“Кайгы жана кубаныч”. Түркия жана Сириядагы абал сүрөттөрдө

Түркия менен Сириянын ортосунда болгон чоң зилзала 12 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды - анын тогуз миңи түркиялыктар. Жабыркагандардын саны 80 миңге чукулдап калды.

Бул акыркы сандар эмес - урандылардын астында дагы далай киши калууда. Дүйнөнүн бир нече өлкөсүнөн келген куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүүдө. Би-Би-Си кыскача сүрөт баян даярдады.