Алты жашар кыздын өлүмү: кылмыш иши козголду

Реанимация

Кара-Балта шаарында ачкалыктан өлгөнү кабарланган алты жашар кыз баланын окуясы боюнча кылмыш ишин козгогонун Чүй областтык милиция башкармалыгы билдирди.

Андан мурда мамлекеттик органдар бул окуя боюнча кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышкан эле.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 16.01.2023-жылы Жайыл райондук ИИБнын тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 145-беренеси (жардам көрсөтпөй коюу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмыш иши боюнча бардык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат",-деп айтылат Чүй областтык милиция башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Кара-Балта шаарынын мэриясы каза болгон кыздын үй-бүлөсү социалдык коргоого муктаждардын тизмесинде жок экенин билдирген.

Ошол эле убакта Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлери дагы жеринде текшерүү жүргүзүп, ал үй-бүлөнүн социалдык жардам алуучулардын тизмесинде жоктугун айтууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы дагы Жайыл райондук прокуратурасы жергиликтүү мамлекеттик социалдык коргоо кызматкерлерине карата текшерүү ишин жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Кара-Балтада алты жаштагы кыз ачкалыктан каза болгону жөнүндө кабарды жергиликтүү агенттиктер таркатты. Райондук оорукананын кызматкерлери тестиер кыз 14-январда ачкалыктан алсырап оор абалды түшкөнүн билдиришкен. Алты жаштагы кыздын салмагы 12 кг болгон.

Абалы оор кызды дароо эле реанимацияга киргизишкен, бирок аны сактап калуу дарыгерлердин колунан келген эмес. Айрым маалыматтарга караганда, ата-энеси Россияда иштеп жүргөндүктөн, кичине кызды эжеси карап турган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул үй-бүлөнүн каза болгон кыздан сырткары дагы төрт баласы бар, анын бирөө дагы саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген. Аны Беловодскидеги улуу кызы карайт. Декабрда каруусу бош үй-бүлө катары мэриядан көмүргө деп беш миң сом жана 50 кг ун алышкан.

Ошол эле убакта Жайыл районунун акими 24.kg агенттигине берген маалыматында каза болгон кыздын ата-энеси социалдык тармакта туура эмес маалымат тарап жатканына капа болуп жатканын билдирген.

Анын айтымында, кыз учурунда айына жетпей төрөлгөн, ошондуктан ден соолугу жакшы эмес болгон. Грипп болуп ооруп калганда доктурга кайрылышкан эмес. Жашоо шарты канааттандырарлык, керектүү кийим-кече, тамак-аш бар.

Бирок оорулуу кызына ата-энеси мээрим төгүп, жакшы карай алышкан эместей. Анткени өткөн жылы 28-октябрда алар Россияга иштегени кетип, кызы ооруп жатканда гана, жыл жаңырганда 15-16-январда кайтып келишкен экен. Ата-энеси жокто оорулуу кызды улуу эжеси карап жүргөн.

Бул жерде алты жаштагы кыздын алсырап ажал табышына бир гана ачкалык себеп эмес, андан сырткары оорусу, ата-энесине болгон кусалык, жетишпеген турмуш, баары биригип трагедияга алып келген сыяктуу.

Ата-энеси Россияга иштегени кетип, башка туугандарынын колунда калган балдар мээрим көрбөй өсүп, жакшы каралбай, жакшы тамак ичпей, керек болсо зордук-зомбулук көрүп жатканы жөнүндө үрөй учурган окуялар кыргыз медиасында көп эле сөз болуп келатат.

Мындан бир нече жыл мурда энеси жакын тууганына таштап кеткен эки жашар баланын көгала болуп сабалган окуясы коомчулуктун али эсинде.

Бишкек прокуратурасынын эле маалыматы боюнча 2018-жылы балдарга каршы 322 кылмыш жасалган, 2019-жылы андан көп. Анын ичинде башка бирөөнү кой, өзүнүн баласына өч болгон ата-энелердин да мисалы көп.

Социалдык жетимдер - коомдун көйгөйү

Мигранттардын жакындарына таштап кеткен балдары көп учурда кароосуз калып, зомбулукка кириптер болгон мисалдар арбын.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мигранттардын жакындарына таштап кеткен балдары көп учурда кароосуз калып, зомбулукка кириптер болгон мисалдар арбын.

Ал эми балдар үйлөрүнө, интернаттарда жашап жаткан 12 миңден ашык баланын беш гана пайызы томолой жетимдер, калгандарынын ата-энеси бирден же экиден бар социалдык жетимдер.

Ата-энеси акча салып жиберген менен анын балдардын керегине жумшалып жатканына баары эле көзөмөл кыла бербейт, туугандарына ишенет. Ал эми канчалык жакын тууган болсо дагы өз баласына карагандай мамиле кылбайт турганы түшүнүктүү.

Ошондуктан социалдык жетимдердин ден соолугу начар болуп, тое тамак жебей, окуудан жетишпей, керек болсо мектепке барбай коюп жатканынын себебин алыстан издештин кереги жок.

Мигранттардын балдарынын көйгөйүн изилдеген долбоордун жетекчиси Тынчтыкбек Жанадыл Кара-Балтадагы кейиштүү окуянын азыркы кыргыз коомундагы мыйзам ченемдүү экенин белгилейт.

"Кыргызстан боюнча 900 бала менен сүйлөшкөнбүз. 40% чоң эне, таенелери менен калгандар. Макул, чоң эне, таене менен калгандары ачка болбойт дейли. Бирок алардын арасында да ачка калгандар болушу мүмкүн. Бирок достору же башкалар менен калган балдар да бар экен. 90-жылдары жашоодогу кыйынчылыктар азыркыдан да жаман болгон, бирок ата-энелер балдарын таштап кетчү эмес. Азыр кетип калышып, акча салып атышат. Ошол акча жетип атабы, азык-түлүк алып атышабы, билбейбиз. Биз билгенден көп үй-бүлөлөр макарон жана кара чай менен отурушат. Биз сүйлөшкөн балдар баары ата-энем болсо, башка эчтекенин кереги жок деп айтышты. Балдар башында бир-эки жыл ата-энесин сагынат экен аябай. Андан кийин көнүп калышат. Бирөөгө таштап кеткен балдарды жоголгон муун деп эсептейм. Алар мээрими жок бала болуп өсөт дагы кийин миллион акчасы болсо да баласын кайтара албайт. Алар бири-бирине бөтөн болуп калышат",-дейт Тынчтыкбек.

Кыргызстандагы мигрант бүлөлөрдүн балдары тууралуу так статистика жок. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эки жыл мурдагы эсебинде 72 миңдей бала бар эле.

ЮНИСЕФ болсо 199 миң баланын атасы дагы, апасы дагы миграцияда, 299 миң баланын ата-энесинин бирөөсү миграцияда деп эсептейт. Бул Кыргызстандагы жашы жете элек курактагылардын 15 пайызын түзөт.

Азыркы доордо миграцияны токтотуу мүмкүн эмес. Бирок мигранттарды кабыл алган өлкөлөр алардын балдарын да ээрчитип келишин каалабайт, дейт социолог Гүлнара Ибраева.

"Орусияга жубайлардын экөө тең бара жатса дагы балдарын ээрчитип кете алышпайт. Анткени ал жактагы балдарга түзүлгөн шарт өтө начар. Ошол эле учурда жубайлар миграцияда жүргөндө эки башка жашап калышы мүмкүн, жумушуна жакын же арзан деп башкалар менен чогуу батирге чыккан мисалдар бар". (КС)