Кыргыздардын баланын төрөлүшүнө байланыштуу уламыштары

Албарсты, кара басуу, куучу, киндик эне сыяктуу кыргыздардын баланын төрөлүшүнө байланыштуу уламыштарын жана ырым-жырымдарын тарыхчы Рыскул Жолдошов өз блогунда түшүнүдүрүп берет.

Көчмөн коомдогу кыргыздарда бала төрөгөнгө байланышкан көптөгөн ырым-жырымдар жана каада-салттар колдонулуп, алар тууралуу уламыш-аңыздар айтылып келген. Мунун бардыгы адам баласынын тукум улоодогу эне менен баланын ден соолугуна келген коркунучтардан улам келип чыккан.

Өткөн мезгилде илим-билимдин өнүгүү деңгээли төмөн болгондуктан, өзгөчө көчмөн элдердеги турмуш-тиричилигинин өтө оор болушу, алардын ар кандай ырым-жырымдарга бекем ишенүүсүн шарттаган. Аларга байланышкан окуялар ооздон оозго өтүп, эл ичине кенен тарап турган.

Аян алуу, түш көрүү

Ошондой аңыз кептерге кайрылсак, кыргыз элинде бала төрөй турган мезгилдеги энелерге, айрым убактарга аталарга же башка адамдарга берилген аян белгилерге ишенүү күчтүү болгон.

Андай аяндарга кандайдыр бир сырдуу көрүнүштөр, көпчүлүгүндө түш көрүүлөр кирген. Төрөлө турган баланын келечекте ким болорлугу, аны кандай тагдыр күтүп тургандыгы жана анын аман-эсен өсүп, чоңоё тургандыгы адамдарды кызыктырган.

Ушундан улам ар кандай аяндарга, көргөн түштөгү элестерге маани берилип, алар аркылуу туула турган баланын келечегин билүүгө аракеттенишкен. Натыйжада түш жору салты, аянга ишенүү эл ичинде кеңири тарап, алар фольклордук чыгармаларда көркөм каражаттар катары колдонулган.

Кыргыздардын баатырдык эпосторунда эпикалык каармандын көпчүлүгү төрөлө турган маалда, алардын ата-энеси түш көрүшөт же сырдуу окуяларга кабылат. Мисалы, “Манас” эпосунда баш кейипкер төрөлгөнгө чейин эле анын энеси Чыйырды, Бакдөөлөт, атасы Жакып болочокто балалуу боло тургандыгын туюндурган түш көрүшкөн. Манас төрөлгөндө, ага ысым берели деп жыйналган элге, сырдуу ак сакал дубана адам пайда болуп, атты ошол киши койгон. Түшкө же башка аяндарга ишенүү көчмөн кыргыздардын аң-сезиминдеги салттуу көрүнүштөрдүн бири болгон.

Боюнда бар аялдарга болгон чектөөлөр

Боюнда бар аялдарга түрдүү чектөөлөр киргизилген. Алардан бардыгы болочок эненин коопсуздугун коргоого багытталат. Алсак, боюнда бар зайып күүгүмдө сууга барбаган, мүмкүн болсо түн ичинде тышка чыкпаган. Мунун бардыгы аталган убактарда ар түрлүү жин-шайтандардын көбөйгөн мезгили деп эсептелинип, ошол учурда кош бойлуу аял аларга кабылып калса, энеге жана балага зыян келтирилет деген көз карашты билдирген.

Бала бойго бүткөндөн кийин келиндер бүбү, бакшыларга сыйынуу иштерин көбүрөөк жүргүзгөн. Балалуу боло албай, балага зарыккан адамдар болсо, тигилерден башка дагы мазарларга барышып “баш” тилешкен.

Талгак

Кош бойлуу аялдар үч ай болгондо талгак болушкан. Талгакты басуу тууралуу дагы көптөгөн уламыштар айтылган. Эненин кандай тамакка талгак болгондугуна байланыштуу туула турган баланын кандай боло тургандыгына божомол жасашкан. Баатыр чыга турган уулдардын энелери көбүн эсе жолборс, илбирс, бөрү сыяктуу азылуу жырткыч жаныбарлардын жүрөгүнө же башка органдарына талгак болушат.

