"Вирусу 100 жыл өлбөйт". Казакстандагы күйдүргүнүн Кыргызстанга сабагы

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Казакстандын Караганда облусунда күйдүргү (сибирь жарасы) жуктуруп алган бир бейтап каза болду, жандандыруу бөлүмүнө түшкөндөр бар экени айтылууда. Маалыматка караганда, бир топ киши букачар союшкан. Андан бир нече кишиге ылаң жугуп, ар кандай абалда ооруканага түшкөн.

Букачарга аты жаман илдет кайдан жукканы так билинбей жатканы баш ооруга айланды. Ушул тапта Караганды облусунда ондогон адис вирустун очогун издеп талаа түздө иштеп жатат. Айрым бир божомолдорго караганда, башка жактан ташылып келген чөп менен кошо вирус келиши ыктымал деп санаа тартып жатышат. Мурда өлгөн мал көмүлгөн жерлерден топурак алып, изилдөөгө жиберилген. Айылдардын бири карантинде. Букачар менен бир короодо, бир жайытта болгон малдын баары жок кылынып, зыянсыздандырылганын маалымат каражаттары жазды.

Мал чарбасы Казакстандан дээрлик айырмаланбаган Кыргызстанда дагы бул оорунун кеминде беш жүздөн ашык очогу бар. Көбүнчө мал-жандыктан жугуп, ооруканага кайрылбаган учурда бейтапты өлүмгө кептей турган бул илдеттин алдын алуу жолдору тууралуу дарыгер Кубанычбек Бектурдиев Би-Би-Сиге маалымат берди.

Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунда эпидемиология бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган бул адис күйдүргү оорусу боюнча диссертация жактап, медицина илимдеринин кандидаты болгон.

Вирусу кылым бою жата берет...

Күйдүргү кооптуу илдеттерге кирет. Аны жуктуруп алган адам өз убагында ооруканага кайрылып, дарыланбаса өлүм менен аяктайт. Оорунун өзгөчөлүгү, илдеттин вирусу спора түрүндө жер кыртышында 100 жылдап да жата берет жана айлана-чөйрөнүн катаал шартына туруктуу келет. Ошол жер кыртышын иштеткенде же мал-жандык оттогондо бул оору жугуп калышы мүмкүн. Айтор кайсы учур болбосун жугуу коркунучу бар.

Кыргызстандагы күйдүргүнүн абалы

Кыргызстанда күйдүргү илдети көбүнчө өлкөнүн түштүгүндө көп катталат. Буга климаттын жылуулугу жана илдеттин очокторунун көптүгү себеп. Өлкө боюнча күйдүргүнүн 600гө жакын очогу болсо, анын көбү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында. Кээ бир райондордо жүзгө жакын очок бар. Негизинен оору адамдарга дээрлик бардык учурда мал-жандыкты сойгондо жугат.

"Быйыл күйдүргү оорусунун 16 учур катталды. Анын экөө Өзгөндөн, калганы бүт Кара-Суу районунан чыкты. Бул башка жылдарга салыштырмалуу көп. Негизи жылда эле аз-аздан катталат. Түштүктө оорунун очоктору көп болгондуктан чыга берет", – дейт Бектурдиев.

Ооруну аныктоо жолдору

Күйдүргүгө шектелип ооруканага кайрылган адамдардан жана шектүү мал жандыктын этинен анализ алынат. Лабораториялык жактан тастыкталганда гана диагноз коюлат. Ош шаарында чумага каршы борбордо изилдөө жүргүзүлөт, оң жыйынтык чыгып калса Бишкектен дагы бир жолу текшерилет.

Бектурдиевдин айтымында, Кыргызстанда бул илдетке жетекчилер тарабынан шалаакы мамиле жасалып, ооруну жаап жашырган учурлар болуп келет.

"Ооруну ачыктагандарды жумуштан айдап салган да учурлар болот. Бул туура эмес, андан көрө илдет менен күрөшүү керек. Бизде айрым кооптуу оорулар саясатташып кеткен. Бул башка өлкөлөргө эт жана сүт азыктарын импорттоого терс таасирин тийгизет деген чочулоого да байланыштуу".

Күйдүргүнүн түрлөрү жана жугуу жолдору

Кыргызстанда күйдүргүнүн төрт түрү аныкталган. Алардын ичинен терини буза турган формасы эң көп катталат.

Тери формасы. Бул негизинен малдан адамга жугат. Мал сойгондо теридеги ачык жерлерге же колду кесип алганда инфекция кирип кетет. Мында адамдын денесине жара чыгат. Адегенде денеде кызыл тактар, ыйлакчалар пайда болот, ал жарылып оордуна кара жара чыгат.

Өпкө формасы. Бул дагы эң кеңири таралган түрү. Мында чаңдын курамындагы вирустун споралары дем алганда организмге кирип кетет. Көбүнчө мал-жандыкка ушундай жол менен жугат.

Ичеги формасы. Оруну козгоочу вирустар тамак-аштагы же чөп-чардагы инфекциялар аркылуу ичеги карынга кирип кетет. Күйдүргү менен ооруган малдын этин жеп алса да жугат. Мында адамдын дене табы көтөрүлөт, ичи ооруп, кусуу жана ич өтүү менен коштолот. Илдет жукса мал-жандыктын дагы дене табы көтөрүлүп, жаны тынбай чабалактап калат.

