Москвада курула турган мечиттин ордун которо турган болушту

2-апрелде нааразылык акциясына чогулгандар

Сүрөттүн булагы, T.ME/KOZHUHOVOPHOTO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2-апрелде нааразылык акциясына чогулгандар

Москва бийлиги Косино-Ухтомский районуна курула турган мечитти башка жерге жылдыра турган болду. Нааразылыкка чыккандарга көп өтпөй Рамзан Кадыров үн катты.

"Анын курулушуна МЦД -3 диаметри менен Москванын тез жүрүүчү тилкеси МКАД диаметринин ортосунан, "Косино" меторосунан алыс эмес жерден жер бөлүнө турган болду. Метро станциясы жана МЦДга чукул эле жер",- деди Москванын мэри Сергей Собянин.

Аймактын тургундары февралдын башынан бери курулушка каршылыгын билдирип келди.

Мэрдин айтымында, Москва жана Бүткүл Орусиянын Патриархы Кирилл, ошондой эле Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин ага мечит куруу үчүн башка жер караштырып берүү сунушу менен кайрылышкан.

Мэр мечиттин аянты 40 миң эмес, 2,5 миң чарчы метрди түзөрүн баса белгиледи.

Буга чейин Ыйык Көлдөгү православ чиркөөсүнүн жанына мечит куруу планы жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жаратып, социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап келген.

Дүйшөмбүдө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров нааразылык акцияларына реакция жасап, мечиттин курулушуна каршы чыккандарды Украинадагы “окопко” барууну сунуштады.

"Эгерде булар митингге Орусиянын жерин коргоо максатында чын жүрөктөн чыгып жатышса, анда автомат көтөрүп окопко барышсын. Учурда колуна курал алып Донбаста сенин ордуңа согушуп жаткан мусулмандарды түртүп чыгарып коюп, мекенчилдигиңди көрсөт”, - деди Кадыров Telegram-каналы аркылуу.

Рамзан Кадыров

Сүрөттүн булагы, YELENA AFONINA/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рамзан Кадыров

Нааразылык акциялары жана реакциялар

Москванын чыгышындагы Косино-Ухтомский районунун тургундары февраль айынын башынан бери мечиттин курулушуна каршы акцияга чыгып жатышат.

Митингчилер бул аймакта көп сандаган киши агылып келчү мечиттин пайда болушу транспорт тыгынын жаратып, экологияга олуттуу зыян алып келиши мүмкүн экенин айтышууда.

Митингчилер ал жерге чакан гана мечит курулат деген расмий маалыматка ишенбей турат.

Ыйык Көлдүн жээгинде ислам борбору курулуп, мечит 60 миңдей кишиге ылайыкташа тургандыгы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга тараган.

Сергей Собянин

Сүрөттүн булагы, SERGEI SAVOSTYANOV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сергей Собянин
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Митингчилер ошондой эле мигранттардын агымы кескин көбөйүп, аймакта кылмыштуулуктун күчөшүнөн чочулап турат. Көпчүлүк православ чиркөөсүнүн жанына мечит куруу туура эмес деп эсептейт.

Ыйык Көлдүн жанына мечит курууга каршы петицияга 5-апрелдин кечинде эле 27 миңден ашык кол топтолгон.

Алардын катарында Луганск облусунда туулган ММА мушкери Максим Дивнич дагы бар. Ал мечиттин курулушуна каршы пикирин билдиргенден кийин ислам динин тутунган ММА мушкерлеринин катуу сынына кабылды.

“Дивничи жана ушул сыяктуулар мечиттердин курулушуна канчалык тоскоолдук кылбасын, мечиттер жана мусулмандар көбөйөт!” - деди UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Ислам Махачев.

Ыйык Көлдүн жанындагы курулуш объектинин документинде Косинский шоссеси менен Салтыков көчөсүнүн ортосундагы тилкеде “Дмитриевский көчөсү” метро станциясында транспорттук түйүндүн технологиялык бөлүгү курула тургандыгы көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда бир катар телеграм каналдары жана басылмалар өз булактарына таянып, бул аймакта диний руханий-агартуу борборун куруу пландалып жатканын айтышкан.

Шаар бийлиги расмий түрдө бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Сергей Собяниндин курулуш башка аймакта жүргүзүлө тургандыгы тууралуу билдирүүсү, Москва бийлигинин Ыйык Көлдүн жанына мечит куруу планы болгондугу тууралуу биринчи расмий ырастоосу болду. (VO)