You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жармаңкедегидей жайнайт. Кыргыз паспорту орус сайттарында
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Түркиядагы алты жыл мурунку кандуу кол салууга айыпталган адамдан Кыргызстандын паспорту табылаганы айтылууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары, кармалган 32 жаштагы өзбек тектүү жаран 2017-жылкы "Рейна" түнкү клубундагы кол салууга жардам берген шектүү экенин жазып чыгышты.
Буга чейин да эл аралык чуулгандуу окуяларга тиешеси бар делген шектүүлөрдөн кыргыз паспорттору табылган учурлар болду. Ошондон улам "оор кылмышка шектүү чет өлкөлүктөр кайдан жүрүп кыргыз паспортун алган" деген маселе козголуп келе жатат. Алар тек гана өз алдынча жасап алышканбы же чындап эле кыргыз паспортун алышканбы дегенди так аныктоо онойго турбаган иш. Паспортко байланышкан талкуу эми кыргыз жарандыгын алабыз деп кайрылгандардын санынын өсүшү менен кайрадан талкууга түшүп турган чагы.
Орус жарандарына кыргыз жарандыгы сатылуудабы?
Орусиялык интернет сайттарда “Кыргызстандын жарандыгын алып беребиз” деген жарыялар бир нече айдан бери токтобой келет. Мындай көрүнүштөрдөн улам кыргыз жарандыгы сатылып жатабы деген күмөн саноолор пайда болду.
Жарандык маселеси Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу көтөрүлгөн. Акыркы жолу депутат Гуля Кожогулова орусиялык avito.ru сайтында кыргыз жарандыгы ачык эле сатылып жатат деп, тиешелүү мекемелерди сындаган.
“Бул деген нонсенс. Демек, Кыргызстандын жарандыгы сатылып калыптыр да. Биздин атайын кызмат кайда? Санариптик өнүктүрүү министрлиги эмне менен алектенип жатат. Биздин паспорттор ар кайсы жерде сатылгандыктан, дайыма ызы-чуу болот. Эми коммерциялык максатта сатыла баштаптыр да”, - деген Кожогулова.
Санариптик өнүгүү министрлиги депутаттын айткандары чындыкка дал келбет деп, элди Кыргызстандын жарандыгын алып берүү боюнча ар кандай жарнамаларга ишенбөөгө чакырды.
Сөз болуп жаткан avito.ru сайтында Кыргызстандын жарандыгын алууга көмөктөшүү боюнча жарыялар байма-бай жайгатырылып турат жана мындай сайттар жалгыз эмес. Орусиялык Open The World компаниясы да Кыргызстандын жарандыгын алып берүү боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келет.
Негизинен бардык жарнамалар окшош, андагы негизги талап катары жарандык ала тургандар 1991-жылга чейин, тагырагы СССР учурунда туулган адамдар болушу керектиги айтылат.
Жарыяларда Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кесипкөй юристтер жардам көрсөтөрү, документти эки айдан жарым жылга чейинки убакытта колго алууга болору белгиленген. Кызмат акысы 70 миң рублден башталып, 1,5 миллион рублди чапчыйт. Кыргызстандын паспортунун артыкчылыктары катары көптөгөн өлкөлөргө визасыз кирүү, Европага оңой чыгуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.
Жарандык алуунун мыйзамдуу жолу кандай?
Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамы менен жөнгө салынган. Мыйзамда орусиялыктарга жарандык берүүнүн жалпы жана жөнөкөйтүлгөн шаартары каралган.
- Жалпы шаарттар
- Беш жыл туруктуу жашап андан кийин жарандык алуу үчүн арыз берет
- Пикир алышуу үчүн тил билүүгө тийиш;
- Кыргызстанда жана өз өлкөсүндө соттолбошу керек;
- Жашоо үчүн каражат булагын көрсөтүүгө милдеттүү.
Жеңилдетилген шарттар кимдерге берилет
- Ата-энесинин бирөө Кыргызстандын жараны болсо;
- Кыргыз ССРинде төрөлсө жана мурдагы СССРдин жараны болсо;
- Кыргызстандын мурдагы жарандыгын калыбына келтирем дегендерге.
Башкача айтканда 1991-жылга чейин туулган орусиялыктар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттар колдонулат. Бул үчүн 1999-жылы Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия атайын макулдашуу кабыл алышкан.
Деген менен орусиялыктар мыйзамдын талаптарын аткарбастан муктаждыктан улам коррупциялык жол менен жарандык алышууда деп күмөн санагандар да жок эмес. Орусиялыктардын паспорт алышына мамлекеттик кызматкерлер кол кабыш кылып, андан мыйзамсыз киреше тапкан жокпу деген да пикирлер бар.
Санарип министри “жарандык сатылат” дегенден алыс
Санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов Би-Би-Сиге берген маегинде Кыргызстандын жарандыгы мыйзамдын негизинде гана берилип жатканын айтты.
“Паспорт сатылып жатат дегенден алыспыз. Эки өлкөнүн ортосунда келишимдер, атайын мыйзамдар бар, ошолордун негизинде эле [орусиялыктар] жарандык алып жатышат. Кимдир бирөө аларга барып жарандык сатып жаткан жок”, - деди министр Иманов.
Санарип министри былтыр кызматка жаңы келгенден төрт ай өткөн соң (2022-жылдын 25-апрелинде) атайын кайрылуу жасап, өлкөдө паспорт мафиясы тамырлап кеткенин айтып чыккан жайы бар.
“Кызматка келгенде биринчи эле Калкты каттоо департаментиндеги паспорт мафиясына кабылдым. Ал 24 саат бою тынысыз иштей тургандай жолго салыныптыр. Менин бул билдирүүм куру сөз эмес. Менде факты, далилдер бар. Бул мафия тамырлап кетип, өлкөгө миллиарддаган сом зыян келтирип жатат. Миңдеген жасалма паспорт берилип, бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда”, - деген.