Кан тармыр формасы. Чымын чиркей, көгөн, бүргө сыяктуу малды чагып анан адамды чакккан майда жандыктар аркылуу жугат.

Дарылоо жолдору

Дарыгердин айтымында, күйдүргү коопту оорулар түрлөрүнө киргени менен оңой дарыланат. Эгер адамдар өз убагында кайрылса анда жакшы. Бүгүнкү күндө илдетти айыктыра турган дары-дармектер жетиштүү чыгарылган.

Күйдүргүнү өз алдынча дарылоого таптакыр мүмкүн эмес. Сөзсүз түрдө ооруканада глобулин жана антибиотиктер менен дарылоо керек. Ооруган адамдын денесиндеги жаранын карттары түшкөн соң гана ооруканадан чыгарылат. Акыркы 10 жылда оорудан улам адам өмүрүн алган учурлар катталган эмес. Ал эми 19-20 жыл мурун 1-2 учур борлгон.

Кыргызстанда мал-жандыктан күйдүргүнү аныктоо жана очогу делген жерлерди көзөмөлдөөнү Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жүргүзөт.

Мекеменин эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткыновдун айтымында, күйдүргү менен канаттуулардан башка бардык мал-жандык ылаңдайт:

Күйдүргүнүн очоктору канчалык коопсуз?

"Кыргызстанда расмий эсеп боюнча 564 очок бар. Мунун көбү өлкөнүн түштүгүндө жана Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Эң аз очоктор Нарын облусунда".

Бирок айрым адистер өлкөдө күйдүргүнүн бейрасмий түрдө 1200дөн ашуун очогу бар экенин айтып келишет.

Эреже боюнча күйдүргүнүн очогу катталган аймактарда мал-жандык ветеринардын көзөмөлү астында союлушу керек. Бирок бул талап дээрлик сакталбай, адамдар өз алдынча санитардык нормаларды сактабастан мал союп, оору жугузуп алган учурлар көп катталат.

"Эгер союлган малдын каны уюп калса анда ал таза. Эки үч мүнөт өтсө да кан уюбай, көлкүлдөп тура берсе анда ал шектенүүнү жаратат. Ветеринарлар ушундан билишет. Мындай учурда дароо этти колдонбой, анализдер лабораторияга жиберилиши керек", – деди Саткынов.

Жаныбарларды оорудан обочо кармоо жолдору

Мал жандыкты жана үй жаныбарларын орудан обочо кармоо үчүн аларды такай эмдөөдөн өткөрүп туруу керек. Күйдүргү чыгышы мүмкүн болгон кооптуу аймактарда бул маал-маалы менен милдеттүү түрдө жасалууга тийиш.

Экинчи жолу – оорунун очогу катары катталган аймактарда копсуздук чараларын күчөтүп, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп туруу.

Эгер малдан оору табылганы лабораториялык жактан далилденсе ветеринарлар тартиби боюнча аны жок кылышат. Суу барбаган калктуу конуштан обочо жерден үч метрге чейин аң казылып, малдын өлүгү ташталат да залалсыздандырылат. Аңдын үстү жабылып, 20 сантиметрге чейин бетондолушу шарт. Андан соң атайын тактайчага ал жер күйдүргүнүн жаңы очогу катары белгиленип, каттоого алынып, документтештирилет. Бул иш мамлекеттик үч органдын; ветеринардын органдын, райондук санэпидкѳзѳмѳл борборунун жана жергиликтүү бийлик өкүлүнүн катышуусунда аткарылат.

Оорунун очогу болгон жер өзгөчө корголот

Күйдүргүнүн очогу каттлаган жерди көзөмөлдө жана аны текшерип туруу милдети айыл өкмөт менен жергиликтүү ветеринарга жүктөлөт. Анын айланасындагы 1000 метр жер карантиндик зона болот. Бул жерди 25 жылга чейин эч ким пайдаланбашы керек, мал-жандык жайганга да болбойт, суу баспоого тийиш.

Жылына эки жолу райондук ветеринарлар очоктун айланасындагы жер кыртышын текшерип турат. Эгер лабораториядан оң жыйынтык чыгып калса анда ооруга каршы коплексттүү иштер башталат.

"Бирок биздин практикада мындай учур боло элек. Бул деген сибир жарасынын очоктору жакшы корголгон деген сөз", – деди адис.

Ошентсе да суу каптоо жана сел көп катталган өлкө түштүгүндөгү айрым аймактарда кооптуу очоктор жок эмес.

Күйдүргү очокторун ээлеп алгандар жок эмес...

Кыргызстанда сибирь жарасынын очогу бар делген карантиндик зоналардын жерин пайдалануу үчүн ээлеп алган учурлар жок эмес.

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо конушунда 1967-жылы чыккан күйдүргүнүн очогу бар. Адистердин айтымында бул жерди эл өз алдынча ээлеп алып, 1000 метр аралыкка жакын барганга болбойт деген өтө олуттуу талапты унутта калтырып жашап келет. Ошондой аракет башталганда ал жерди чычкан жойлогус кылып коруп, кооптуу экенин туш-тарабына бакыйта жазып, илдеттин оор кесепети тууралуу түшүндүрсө эч ким ал жерди басып алууга батынып, жанын тобокелге салбаса керек деген ой келет.

Ушундай эле оорунун очогун Аламүдүндүн Мыкан айылында жана Өзгөн районунда эл басып алып, үй салып алган учурлар бар.