You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ойго чөмүлгөн шимпанзе, өз образына суктанган кашкулак: Жылдын мыкты жаратылыш сүрөттөрү жарыяланды
Лондондогу Табигый тарых музейи 2024-жылдын эң мыкты жаратылыш сүрөттөрүн жарыялады. Анда өзүнүн Бэнкси стилиндеги образына суктанган кашкулактын сүрөтү жеңүүчү аталды. Бул сүрөттү британдык фотограф Иан Вуд тартып алган.
"Бул сүрөттү тартыш үчүн дээрлик эки жыл убактым кетти. Бул жөн эле мендеги ой болчу, кийин гана аны чыныгы сүрөткө айландыра алдым. Граффитини ошол жерге жайгаштырып, анын алдынан өтүп бара жаткан кашкулакты тартып алсам кызыктуу болот деп пландагам", — деди ал Би-Би-Сиге.
Иан Вуд бул сүрөт аркылуу кашкулактарды жок кылууга байланышкан өмөттүн талаштуу чечимин сынга алган.
Англияда кашкулактарды атып, аны кургак учукка каршы күрөшүүдө колдонушат. Мындай практика кийинки беш жыл ичинде токтотулушу мүмкүндүгүн өкмөт өткөн жылы айткан.
"Мен бул сыйлыгымды өкмөттүн кашкулактарды атууга берген лицензиясын жокко чыгарууга багытталган чечимине алмашмакмын", — деп билдирди сүрөтчү.
"Жылдын мыкты жаратылыш сүрөтү" номинациясынын "Элдин тандоосу" категориясына жалпысынан 25 чыгарма ат салышкан. Бул сүрөттөр дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 76 миңдей добуш топтоду.
Жеңүүчү аталган сүрөттөн тышкары төрт финалисттин чыгармасы жогору бааланды. Беш сүрөт тең Лондондун Табигый тарых музейиндеги көргөзмөдө 29-июнга чейин илинип турат, ошондой эле онлайн көрүүгө да болот.
Би-Би-Си сынактын финалисттери жана катышуучулары тарткан жаратылыштын мыкты сүрөттөрүн сунуштайт.
"Тикенек сайылган кашкулак" — Дэвид Нортал, Улуу Британия
Чүткөрдүн учтуу тикенектери денесине сайылып калса дагы аны кубалап бараткан кашкулак. Бул сүрөт Ботсванада тартылган.
Кашкулак бираз тыныгуу алып, аңчылыгын улантты дагы чүткөрдү ийинине сүйрөп кетти.
"Бороон чапкын" — Мишель д'Ультремон (Бельгия)
Жакшылап карасаңыз, сүрөттөгү арс чычканды байкадыңызбы? Бул жаныбар Бельгиянын карлуу пейзажында тартылган.
Сүрөтчү Мишель д'Ультремон бир нече жылдан бери ушундай сүрөттү чагылдырууга белсенип, арс чычкандардын кардын пейзажында "жоголуп кетүүсүн" чагылдырганга ашыгып жүргөн.
"Түн учуру" — Жесс Финдли (Канада)
Бул көз жоосун алган сүрөттөгү үкү аңчылык кылуу үчүн эски сарайдан учуп чыгууда.
Жесс Финдли Ванкувердеги талааларда бир нече түн бою алардын адаттарын аңдыган. Фотоаппараттын жарыгы анчалык байкалбаган нурдун сигналы менен иштеп, үкүгө "аңчылыктын" онунчу күнүндө гана укмуштуудай сүрөттү тартууга мүмкүн болду.
"Жер жана асман" — Франсиско Негрони (Чили)
Бул укмуштуудай сүрөттө кош лентикулярдык булут чагылдырылган. Чилидеги Вильяррика вулканынан бүркүлүп чыккан лава асманда ушундай көрүнүштү жаратат.
Франсиско Негрони бул жанар тоонун активдүүлүгүн байкап туруу үчүн ал жакка көп каттап турат.
Сыйлыкка татыган дагы башка сүрөттөр
Британ-канадалык сүрөтчү Марк Уильямс Арктикада ташка кашынып жаткан белуханын тартып алган.
Жүздөгөн белуха жырткыч косаткалардан качып, ушул коопсуз аймактарга чогулат. Ал жерде эски терилерин сыйрышат.
Британ сүрөтчү Сью Флад Антарктидада муз үстүндө эс алып жаткан тюленди тартып алган.
Уктап аткан деңиз жаныбарын чочутуп албаш үчүн сүрөтчү аралыктан тартууга ылайыкталган объектив колдонгон.
Америкалык фотограф Аарон Баггенстос Чилидеги Торрес-дель-Паине улуттук паркындагы пуманы чагылдырган.
Бул аймакта кой багуу менен алектенген фермерлерге түшүндүрүү иштери жүрдү. Табиятты коргогон активисттер пумаларды сактап калуу үчүн көп иштерди аткарганын айтышат.
Индиялык фотограф Арвинд Рамамурти Бхигван шаарына жакындап келген карышкырлардын үйүрүн тартып алган.