Суданда кандуу кармаш кайра дүрт этти

Судандын баш калаасы Хартумда өз ара тирешкен аскердик топтор ортосунда кайрадан катуу кагылышуу дүрт этти. Армия менен «Ыкчам колдоо күчтөрү» деп аталган куралдуу топ эки айдан бери кармашып, баш калааны талкалап, кан төгүп, массалык тополоң салууда. Эки жарым миллиондон ашык адам үй-жайын таштап качты.

Хартумдан маалымат алуу дагы эле мүмкүн эмес, Дарфурда эмне болуп жатканын так билүү кыйын. Бирок Түндүк Дарфурдагы Тавиладан Эль-Фашир штатынын борборуна качып барган активист "Ыкчам колдоо күчтөрү" жайкын тургундарды өлтүрүп, үйлөрдү талап-тоноп, бүтүндөй кыштактарды өрттөп жиберип жатканын билдирди.

Ал беш күндөн бери өзүнүн карып калган атасынан эч кабар ала албай отурат. Ал сыяктуу миңдеген адамдардын дайын-дареги белгисиз.

Анын айтымында, азыр Дарфурдагы кырдаал жыйырма жыл мурда болгон геноцидден да жаман. Ал бул өлкөдө болуп жаткан жийиркеничтүү зулумдукка дүйнө кайдыгер карап жатканына абдан нааразы.

18-июнда өз ара кармашып жаткан армия менен атайын аскер тобу үч күндүк ок атышпоого бүтүм кылышкан. Ал эми шейшембиде армия «Ыкчам колдоо күчтөрүн» жалпы чалгын кызматынын баш кеңсесин аткылады деп айыптады.

Ажал айдаган бул кармаштын тамыры эки аскер жетекчисинин ортосундагы күрөштө жатат. Бири, Судандын лидери генерал Абдель Фаттах аль-Бурхан. Экинчиси анын орун басары генерал Мохамед Хамдан Дагалоо. Ал айрымдар геноцид деп атап келаткан Дарфурдагы согуш убагында куралдуу кошуунду атчан баштап чыгып элге таанылган.

Генерал Дагало Судандын лидери генерал Абдел Фаттах аль-Бурханды кылмышкер деп атап, анын колго түшүп беришин талап кылууда.

Өкмөт армиясы "Ыкчам колдоо күчтөрү" тарамайынча эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт деп жатат.

Бул эки лидер негизинен армияны ким башкарат деген маселеде бири-бирин укпай кармашууда. Аль-Бурхан армияны кесипкөй аскер адамы башкарышы керек десе, Дагалоо шайланган жарандык президент башкарышы керек деп жатат.

Судандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча согуш башталгандан бери үч миң адам курман болду, алты миңден ашууну жарадар.

Беш жыл мурда Суданда диктатор лидер Омарь аль-Баширдин бийлиги кулаган революциядан кийин абдан чоң оптимизм болгон эле. Азыр өлкө кайрадан кургуйга кулап жатат.Ажал айдаган бул кармаштын тамыры эки аскер жетекчисинин ортосундагы күрөштө жатат. Бири, Судандын лидери генерал Абдель Фаттах аль-Бурхан. Экинчиси анын орун басары генерал Мохамед Хамдан Дагалоо. Ал айрымдар геноцид деп атап келаткан Дарфурдагы согуш убагында куралдуу кошуунду атчан баштап чыгып элге таанылган.

Генерал Дагало Судандын лидери генерал Абдел Фаттах аль-Бурханды кылмышкер деп атап, анын колго түшүп беришин талап кылууда.

Өкмөт армиясы "Ыкчам колдоо күчтөрү" тарамайынча эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт деп жатат.

Беш жыл мурда Суданда диктатор лидер Омарь аль-Баширдин бийлиги кулаган революциядан кийин абдан чоң оптимизм болгон эле. Азыр өлкө кайрадан кургуйга кулап жатат. (КС)