Манас Саматов: Жер салыгын жоюп салуу туура эмес, керек болсо 30-40 эсе көбөйтүү керек

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Президент Садыр Жапаров жаңы жарлыкка кол койгонун, ага ылайык 2022-жылдан тарта дыйкан фермелер сугат, кайрак жана чөп чаба турган жерлердин салыгынан бошотуларын Facebook баракчасына жарыялады.

Президент бул каражат республикалык казынадан төлөнөрүн кошумчалаган. Бул жарлыкты кош колдоп кубаттагандар арбын болгону менен айрым фермелер бул чоң жаңылыштык, анын кесепети тиет деп жатат. Алардын бири фермер Манас Саматов.

Би-Би-Си фермерди кепке тартып, жер салыгына байланышкан жаңы жарлыкты кандай кабыл алдыңыз деп сурады.

Манас Саматов: Мен дароо эле айтайын, бул жарлыктын маани-маңызы түпкүрүндө такыр туура эмес болуп калган. Президентке кимдер кеңеш бергенин билбейм. Биринчиден, жанагы 8 миллион сомдук деген чек бар. Ошол чекти алып салышы керек болчу. Айыл-чарба менен алектенген кишилерди салыктын баардык түрүнөн бошотуу зарыл. Анын биринчи пункту — жер салыгы. Жер салыгынан бошотуу эмес, аны тескерисинче, 30,40, 50 эсе көтөрүү керек эле.

Экинчи компонентин, айыл-чарба өндүүрүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу салык төлөө эрежесиндеги — 8 миллиондук чекти таптакыр жок кылуу туура болмок. Ошондо өкмөт менен фермерлердин ортосундагы формуланын мазмуну нукка түшөт. Эч ким салыктан да кача албайт, айыл өкмөттөрү тилемчиликтен кутулат. Ушундан кийин айыл-чарба өндүрүшү менен алектенген кишилер кылчактабай, салыктан, башка нерседен коркпой иштейт. Миллиард сомдук каражатты айлантса дагы төлөбөсүн. Ошентип гана айыл-чарба өндүрүшүн көтөрүшүбүз мүмкүн. Эч ким бирөөнү алдай албайт, коррупция жоголот, айыл-чарба өндүрүшүнүн өнүгүшүнө катуу түрткү болмок.

Би-Би-Си: Бул туура эмес, салыкты керек болсо 30-40 эсе көбөйтүш керек деп калдыңыз. Мындай шартта суунун тартыштыгынан, бензин, солярка үрөөндүн кымбаттыгынан жерди иштете албай калдык деп жаткандар сиз айтып жаткан өлчөмдөгү салыкты төлөй албай калбайбы?

Манас Саматов: Төлөйт. Жер иштеткен киши чыныгы дыйкан, фермер болсо төлөйт. Дыйкандардын мойнуна ал кыйынчылык салып жаткан жери жок. Кыйынчылыктын маани-маңызы, түпкүрү такыр башка. Бул жалпы эле, күйүүчү майлардын, илимий тил менен айтканда кошумча каражаттардын кымбатташы ал башка тема. Өндүрүшкө түрткү бериштин жолун издешибиз керек.

Би-Би-Си: Президенттин ушул жарлыгын даярдаганда адистер кеңеш бергендир, атайын эсептөөлөр жүргөндүр?

Манас Саматов: Принципиалдуу түрдө туура эмес. Туура эмес эсеп жүргүзүшкөн, туура эмес саясатты тилекке каршы жарлыкка берип, жарыялашканы бул өтө өкүнөөрлүк факт.

Би-Би-Си: Эгер бул, сиз айтып жаткандай туура эмес болсо, анда мунун келечеги, жакынкы жылдардагы жыйынтыгы эмнеге алып барат?

Манас Саматов: Айыл-чарба өндүрүшүнүн катастрофасына алып барат.

Би-Би-Си: Кантип?

Манас Саматов: Жер бүгүн кимдердин колунда? Ээлеп алгандардын, иштете билбегендердин колунда. Анан дагы жер салыгынын көлөмү өтө көп эмес. Аны төлөөдө кыйынчылык деле туулбайт. Аны алып коюп, 8 миллиондук чек коюп койсо, эч кайсы инвестор акча да салбайт, келбейт дагы. Жаратман кишилердин айыл-чарба өндүрүшүнө келишин көздөп иш кыла турган болсок, жанакындай жеңил популизм менен алектенбешибиз керек. Бул айыл-чарба өндүрүшүнөн кабары жок, адис эмес кишилердин кеңеши менен чыгарылган указ деп эсептейм.

Би-Би-Си: Эгер бул туура эмес болсо сиз сыяктуу фермер-дыйкандар кандайдыр бир реакция кыласыздарбы?

Манас Саматов: Мен социалдык тармакта жооп жазып жатам. Анан эми бирөөнүн кабылдамасына барып, өтүнүч жасап, кайрылуу жасап жүргөнгө убакыт жок. Үнүм силер аркылуу жетет, президент туура тыянак чыгарып, жарлыгына өзгөртүү киргизет деп ойлойм.

Би-Би-Си: Жер салыгы оор деле эмес деп калдыңыз, бирок, ошол эле учуда эч кандай пайда алып келбей, суунун жоктугунан жерибиз жөн эле какыр болуп калды, андай жерлерди салыктан бошотуп салса жакшы болмок дегендер дагы жок эмес да.

Манас Саматов: Ал башка көз караш. Ал туура эмес көз караш.