"Жеке автомектептер жакшы окутпайт". Президент "Унаа" мекемеси реформа болорун айтты

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстанда бардык документтерди, анын ичинде айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө мындан ары коррупция болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-февралда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна барган учурда айтты.
Садыр Жапаров Президенттин иш башкармалыгы "Унаа" системасын ондоого киришкенин, себеби башка мекемелер бул тармакты реформалоого күчү жетпей калганын айтты:
"Буга чейин беш-алты жетекчи кармалган. Үч жыл мурун бирөө кармалган. "Унаада" схема түзүп, айдоочулук күбөлүк 1000 долларга чыгып кеткен. "Тез бере сал, Москвага кете калайын деп, азыр 2000 доллар сунуштагандар бар. "Унаага" кезек келди. Мурда ал ар кайсы мекемелерге тиешелүү болчу. Алардын коррупцияны жок кылганга, реформаны жасоого эрки жетпегендиктен, ишкана Президенттин иш башкармалыгына өттү".
Президент мындан тышкары жеке автомектептер эмне себептен жоюлуп жатканы жөнүндө да түшүндүрмө берди. Садыр Жапаров 10 ай көп эместигин, 48 миң төлөп, жылдап экзаменден өтпөй жүргөндөр бар экенин айтты.
"Жакшы окутпайт, билебиз аны. Эгер адам өзү ниет кылып, жакшы окуса, бир-эки сапар сынак тапшырып өтүп, күбөлүк алып жатат. Бирок 20 жолу сынак тапшырып, өтпөй калгандар бар", - деди Садыр Жапаров.
Маалыматка караганда, өлкөдө 275 жеке автоунаа мектеби бар.
Президенттин айтымында, жеке автомектептердин биринин директору 70ке жакын окуу объектисин мыйзамсыз менчиктештирип алган, алардын бир бөлүгү жеке жактарга берилип, 40ка жакыны жеке пайда көрүү үчүн колдонулган.
Садыр Жапаров ошондой эле жеке автоунаа мектептеринин маселесин көтөргөн депутаттарга да кайрылып, аларды маселени терең изилдөөгө, андан соң гана сын айтууга чакырды:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"200 киши чыгып, маселе көтөрүп, кыйкырып калса эле, микрофонду ээлей калып, эптеп ошол теманы көтөрүп, элге, шайлоочуларына жакшы көрүнүп калуу керек. Ал маселе туурабы же туура эмеспи, мамлекет үчүн пайдалуубу, зыянбы, уруп ойнобойт. "Эки ай кылгыла, үч ай кылгыла, акмаксыңар, элдин душманы" деп кыйкыруу керек. Тим эле алар элдин адамы, биз болсо элдин думшманы. Ошондуктан дагы бир жолу депутаттардан суранып кетет элем, кандай маселе болбосун, аны көтөрөрдөн мурун терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекетке пайдасы кандай, элге пайдасы кандай, анан көтөргүлө. Мамлекет туура эмес жасап атса, мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен эки сапар депутат болгом. Кой, эртең уят болуп калбайын деп микрофондо жөн жерден кыйкырчу эмес элем. Далилдеп, элге каршы маселе болсо, анан алып чыкчумун. Ошондуктан депутаттардан дагы бир жолу суранам, ушундай маселелер чыкканда, элди залга топтоп алып, маселесин угуп, өкмөттү да чыкырып, дисскусия кылып, анан микрофонго барып айтсаңыздар жарашат да".
Айдоочуларды окутуу маселеси 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн. Депутат Болот Ибрагимов сунушталып жаткан реформаларды сынга алып, айдоочулардын сапатына жеке автомектептер эмес, буга чейин аларга күбөлүк берип келген мекеме жооп бериши керек деген пикирин айткан.
"Ички иштер министрлиги 10–12 айлык окууну колдогондун ордуна, көп жылдар бою айдоочулук күбөлүктөр иш жүзүндө сатылып келгендиги үчүн элден кечирим сурашы керек", - деген ал.
Ибрагимов ошондой эле жеке автомектептерди жабууга жана айдоочуларды окутууну, күбөлүк берүүнү толугу менен мамлекеттин монополиясына өткөрүүгө каршы экенин билдирген.
Депутат Кундузбек Сулайманов да окуу мөөнөттөрүн узартууга каршы чыгып, бул маселени парламентте шашылыш түрдө кароо зарылдыгын айткан.
"Айдоочуларды окутуу маселесинде окуу мөөнөтү 10 айга, айрым сунуштарда 14 айга чейин узартылганы кайсы негизде жасалганы түшүнүксүз. Бул туура эмес иштерге президентти да аралаштырып коюшту", — деп белгилеген ал.
Ошондой эле эл өкүлдөрү Дастан Бекешев жана Улукбек Карыбек уулу дагы он айлык окуу системасына каршы экенин билдирип, бул боюнча парламенттик угуу болушу керектигин айтышкан.
Кыргызстандагы жеке автомектердин ээлери 23-январда айдоочуларды кабыл алган бирдиктүү электрондук база жабылып калып, иши толугу менен токтоп калганына байланыштуу нааразылыктарын айтып чыгышкан. Алар 26-27-январь күндөрү Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун борбордук аппаратына барып, түшүндүрмө талап кылышкан. Айрымдары Жогорку Кеңеш депутаттарына да барып, арызданышкан.
Нааразылыктын фонунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 30-январындагы токтому менен "Айдоочуларды даярдоо борбору" жеке менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу 28-мартка чейин камакка алган.
Ага "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" боюнча кылмыш иши козголгон.
Бийлик былтыр жыл аягында айдоочулук күбөлүк алууга окуткан жеке менчик автомектептерди жаап, ордуна мамлекеттик мекемелерди ачуу жана окуу мөөнөтүн 10-12 айга узартуу чечимин кабыл алган.
