Талгак болгон тамакты туура таап берип, эненин талгагын кандырса, анда баатыр балдар төрөлгөн. Эгерде эне талгак болгон тамакты туура эмес берип же таппай койсо анда баатыр чыкчу тукум баатыр болбой калган. Мындай уламыштар эпостордо көбүрөөк берилет.

Манас баатыр боюнда бар кезинде энеси Чыйырды жолборстун жүрөгүнө талгак болгон. Талгакты кандыруу жөнүндө уламыш сөздөр кийинки мезгилге чейин эле айтылып келген. XIX кылымда жашап өткөн Балбай баатыр боюнда бар кезинде энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болгон экен деп айтышат. Анын талгагын кандырууга аттанган мергенчилер эч жерден жолборс таппай, айлалары кеткенде жолдон жолуккан бир каманды атышып, анын жүрөгүн Балбайдын энесине жолборстун жүрөгү деп алдап беришкен экен. Эне камандын жүрөгүн жеп, талгагын кандырган. Бирок баласы кийин баатыр аталганы менен каманга окшогон кыял күтүп, кыймыл-аракетинде ал жаныбарга окшогон касиеттер болгон дешет. Балбай тоң моюн болуп, ары бери бурулганда бүткүл тулку-бою менен каманга окшоп бурулчу экен. Бул уламыштарда көрүнүп тургандай кыргыздар талгак кандыруу салтына терең ишеним менен карашкан.

"Кара басуу", куучу жана албарсты

Кыргыз салтында бала төрөп жаткан аялдан көп кан кетип, эси оой баштаганда аны “кара басты” деп аташкан. Мындай учурду кыргыздар төрөгөн аялга албарсты келип, анын өпкөсүн сууруп кетет деп ишенген.

Албарстыны кичинекей кыздын көлөмүндө, иреңи сары, эмчеги жана чачы жерге сүйрөлгөн узун, көзгө көрүнбөгөн жандык катары сүрөттөшүп, төрөгөн аялга зыяндуу деп түшүнгөн.

Төрөп жаткан аялды албарстыдан куткаруучу кишини “куучу” деп аташкан. Алар негизинен албарсты кармаган кишилер болушкан. Кыргыздардын түшүнүгүндө айрым учурда кээ бир адамдар албарстыны көрүп калып, аны менен кармашкан. Бул кармашууда албарсты жеңсе, кармашкан кишини мерт кылган. Киши жеңсе, албарстыны камчылап сабаса, жаны кыйналган албарсты адамга өзү билген дубаларды толук үйрөткөн экен.

Албарстынын дубасын билген мындай кишилер куучу болуп калышкан. Албарсты көпчүлүк адамдарга көрүнбөстөн, аларды куучулар эле көрө алышкан. Куучу жүргөн жерге албарсты жолой албай калган. Төрөп жаткан зайыпка куучу чакырылып барган.

Куучуну чакырып барган адам, куучунун атынан айтпастан, баатыр деп чакырган. Эгер аты менен чакырылып калса, анда куучунун күчү кетип калган. Албарсты төрөгөн аялды басканда, куучу келип калса албарсты качып жоголгон. Аялдын өпкөсүн сууруп алгандан кийин, албарсты аны сууга салып жиберсе аял өлгөн. Сууга салганы баратканда куучу келип калса, анда куучу албарстыны кууп жүрүп аялдын өпкөсүн кайра өзүнө салдырган. Ошентип аял аман калат. Кандайдыр бир себептер менен куучу төрөгөн аялга бара албай калса, анда ал өзүнүн камчы, топу сыяктуу буюмдарын берип жиберген. Булар дагы албарстыны кетиргенге жардам берген.

Ал эми куучу жок болуп калса, албарстыны кууш үчүн төрөгөн аялды камчылап сабашкан учурлар дагы болгон. Айрым убактарда төрөгөн аялды албарстыдан коргош үчүн толгоо маалында мылтык аткылап да турушкан. Албарстыга ишенүү азыркы мезгилге чейин сакталып калгандыгы байкалат.

Баланы энесинин курсагын жарып алган учурлар да болгон

Илгерки убакта айрым учурда төрөт маалында эненин абалы өтө оор абалга келгенде, же эне төрөй албай каза болгондо, баланы сактап калыш үчүн эненин курсагын жарып, бала төрөткөндөр дагы болгон.

