You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Фармацевтика: миллиондор үнөмдөлдү. Анда бул акча мурун кайда кетчү?
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек
Жылдык жүгүртүүсүндө 28 миллиард сом айланган Кыргызстандын дары-дармек тармагы бар. Миллиард дегенге жанаша күңгөй-тескейи да кошо жүрөт. Коррупция, миллиондор, керек болсо “дарыкана наркоманиясы” деген чуудан арылбаган тармак. Дүйнөдө курал-жарак бизнесине катарлаш эле жүргөн иштин бири делген фармацевтикада кызык иштер да, кыңыр иштер да аз эмес.
Дал ошол фармацевтиканы жөнгө салып, коррупциядан арылтуу максатында мамлекеттен бөлүнгөн бир миллард сомдой каражат кандай жумшалат, кайсы тарабы жакшырат деген суроо турат. Кыргызстанда фармацевтика тармагы коррупция, дары-дармек сатуудагы башаламандык, аткезчилик сыяктуу олуттуу сын дооматтардан арылбай келет. Ар бир дооматтын кесепети чоң экени талашсыз. Ушул дооматтарды учкай талдоодон баштайлы.
Тармактагы коррупция - анын кесепетин сөз кылбасак да түшүнүктүү.
Сатуудагы башаламандык - негизинен эки чоң коркунучту пайда кылат.
Биринчиден, антибиотиктерди ыксыз, чакчелекей пайдаланууга жеткирди. Ал акырындап адамдын организмине өзгөрүүлөрдү алып келет. Натыйжада кийин соң кокусунан ал адам антибиотикке өтө муктаж болуп калса андай учурда антибиотик жардам бербей калышы толук мүмкүн. Себеби антибиотиктердин бир канча тобу бар. Кыскача түшүндүргөндө жөнөкөйүнөн баштап улам кийинки баскычына өтөт. Башаламан пайдаланган учурда бейтап дароо эле күчтүү антибиотик колдонсо ага кийин жөнөкөй антибиотиктин пайдасы тийбейт.
Экинчиден, учурда кыргыз коомунун бир бөлүгү өтө оор кесепетин тартып жактан “дарыкана наркоманиясына” жол ачат. Андан улам “курамында психотроптук заттар бар, дарыгердин рецеби жок сатууга такыр болбойт” деген дарылар көмүскө, рецеби жок сатылып, аларды пайдаланган жаштарда ошол дарыларга туруктуу көз карандылык пайда болот. Дал ушундан улам “дарыкана наркоманиясы” деген аталыш пайда болгон. Андай дары-дармектер организмге оор кесепеттерди алып келе турганын профессор Аида Зуурдинова Би-Би-Сиге талдап берген. Айтмакчы, Кыргызстанда “дарыкана наркоманиясына” берилип кеткендердин арасында 12-13 жаштагы жеткинчектер дагы бар.
Аткезчилик маселеси – мында казынага салык же киреше түшпөй калды деп коюу менен эле бүтпөйт. Андан кем эмес кооптуу жагы бар. Ал сапатсыз, керек болсо зыяндуу дарылардын ташылып келүү коркунучу. Булардын мындан башка дагы ондогон зыянын өзүнчө талдаса да болот.
Криминал эмес, бирок...
Коррупция маселесинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы бир нече жолу эскертүү берген жайы бар.
“Фарм мафия криминалга кирбейт, финансылык мафияга кирет. Бул жерде мамлекеттик кызматкерлер, дары-дармек менен камсыздоо депатарменти деген бар. Ушулар өз милдетин аткарбастан кылмышкерлер менен чогулуп алып туруп, элдин канын соруп жатышат. Мамлекет милдетин аткара албай калган. Мамлекет өз милдетин аткарып, дарылардын арзандыгын камсыз кылбастан, тескерисинче кымбаттыгын камсыздап, парасын алып, финансылык мафияны түзүшкөн. Бүгүнкү күндө (2021-жылы октябрда айтылган маалымат) УКМК тараптан фарм мафия боюнча толук көзөмөлгө ала баштадык. Кандай болгон? Кыргызстандык бир чоң мафия компания баардык башка мамлекеттердеги фарм заводдор менен келишим түзүшөт дагы биздин Кыргызстандын компанияларын түздүрүшпөйт. Алар алып келген баалар Түркия менен салыштырсак биздики 5-10 эсе кымбат болуп кеткен. Мунун баары элдин жонунан кайыш тилип алуу”,- деген эле атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев.
