You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Маргарет Тэтчер үчүн жашыруун байланыш телефонун кантип түзүшкөн?
Гордон Корера Би-Би-Синин коопсуздук маселелери боюнча кабарчысы
Билдирүүлөрдү чечмелөө азыр баардык эле мессенжерлерде бар десе болот. Бирок 40 жыл мурун өкмөттүн бийик даражалуу мүчөлөрүнө чалгын маалыматтарын жөнөтө турган шифрлөө тутумун иштеп чыгуу жаңылык жана өтө актуалдуу болгон. Муну ишке ашырууну бир адиске тапшырышкан. Ал Би-Би-Си менен маегинде бул тууралуу алгачкы жолу айтып берди.
Бул миссия Челтмен шаарындагы эл жык толгон универмагда 1980-жылы башталган. Өкмөттүн байланыш боюнча жергиликтүү кызматкери Майк (бул адамдын аты-жөнү азыркыга чейин толук ачыкталбагандыктан биз аны шарттуу түрдө гана Майк деп атадык) ал жерден документтерге деп кадимки эле портфелден экини сатып алат.
Ал портфелдерди лабораториясына алып барып, арыдан-бери тигиштерин сөгүп, ичин "технологиялык жаңы жабдуулар" менен толтура баштайт.
Майктан алынган аппаратты тек гана "Брамс" деп атап коюшкан. Кадимки эле чемодандай көрүнгөнү менен ал иш жүзүндө маалыматты чечмелөө үчүн Британияда ары-бери көтөрүп жүрө турган биринчи түзүм эле. Ал жогорку бийликтегилердин байланышын "чечмелемек".
Шифрленген байланыштын өзү жаңылык деле эмес болчу. Экинчи Дүйнөлүк согуштун тушунда эле Британия менен АКШнын лидерлери мындай канал аркылуу байланышып турган. Бирок бул үчүн килейген аппараттар колдонулган. Алардын бири Selfridges чоң дүкөнүнүн жер төлөсүндө орнотулган эле.
Көп өтпөй 1980-жылдары көтөрүп жүргүдөй жаңы технология пайда болду. Бул кризис учурунда көп киши колдонгудай ыңгайлуу болгону менен мурдагы аппараттан дагы пайдалуу болуп калды.
"Брамстын" ичинде кадимки эле телефон, бирок баскычы менен. Баскыч басылаары менен аппарат сүйлөшүүнү санарип форматка өткөрөт. Маалымат атайын ачкычтын жардамы менен калем менен кагазга түшүрүлүп, чемодандын капкагына чаптала берет. Бул ачкыч ар бир жолку иште өзгөрүп турат. Жандырылган маалымат болсо кадимки телефон линиясы аркылуу жөнөтүлөт.
Билдирүүнү "Брамстын" анологу болгон жабуу менен гана чечмелөөгө болот. Санариптештирилген маалымат нейтарлдуу үн менен автоматтык түрдө аудио катары угулат. "Брамстын" каналдарынын ортосундагы байланышты угууга аракет кылгандар болгону акырын гана шыбырап турган добушту эшитет.
Түзүмдө бир учурда бир гана тарап сүйлөшү керек, маалыматты жөнөтүүнүн ылдамдыгы секундасына 2.4 килобайт деген сыяктуу кээ бир чектөөлөр болгон. Учурда Британиядагы интернеттин ылдамдыгы андан 21 миң эсе көптүк кылат.
"Айтаарлык бир кемчилиги бар эле. Ал аялдардын үнүнүн тону абдан жогору болгондуктан маалымат жакшы шифрленбей калчу",- деп түшүндүрдү Майк.
Бирок машинанын негизги колдонуучусу дагы аял киши болушу керек эле. Ал премьер-министр Маргарет Тэтчер.
"Брамсты" биринчи жолу чет өлкөдө сыноо Жеймс Бонддогудай болгон. Анда Швейцариянын Альп тоолорунда эс алып жаткан Тэтчерге жөнөтүүнү чечишкен.
Майкка королдук курьер деп убактылуу макам берип, ага Женевага учканга эки билет камдап коюшкан. Эки билеттин бири өзүнө, бири чемодан үчүн эле. Майк тийиштүү жерге жетээри менен аны ал жерден күрөң түстөгү кагаз конверт кармаган киши тосуп алаарын айтышкан. Майк Тетчер жайгашкан жерге кыйынчылыгы жок жетет. Ага ал жерден тапанча сунуш кылшат. Ал андан баш тарткан.
"Брамсты" 1982-жылы Фолкленд аралдарындагы согушта пайдаланышкан. Тэтчер британиялык аскерлерди согушка киргизүүнүн шарттарын макулдашуу үчүн коргоо министри менен байланышууда бул каналды колдонгон.
Жыйынтыгында Аргентинанын "Генерал Белграно" крейсери чөктүрүлгөн эле. Бул дүйнө коомчулугунда түрдүү реакцияны жараткан.
Стефани – биз аны да шартууу ысым менен атайбыз. Ал мамлекттик байланыш борборунун бир башкармалыгында чалгын боюнча иштеген эле.
"Бул эркектер үчүн гана оюнчук болгон. Башкармалыктын аял кызматкерлерине аны пайдаланууга уруксат берилген эмес",- деп эскерет ал.
Күтүүсүз чалуу...
"Бирок түн ичинде, таңга маал "Брамс" кокусунан эле чалып калды. Кеңседе эркектер жок эле. Биз ары карап, бери карап "кеңседе эркектер болбогон соң ким бирөөбүз жооп бергенге туура келет да деп бири-бирибизге айттык. Аппаратка мен басып барып, трубканы алдым",- деп эскерди ал.
Чалып жаткан эркек киши болуп чыкты. Ал жакында эле маанилүү маалымат алып, аны текшергиси келип жаткан экен.
"Биз өз кишилерибизге жөнөтүп жаткан маалыматтардын канчалык маанилүүлүгүн билчүбүз",- деп кошумчалады Стефани.
Фолклендге кол салуудан кийин байланыш бөлүмү жаңы шартка тез көнүшү керек эле. Согуштун башталышында конфликт боюнча бир-эки аналитик иштеп, анын соңунда мекеме аскердик аракеттер боюнча алты миңден ашуун баяндама чыгарган.
"Брамс" штаб квартира менен ыкчам байланышышы керек болгондордун баарына шарт түзгөн.
Кокус өзгөчө кырдаал жарала турган болсо аппаратка киргизе турган атайын жол жобо болгон. Сиз аппаратты кайсы бир чет өлкөдөгү мейманкананын бөлмөсүндө жашыруун колдонуп жатасыз деп коёлу. Кокусунан эле күтүүсүз тинтүү жүрүп, аппаратты алдырып жиберишиңиз мүмкүн деген коркунч жаралды...
Майк ал инструкцияны эсине бекем түйүп калган.
"Тезинен аппаратты арыдан бери өчүрүп, кандай болбосун кагаздарды чечмелей турган ачкычы менен кошо жок кылып, керек болсо өрттөп салуу керек. Такыр эле болбой баратса жеп, жалмап салыш керек болчу",- деп жылмайды Майк.