Мындай окуялар кыргыз санжырасында да сакталып калган.

Мисалы, Атактуу Манап бийдин аялы экинчи баласын төрөп жатканда, төрөй албай жан берет. Баланы аман алып калыш үчүн энесинин кардын жарып баланы алышат. Ошол себептен балага энесинин ичин жарып алгандыктан Жарбаң деп ысым беришкен. Кийин анын тукуму сарыбагыш уруусунун ичиндеги жарбаң уругуна айланган.

Киндик эне

Аял толгоо тартып кыйналган учурларда бала тескери келип калыптыр дешип, төрөткө катышкан аялдар аны оңдошкон. Бул ырым боюнча төрөй турган аялды төшөккө жаткырып, төшөктүн тегерегин бир канча аялдар кармап көтөрүп, “оң, оң” деп айтышып силкилдетишкен. Төрөт маалында аялга бакан карматып төрөтсө, төрөт жеңил болот деп ойлошкон.

Илгерки мезгилде төрөт боюнча атайын адистер болбогондуктан, ар бир айылда төрөткө катышкан аялдар болушкан. Алардын көпчүлүгү көптөгөн төрөттөргө катышып, тажырыйба топтошкон. Төрөткө катышкан аялдардын бири, жаңы туулган баланын киндигин кескен. Аны киндик эне деп аташып сыйлашкан. Төрөткө негизинен киндик энелер катышкан.

Кыргыздын бала төрөтүү салты атайын кесипкөй адистер болбогон шартта пайда болуп, көпчүлүк маалда турмуштук тажырыйбага негизделген. Бирок айрым учурларда билимсиз караңгылыктан улам ашынган түркөйлүккө курчалган түшүнүктөрдү дагы камтыган.

Балалуу боло албагандар кылган ырым-жырымдар

Кыргыз элдик түшүнүктөрүндө балалуу болуу же болбоо жазмыштан, кудайдын буйругунан деп ишенишкен. Ошого байланыштуу балалуу боло албаган үй-бүлөлөр түрдүү ырым-жырымдарды аткарышкан.

Көпкө чейин бала көрбөгөндөр туугандарынын баласын багып алып, ал бала бала ээрчитип келет деп үмүт кылышкан. Эгерде бала бакандан кийин балалуу болушса, багып алган баланы “май көтөн” деп тергешкен.

Айрым учурларда балалуу адамдардын ырыскысы жуушат деп, баласыздар алардын буюм-тайымдарын сурап алышкан.

Көпчүлүк мезгилде бала төрөбөгөн аялдар ар кандай эмчи-домчуларга кайрылышкан жана түрдүү мазарларга барып сыйынышкан.

Кыргыздардын сыйынган ыйык жайлары болуп эсептелинген мазарлар экиге бөлүнгөн: мал тилеген мазар жана баш тилеген мазар болуп.

Мал тилеген мазарларга байлык, бийлик, атак-даңк сурап сыйынышкан.

Баш тилеген мазарга баласыздар барып зыраят кылып, бала сурашкан. Мисалы Кочкор өрөөнүндөгү Үкөктөгү “кыз мазар” менен Төрт-Күлдөгү “ Кочкор-Ата” мазарлары тууралуу мындай деп айтышкан: “Баш тилесең Мазарлуу Үкөккө бар, мал тилесең Кочкор-Атага бар”. Ушул сыяктуу бала сурап сыйынган атайын мазарлар болгон. Алардын бири Оштогу Сулайман-Тоодогу мазарга дагы бала тилеп барышкан.

Эркек бала сурангандар

Кыргыз элинде эркек бала тукум улантуучу катары каралып, алардын коомдогу орду өзгөчө болгон. Ошондуктан ар бир кыргыз эркек тукум калтырууну көздөгөн. Эгерде эркек баласы болбосо, андай адамдар да түрдүү ырымдарды жазашкан.

Кыздар төрөлүп, эркеги жок үй-бүлөлөрдө кийинки төрөлгөн кыздардын атын Бурул, Жаңыл, Уулболсун ж.б. аталыштар менен атап, ырымдашкан. Ошондой эле мазарга сыйынып уул тилешкен.

Рыскул Жолдошов, тарыхчы

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.