Тармакты түп-тамырынан өзгөртөт деген негизде “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Мындан кийин фармацевтикадагы көйгөйлөрдү чечүүгө президент Садыр Жапаров дагы кайрылып, казынадан каражат бөлүү боюнча жыйындардын биринде кескин талап койгон жайы бар.
Тармак жетекчилиги бөлүнгөн бир миллиард сом кайда, кантип жумшаларын Би-Би-Сиге чечмелеп берди.
“Жалпысынан 451 млн сомго келишимдер түзүлгөн. Эң керектүү позицияларга жумшалат. Анын ичинде калкка эң зарыл, бейтаптар муктаж деген инсулин, онклогияга керектүү дарылар бар. Келишим түзүү азыр да уланып жатат. Калган каражат дагы өздөштүрүлүп жатат”,- деди Кыргызфармация ишканасынын жетекчи орун басары Айбек Жуматаев.
Мисалы, 100 сом керек болсо, үч эле сомуңуз бардай...
Кыргызстан өзүнө керектүү дары-дармектин кыйла жөнөкөй деп саналган 3 пайызын гана өзү өндүрөт. Калган 97 пайызын сырттан ташыйт. Мекеме импротко көз карандылыкты азайтуу боюнча стратегиябыз бар деп ишендирди.
“Биз акырындап инсулинди өзүбүздө чыгарууга завод куруу максатыбыз турат. Атайын чет өлкөлүк ишкана бул боюнча иштеп жатат. Аларга жер дагы бөлүнүп берилди. Тиешелүү завод курулат деп чоң план турат. Бул реалдуу план. Отуз жылдагы токтогон иш азыр ордунан жылды. Дары сатып алуудагы тендер жоюлду. Дары-дармектин бир тобун чыгарууга бел байладык. Августта фарм завод маселеси менен Кытайга делегация барат. Инвестор тартуу аракетибиз күч”,- дейт Жуматаев.
Тендерсиз алуудан эле миллондор үнөмдөлсө ал пайданы кимдер алып жүргөн?
Жалпысынан Кыргызстанда бир жылга дары-дармек үчүн 28 млрд сом каражат айланууда. Анын 4 млрд сомго жакыны саламаттыкты сактоо уюмдарына дары алууга жумшалган каражат. Калган 24 млрд сом элдин дары-дармек сатып алууга сарптаган акчасы.
Ишкана түзүлгөндөн бери карай 200 млн сом үнөмдөдүк деп жатат. Бул эмненин эсебинен үнөмдөлгөнүн тактаганыбызда “тендердин айынан дүйнөлүк чон заводдор ага келчү эмес. Алар үчүн биздин калктын саны рынок катары аздык кылат. Ортомчу компаниялар пайда тапчу” деп жооп беришти. "Кыргызфармация" эми тендери жок заводдон түз алуудан эле ушунча каражат үнөмдөлгөнүн жүйөө келтирди.
Ашмалтайды чыгарган аткезчилик...
Мурдагы министрлердин бири, азыркы ишкана жетекчилиги дагы кезинде дары ташууда чоң аткезчилик болгонун айтышты. Алардын маалыматына караганда, аткезчилик 50 пайызга чейин жеткен экен. Ошондон улам болсо керек, кадимки эле базарлардын биринде жайма базардай жайылып дары-дармек сатылат...
Дартына даба дарыларды дарыканадан эмес, жайма базардан издегендер бар...
Борбор калаада дал ошондой “дары базары” бар десе таң калгандар чыгышы мүмкүн. Күн нуру тийбесин, температурасы баланчадан ашпасын деген талаптар эмне болот? Андай шартта сатылган дары мыкты заводдон чыккан күндө дагы сактоо шартынан улам бузулуп, дары эмес эле уу болуп калбайбы деген кооптонуу жок эмес. Бирок ал жердин да кардарлары бар дешет. Кардар болбсо ал жер эбак эле соодасы токтору турган иш. Карапайым эл андай жерден дары-дармек алам деп каражатын үнөмдөп жатабы же керт башын тобокелге байлап жатабы?
“Кыргызфармациянын” жетекчилиги ал жайдан кабары бар экен.
“Дары-дармек депатарменти бар. Алардын көзөмөлүндөгү иш. Ал жерде атайын инспекциясы иштейт. Иш планына жараша ал жерлерге рейддер жүрүп жатат. Удаа-удаа текшерүүлөр. Кээ бир жарандарыбыз тилеккке каршы ошол жерден дары алышууда. Департамент алар менен күрөшүп жатат. Аягына чыгарышат деп ишенем”,- дейт Айбек Жуматаев.
