасыз чоңойгом. Апам бизди аргасыз балдар үйүнө берип, өзү иштегенге мажбур болгон. Эки кызым атасыз калбасын, апамдын тагдырын кайталабайын деп, кечирип жүрдүм. Жолдошум акыркы күндөрү өзүнүн ата-апасынын тилин да укпай калган".

Ушул тапта Майрамкүлдүн жарааттары айыга элек. Күйгөн териси тырышып, тартылып, бүкүрөйүп калды. Оору түнкүсүн уйку бербей жатат. Ошол каргашалуу күндү эстеген сайын денеси калчылдап, коркуу каптайт. Апасы айласы болор бекен деп дем салдырууда.

Келин ооруканада дарыланууга, психологиялык жардамга муктаж.

"Ооруканага жаткыралы десем, орун жок экен. Келип-кетип, дарыланып тургула деп кеңеш беришти. Бирок жатып дарыланса жакшы болот эле. Ушул бойдон калса, майып болуп калат го. Ооруканага тез жаткырыш керек болуп жатат", - деп ыйлады келиндин апасы.

Жаны кейип турса да, Майрамкүл азыр кыздарын ойлоп жатат. Белди бекем бууп, аларга тарбия, билим берүү керек дейт. Күйөөсүнө кайтпай турганын айтат:

"Эми кечирбейм, сүйгөн жүрөгүмдү өрттөдү"

"Эми кечирбейм, сүйгөн жүрөгүмдү өрттөдү. Эки кызымдын атасы деп жиндидей болуп, кечирип жүрө бериптирмин. Мен ага эмне кылдым болду экен?!"

Майрамкүл таланттуу келин. Билимдүү. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Сүрөт тартат. Дизайнер болгусу келет. Жакшы күндөр алдыда экенине ишенет.

Соңку мезгилде Майрамкүлдөй болуп, үй-бүлөдө зомбулукка кабылгандар көбөйдү.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда 27,5% же 4320 фактыга көп.

ИИМдин сайтында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалымат былтыркы жылдын ноябрь айынан бери жаңылана элек.

2025-жылы 25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирген.