Кемпир-Абад: кыргыз-өзбек чек арасы кантип чечилгени жатат?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан элдик курултайда бир нече пунктан турган резолюция кабыл алынды. Негизгиси анда - Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду.

Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр суу сактагыч жана анын аянтын Кыргызстандын менчигинде калтырууну, Кемпир-Абад суу сактагычына башка жерлерди алмашуу, делимитация жана демаркация иштерин токтотуп, ратификация өткөрбөөнү бийликтен талап кылып жатышат.

Ошондой эле делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жаңыртуу талабы жаңырды. Болбосо, Кемпир-Абад боюнча кийинки элдик курултай Бишкекте өтө турганы эскертилди.

"Бүгүн Өзгөндө өткөн элдик курултайдын чечиминин бир көчүрмөсүн өзбек президенти Шавкат Мирзеевге да жөнөтүшүбүз керек. Документ менен карасак деле "Кемпир-Абад" биздин жер, ага кол салба дешибиз керек. Жанагы 19 миң гектар деген дагы биздин жерлер. Картаны булар шылтоолой берет, каалагандай кылып аны сызып алат", - деди курултайда сөз алган Азимбек Бекназаров.

"Биздин негизги документ - эгемен катары бири-бирибизди тааныганда БУУга чейин ошол картабызды көтөрүп барганбыз, ошол картада суу "Кемпир-Абад", Уңгар-Тоо Кыргызстандын жери. 50-60 жылдардагы документтер алар чарбалык документтер. Садыр Жапаровго да кайрылып октябр айында Шавкат Мирзеев келгенде кол койбоңуз дешибиз керек. Эгер кол коюлса, анда парламентке барат. Биз азыр таптакыр эле үмүтүбүздү үзүп атабыз. Бирок менде үмүт үзүлө элек. Парламенттик комитеттин алтысы гана колдоп, төртөө каршы болду. Бул үчтөн экиси эмес",- дейт оппозициялык саясатчы.

Жогорку Кеңеште Эл аралык байланыштар, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Документти алты депутат колдоп, төртөө каршы чыккан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев андагы жыйында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча келишимде эки өлкөнүн президенттеринин салымы чоң болгонун айтты. Андан тышкары өзү жетектеген делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссиянын дээрлик эки жылдык эмгегин да баса белгилей кетти.

Келишим эмнени карайт?

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4 миң 485 гектар Өзбекстанга өттү. Анын ордуна Кыргызстан Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алына турганы белгилүү болду.

Соңку макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айтты. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1 миң 246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалады. Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып кала берет.

Ташиев кабарлаган Кыргызстанга өттү делген жерлер:

  • Гавасай 12 849 гектар,
  • Көк-Серек 105 гектар,
  • Баястан 212 гектар,
  • Унгар-Тоо 35 гектар,
  • Кара-Белес 25 гектар,
  • Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
  • Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).
  • Өзгөн жана Сузак райондорунда 1 миң гектар.

"Элдин башын айлангандар катуу жооп беришет"

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган соңку маегинде кыргыз-өзбек чек арасындагы таалуу маселе - Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдырына да токтолуп, талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирди.

Жапаров анда парламентте бул маселени ачык талкуулоого буйрук бергенин айткан.

"Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла, жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1 миң 400 километр чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз. Эгер эми мыйзамдашып бүткөнгө чейин бир тарап айнып кетип кайра мурдагы абалга келип калса, кечээки "тегерек үстөл" уюштуруп, элдин башын айландырып жаткандар көпчүлүк элдин каргышына калышат. Катуу жооп беришет. Жоопко тартабыз”, - деди Жапаров.

Өзгөндө өткөн курултайга чейин Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдыры коңшу өлкө менен кандай шартта чечилгени жатат бийликтен маалымат талап кылышкан.

"Өзбекстан менен Кыргызстандын саясий системалары бөлөк жана башкача. Биздин бийлик өзбек президенти менен жеке, жашыруун сүйлөшүп келип, ошолордун саясатын, саясий системасын бизге таңуулаганга аракет кылып жатат. Байкап атасыңарбы? "Оозуңарды баскыла. Унчукпай отургула, мен чечем, анан билесиңер" деп. "Анан кийин мага ыраазы болосуңар" деп атат. Бул Өзбекстандын саясий системасныын маданияты ушундай. Талап кылып жатабыз, 36, 39, 42-протоколдор ачыкталсын. Биз туура же туура эмес деп айта элекпиз. Көрөлү баарыбыз”,- деген ал жыйында Бириккен оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков.

Советтер союзу ыдырап, Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендик алгандан кийин суу сактагычтын плотинасынын көпчүлүк бөлүгү өзбек тарапта, бир бөлүгү кыргыз тарапта калып, эми аны бөлүү маселе жаратууда.

"Кемпир-Абад" боюнча пикирин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов дагы билдирди. Кулов суу сактагыч берилбесин деген оппозициянын талабына токтолуп, анда өзбек тарап дагы 19 миң 699 гектар жерди кайра кайтаргыла деши мүмкүн деди:

"Оппозиция баарын четке четке кагуу принцибин карманып жатат, азыркы жагдайда бул принцип жемиштүү эмес жана туңгуюкка алып келиши мүмкүн. Биз өлкөгө пайда алып келе турган чечимдерди чогуу кабыл алганга милдеттүүбүз, албетте ал жергиликтүү элдин кызыкчылыгына төп келиши керек. Бирок ал кызыкчылык жалпы мамлекеттик кызыкчылыктан жогору турбашы керек".

Кулов "Кемпир-Абад" суу сактагычына байланыштуу Өзбекстан союз маалында алган милдеттенмелерди да санап өттү. Мисалы, өзбек тарап Кыргызсандын аймагында суу сактагычтан 220 миллион кубометр суу өткүдөй канал куруп берүү, Куршаб айылында дренаждык системаны ишке киргизүү, Өзгөн-Ханабад жолун жана көпүрөсүн куруп берүү милдеттенмелерин эмдигиче аткарбаганын айтты.

"Эгер Өзбекстан бул милдеттенмелерин азыр аткара албай жатса, анда мисалы аларды Кара-Кече көмүр электростанциясын биргелешип куруу сунушун берсе болот", -деди Кулов.

Былтыр президент Садыр Жапаров Ташкентке расмий иш-сапары менен барганда, чек ара талаштарга эми биротоло чекит коюлат деп күтүлгөн.

Жапаровду улай эле Өзбекстанга УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы барып, Кемпир-абад суу сактагычына жакын жерден өзбек тарапка 50 гектар берип, жер алмашууга ынап келгени чек арадагы кыргыз тургандарын катуу нааразы кылган.

Былтыр мөөнөтсүз митингиге чыккан эл менен жолугушуп жатып Камчыбек Ташиев ал макулдашууга билбей барып алганын, жер берилбесин убадалаган.

Өзбекстанда дагы коомчулукка Кыргызстан менен чек арадагы талаштуу аймактар боюнча мунасалар табылып, сүйлөшүүлөр соңку стадияга келип калганы ачыкталууда. Эл аралык мамилелер боюнча адис, өзбек саясат таанучусу Фарход Мирзабаев ал жактагы чек арага байланыштуу маанайдан Би-Би-Сиге сереп салып берди.

"Чечим кабыл алып коюп, андан кийин позициясын өзгөртүү бул сүйлөшүүлөрдү ого бетер узартып ийиши мүмкүн. Азыр чек ара талашын чечип алуунун эң жакшы ыңгайы келип жатат. Кыргыз президенти Садыр Жапаров президенттик кызматта турганда эң башкы артыкчылыктуу багытым чек араны чечүү деп атпайбы. Өзбек бийлиги да мунасага келип, чек ара талаштарын бир жаңсыл чечип алуунун маанисин түшүнүп жатат”, -деди Фарход Мирзабаев.

Кыргыз расмийлери кыргыз-өзбек чек арасы быйыл бир жаңсыл болуп чечилерин айтып жатышат.

Ал тапта кыргыз-тажик чек арасындагы талаштар курчуп жатат.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги октябрда өтө турган ЖККУнун алкагындагы "Бузулбас боордоштук - 2022" аскердик машыгууларын өткөрбөөнү чечти. Эксперттер бул ишараны жана президент Садыр Жапаровдун Санкт-Петербургдагы КМШнын саммитине барбай калганын кыргыз-тажик чек арасындагы кол салууга байланыштырып жатышат.

Себеби, анын алдында Путин тажик президентти Эмомали Рахмонду "Ата Мекенге кызматы үчүн" III даражадашы орден менен сыйлаган эле.

Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликке сын айтылып жатканы менен Садыр Жапаровдун Тажикстанга караштуу бул соңку аракеттери жана позициясы Кыргызстанда жарандык коомдон колдоо табууда.