Ресурстар жана Орусия менен Кытайдын таасири. Трамп эмнеге Борбор Азия лидерлери менен жолукту?

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си Орус кызматы

Бейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан президенттерин кабыл алды. Батыш басылмалары C5+1 форматындагы кезектеги саммитте Трамп Кытай менен Орусия буга чейин эле активдүү аракет кылып жаткан региондун минералдык ресурстарына жеткиликтүүлүк тууралуу сөз козгогонун жазып жатышат.

Ак үйдөгү жолугушууга Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев катышты.

"Биз экономикалык өнөктөштүктү бекемдеп, коопсуздук жаатында кызматташтыкты жакшыртып жана жалпы байланыштарыбызды кеңейтип жатабыз", - деди Трамп беш өлкөнүн лидерлери менен болгон кечки сый тамак маалында.

"Биздин күн тартибибиздеги негизги нерсе бул абдан зарыл маанилүү минералдар", - деп кошумчалады АКШ лидери.

Кийинчерээк коомдук сайттарда Трамп Өзбекстан менен "укмуш соода жана экономикалык келишим" болгону тууралуу жар салды. Анын айтымында, Ташкент америкалык экономикага үч жыл ичинде 35 миллиард, ал эми он жыл ичинде 100 миллиард долларлык инвестиция салып жатат. Инвестиция АКШнын авиация, айыл-чарба жана IT тармактарына салынары айтылды.

"Франц-пресс" (AFP) агенттиги жазгандай, Казакстан - дүйнөдөгү урандын ири өндүрүүчүсү. Өзбекстан болсо алтындын эбегейсиз зор запасына ээ. Ал эми Түркмөнстан жаратылыш газына бай. Тоолуу Кыргызстан менен Тажикстан дагы жер казынасынан баалуу металлдарды жаңы тилкелерин ачып атат.

Аталган агенттик Борбор Азия лидерлери АКШ президентинен мактоо сөзүн аяшпаганын да жазды.

"Силер улуу лидерсиз, биз баарыбыз ойлогон жана баалаган салабаттуулук жана салтты кайтарууга асмандан жиберилген мамлекеттик ишмерсиз",- деп мактады Трампты казак президенти Касым-Жомарт Токаев.

"Буга чейин бир да АКШ президенти Борбор Азияга сиздей мамиле кылган эмес", - деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. - "Өзбекстанда биз сизди дүйнөнүн президенти дейбиз".

Ак үйдөгү жолугушууда Казакстан Израил менен мамилени жөнгө салуу жөнүндөгү Авраам келишимине кошулууга кызыкдар экени жар салынды. AFP жазгандай, бул америкалык лидердин Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты орнотуу боюнча аракетин колдоо үчүн символикалык ишарадай болду.

Казак бийлиги бул келишимдерге кошулуу "боло турчу жана логикалык" эле нерсе экенин белгилешти.

БА лидерлери Ак үйдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Борбор Азияда эмне бар: уран жана баалуу минералдар

"АКШ - Борбор Азия" форматындагы саммиттер 2015-жылдан бери эле өтүп келет. Эң биринчи ушул өңдүү саммит биринчи жолу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн. Бирок мындай жолугушуулардын көбү дипломатиялык мекемелердин жетекчилеринин деңгээлинде өтчү.

2023-жылы АКШнын мурунку президенти Жо Байден биринчи жолу Борбор Азия лидерлери менен жолуккан. Жолугушуу БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 78-жыйынынын алкагында мүмкүн болгон. Ошону менен бул АКШ менен экинчи ушундай саммит, бирок Ак үйдө өтүп жаткан биринчи жолугушуу десек болот.

Reuters саммитти өткөрүүнүн башкы себептеринин бири катары Борбор Азиядагы минералдык ресурстарга болгон атандааштыкты атады. Региондо буга чейин Орусия менен Кытай үстөмдүк кылып келген.

"АКШ баалуу минерал, энергоресурс, кургактагы соода каттамдарына жетип, геосаясий атандааштарынан ашып өтүү үчүн жаңы келишимдерди түзүүгө аракет кылып жатат",- дейт Reuters.

Казакстандын фабрикасындагы уран концентраты, өлкө урандын запасына бай

Сүрөттүн булагы, Bloomberg via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандын фабрикасындагы уран концентраты, өлкө урандын запасына бай
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Быйыл Борбор Азияга Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, орус президенти Владимир Путин жана Кытай лидери Си Цзиньпин келип кетти.

Региондо сейрек металлдардын жетиштүү запасы бар, Казакстан болсо урандын негизги өндүрүүчүлөрүнөн. Reuters 2014-жылы глобалдык уран өндүрүшүнүн 40% Казакстанга туура келгенин жазат.

Өзбекстан дагы урандын өндүргөн дүйнөдөгү бешиликке кирет, ошону менен Борбор Азиядагы бул эки өлкө дүйнөдө жалпы өндүрүлгөн урандардын жарымына ээ. АКШ үчүн азыр уран абдан керек болуп турат, себеби урандын 20% ал Орусиядан импорттойт.

Мындан тышкары Өзбекстанда алтындын ири запасы бар, Түркмөнстанда жаратылыш газы толтурат. Кыргызстан менен Тажикстан дагы жаңы минералдык ресурстарын каза башташты.

Ал арада Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык тармагында Орусиянын активдүүлүгү жогору. Москва аймакка энергия ташып, атомдук станцияларды кургусу келет.

Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен чек аралаш Кытай дагы аймакта инфраструктуралык долбоорлорго активдүү инвестиция салып келет.

Анын ичинде Кытай менен Брюссель Европадан Борбор Азияга товар ташып Каспий аркылуу Орусияны кыйгап өтчү транспорттук коридорду колдошот. Транспкаспий эл аралык транспорттук маршруту же Ортоңку коридор деп аталган бул долбоорду АКШ да колдойт.

"Кытай менен Орусия аймактагы инфраструктурага, жер казынасынын өндүрүшү жана кайра иштетүүсүнө көзөмөлдү бекемдеп жаткан чакта, Вашинтон регионго стратегиялык долбоорлор аркылуу кирип, аймак үчүн маанилүүлүгүн арттыргысы келет", - деген Reuters агенттигине CSIS же Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун директору Грейслин Баскаран.