Кырк жыл мурун башка жүрөк салдырган. Гиннес рекорду жаңырды

Ал жүрөгүн 40 жыл мурун алмаштырган.

Сүрөттүн булагы, PA MEDIA

Нидерландиялык 57 жаштагы Берт Янссен трансплантацияланган жүрөк менен эң узак жашаган адам деп Гиннестин рекорддор китебине катталды. Ал жүрөгүн кырк жыл мурун алмаштырган.

Он жети жашында Янссенден жүрөктүн канды айлантуу жөндөмүнө таасир эткен ооруну - кардиомиопатияны аныкташкан. Доктурлар мындан арылуу үчүн жүрөктү тарнсплантациялоо керек дешкен. Бирок ал убакта Нидерландияда мындай оор операциялар жасалчу эмес. Ошондо Янссендин доктуру Лондондо жайгашкан жүрөк ооруларына адистешкен Харфилд ооруканасына кайрылган.

Бул ишти белгилүү теги египеттик британ хирургу Магди Якуб өз колуна алган, ал кийин медицинага кошкон салымы үчүн атайын даража алган.

Трансплантациялоо иштери 1984-жылы 6-июнда жасалган. Андан бир жума өткөндөн кийин 18 жаштагы Янссен ооруканага келген.

“Бардыгы тез болгон - дейт бейтап. - Харфилдге келгениме бир жума болгон. Унаа кырсыгынан кийин Лондондо дароо эле мага эки донор жүрөк табылды. Алардын бири мага дал келди да, ошону салышты”.

Янссен өзүнүн донорунан алган "укмуштуудай белеги үчүн ага дагы деле ыраазы” экенин айтат.

Бейтаптын айтымына караганда, операциядан кийин ал бат эле калыбына келип, ошондон бери толук кандуу өмүр сүргөн. Азыр Янссендин аялы жана эки баласы бар. Ал эми планер менен учуу - хоббилеринин бири.

Берт Янссенге операция кылганда ал 18 жашта эле.

Сүрөттүн булагы, PA MEDIA

“Мен ушундай жолду басып өтөм деп кыялданган да эмесмин, - дейт Янссен. Менин оюмча, эң негизгиси мен басып өткөн жол адамдар үчүн маанилүү окуя болуп калды. Азыр адамдын донордук жүрөк менен узак жашай алары расмий түрдө таанылган”.

“Бул чекти дагы жылдырса болот деп ойлойм, кимдир бирөө менин рекордумдан ашса, мен ыраазы болом”,- деп кошумчалады Янссен.

Янссендин операциясы Харфилдде жүрөк алмаштыруу боюнча жасалган операциялардан жүз жетинчиси болгон.

Магди Якуб ушундай операцияны эң биринчи жолу 1980-жылы жасаган. Ошондон бери жүрөктү трансплантациялоо күнүмдүк ишке айланды: бул операцияны миңдеген адам башынан өткөрдү. 2022-23 жылдар аралыгында болсо 54 жолу жасалган. (NO)