Министр Иманов бир жыл мурун өзү айтып чыккан миңдеген жасалма паспорттор кимдерге берилгенин Би-Би-Сиге так түшүндүрүп бере алган жок. Учурда мурунтан калыптанып калган паспорт мафиясы менен күрөш жүрүп жатканын, анын алкагында бир нече материал укук коргоо органдарына берилгенин жана бир катар жетекчилер кызматтан алынганын айтып чектелди.
Мыйзамсыз жарандык алгандарды далилдөө кыйынбы?
Орусия Украинага басып кирген бир жылдан ашык убакыттан бери миңдеген орус жараны өз өлкөсүн таштап чыгууга аргасыз болду. Алар батыш өлкөлөрүнө оңой чыгуу үчүн башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандыгын алып жатканы айтылууда.
Март айында орусиялык The Moscow Times басылмасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жарандыкка кабыл алуу тууралуу былтыркы жарлыгын изилдеген. Басылма жарандык алгандардын арасында орусиялык таанымал адамдардын аты-жөнүн ачыктаган.
Эл аралык коррупцияны иликтеген Transparency International уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн төрагасы Адылбек Шаршенбаев, кыргыз паспорту мыйзамсыз жол менен берилип жатканын ачыктоо кыйынга турарын айтат.
“Ар бир жарандык алган адамдын качан, каерде төрөлгөнүн изилдеп чыгыш керек. Эгерде эки өлкөнүн ортосундагы жеңилдетилген шарттарга туура келбесе анда жарандыкты сатып алыптыр деп негиздүү айтса болот. Ал эми жарандык алууга жардам беребиз деген компаниялар жогору баа коюп, өздөрүнүн кызмат көрсөтүүсүнүн акысын гана алып жаткандыр. Анткени баарынын эле юридикалык сабаттуулугу болбогон соң бул процедураны өз алдынча өтүү оңойго турбайт. Ошондуктан көптөр ушундай компанияларга кайрылып жатышы да толук мүмкүн”, - дейт ал.
Адылбек Шаршенбаев эки өлкөнүн ортосунда жарандык алуунун жеңилдетүү боюнча түзүлгөн келишимдер буга чейин кыргыз жарандарына пайдасы тийип келген болсо, эми орус жарандарына пайдасы тийип жатышы мүмкүн деген пикирде.
Жарандык алууга жардам берген компаниялар эмне дейт?
Орусиялык жарнамалардын биринен жарандык алууга жардам берген кыргызстандык компаниялардын биринин атын кезиктирдик.
Орусиялык жарнама берүүчүлөр А. аттуу компанияны кыргызстандагы өнөктөшү катары көрсөтүптүр.
Юстиция министрлигинен жарандарга юридикалык кызмат көрсөтүү катары каттоодон өткөн бул компания менен биз кардар катары байланыштык. Компаниянын өкүлү бизди шаардын так ортосунда жайгашкан кеңсесине келип, толук маалымат алып кетүүгө чакырды. Адегенде журналист экенибизди айтпай, жарандыкты алуунун жол жоболорун билүү үчүн 20 жыл мурун Орусиянын жарандыгын алган тууганыбыздын маселеси менен келгенибизди айттык. Компаниянын өкүлү дароо эле маалымат берүү акылуу экенин түшүндүрдү.
“Эгерде тууганыңыздын мурдагы эски кыргыз паспорту жана СССР учурунда төрөлгөндүгүн ырастаган документи болсо жарандык алыш жеңилирээк болот. Паспорттору менен келиши керек, тиешелүү документтерди даярдап, тапшырып, алты ай күтөбүз. Кызмат акысы 1200 доллар болот. Бирок балдары жеңилдетилген шарттарга кирбей калса аларга жарандык алуу кыйынга туруп калат. Бирок ата-энеси алгандан кийин балдарына да жеңилдетилген шарт менен алып берсе болот, болгону убакыт кетет. Дагы бир жолу бар. Анда арыз бергенге чейин ошол адам беш жыл өлкөдө туруктуу жашашы керек болот, тил билгенин да текшерет”, - деди аты-жөнүн купуя калтырууну өтүнгөн кеңсе кызматкери.
Маектешүүнүн жүрүшүндө көп өтпөй биз кардар эмес, журналист экенибизди айтып, ачык маалымат берүүсүн сурандык. Тилекке каршы ал “копмпаниябызга кедергиси тийип калат” деген жүйө менен камера алдында, ал тургай аты жөнүн ачыктап сүйлөп берүүдөн баш тартты.
Анын айтымында, орусиядагы өнөктөштөрү жарнама аркылуу кардарларды таап жиберет. Бул жактан аларды тосуп алып, айрымдарына жарандык алып берет. Керектүү маалымат алып алган соң келем деп жок болуп кеткендер да көп болот дейт.
Маектешибиз, Орусияга кыргыз жарандыгы сатылып жатат дегенге кошулбай турганын айтты. Бирок айрым бюрократиялык тоскоолдуктарды айланып өтүүнүн жолдору бар экенин кыйытты.
Санарип министри Талантбек Имановдун айтымында, орус-украин жаңжалы башталгандан бери Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документ тапшырган орусиялыктардын саны кескин өскөн. Бир жылдан ашык убакыт ичинде 200 миңдей орус жараны өлкөгө кирсе, алардын 60 миңдейи убактылуу каттоого турган. Мунун ичинен 8 миңдей адам жарандык алуу үчүн арыз берип, алардын эки миңдейи жарандык алууга жетишкен.