Кезинде Саламаттыкты сактоо министри болгон Талантбек Батыралиев, фармацевтиканы коррупциядан тазалайм деп алпуруштум, бирок аягына чейин күчүм жеткен жок деген эле. Эмне болгон коррупция, канча каражат тууралуу сөз болуп жатат деп Би-Би-Си мурдагы министрге да кайрылды.
“2012-жылы Дүйнөлүк банктын атайын адистери Борбор Азиядагы өлкөлөрдү атайын изилдеп чыгып, айрыкча Кыргызстандагы дары-дармектин ички айланмасы 60-80 миллиард сомдун айдансында деп айтышкан. Ошол эле учурда Кыргызстанга расмий бажы тарабынан кирген дары-дармектин өлчөмү 5-7 миллиард сомдун ортосунда гана болгон. 2014-жылы мен келгенде сатып алуулардын негизинде өлкөгө бажы тарабынан расмий киргизилген дары-дармектин өлчөмү 7 миллиарддан ашчу эмес. Эксперттер 60-80 млрд сом деп жатса, ортодогу айырма ар кандай түшүнүүгө жол ачат. Аткезчилик, ар кандай жолдор менен келип, реэкспорт жана башка дегендей”,- дейт Батырлиев.
Түркияны туураса туура болобу?
Өзү бир нече жыл жашап, иштеп келген Түркиянын тажрыйбасын кеп кылды дарыгер.
“Түркиядагы бул тармактагы реформалар эң үлгүлүү реформалардын бири деп эсептелинет. Ошондуктан кандай гана күрөш болбосун, системалык өзгөрүү болмоюнча бул дайым аксап тура берет. Анткени биз кээде ооруканалардын же медицинанын кээ бир тармактарынын жетекчилерин алмаштырабыз. Бирок система эски болгон үчүн баягы эле кемчиликтер кайра-кайра кайталана берет. Кыргызстанда бул багытта эч нерсе жасалбады дебейбиз. 2014-жалдан бүгүнкү күнгө чейин дары-дармектерин, медициналык эмеректердин айлампасы боюнча чоң иштер жасалды. Ошол убакта биз түздөн-түз бул системаны киргизүүгө күчүбүз жеткен жок. Бул аябай оор иш, ошол убакта бул тармакта кызыктар лоббистердин айынан биз концепциясын гана беш жылга киргизе алдык”,- деди мурунку министр Талантбек Батыралиев.
Ал дары Кыргызстанга киргенден тарта, кайсы дарыгер тарабынан кайсы бейтапка дайындап, ал кайдан сатып алды дегендин баары бир системада бакыйып турмайынча көп кыңыр иштер уланарын кошумчалады.
Ал ошондой эле министр кезинде өтөсүнө чыга албаган ишке кандай тоскоолдуктар болгонун ачык баяндап берди.
“Биринчиден, биз ошондо толук кандуу, бүткүл медицина тармагын электрондук, онлайн системада көрүүгө мүмкүнчүлүк берген системаны кура албадык. Экинчиден, Кыргызстандагы дары-дармек тармагы Советтер союзу таркагандан кийин 100% жеке менчик тармакка өткөндүктөн, убагында кабыл алынган мыйзамдардын бүт бардыгы ишкерлерди коргоо деген жоболор, принциптер менен болуп, Кыргызстанга дары-дармек алып келген фирмалардын, компаниялардын кызыкчылыгын колдогон мыйзам болуп калган. Ошентип “миллиондук, миллиардык бизнести жоготкондон көрө, миң доллар сарптап министр менен күрөшкөн оңой” деп ачыктан-ачык ар кайсыны жазып, сүйлөп, буюртма менен жаман атты кылган макалаларды даярдатышып, ар кандай кылган. Жазылган ар кандай макалалар менен басым болгон. Анткени фармация бизнеси бир томояктын бизнеси эмес. Бул деген аябай чоң, мүмкүнчүлүгү бар, ошол эле учурда белгилүү, каражаты болгон гана инсандардын бизнеси”,- экени айдан ачык.
Мурунку министр "эгер саясий бийликте, саясий күчтөрдө бул боюнча ийне-жибине чейин түшүнүк, ошого жараша аны жөндөй тургандай механизм болбосо иш аягына чыкпайт" деп кошумчалады. Анын жүйөсүндө учурунда көп саясатчылар эл алдында башканы кылып, чечим кабыл алууга келгенде башканы кылганы ишке катуу кедергисин тийгизген.
Ошентип дары чөптүн миңдеген түрү өсөт деген Кыргызстан 3 пайызга жакын гана дары-дармегин өзү камдаган абалдан чыгуу аракетине киришкенин жарыялады. Эми анын жыйынтыгын эл качан даана сезет деген суроо кабыргасынан турат.