Талибдер өчүргөн интернет кайра иштей баштаганына оогандар кубанууда

Сүрөттүн булагы, EPA
Талибан өкмөтү өчүргөн интернет жана байланыш кызматтары калыбына келгенден кийин миңдеген киши көчөгө чыгып, майрамдап жатат. Интернетти чектөө эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылган болчу.
Жергиликтүү кабарчылар байланыш калыбына келгенин маалымдап жатат, бирок Netblocks интернет-мониторинг компаниясы "байланыш жарым-жартылай калыбына келгенин" айтууда.
Өкмөткө жакын булактын Би-Би-Си Ооган кызматына билдиргенине караганда, интернет Талибандын премьер-министринин буйругу менен кайра иштей баштады.
Интернетти 48 саатка өчүрүү бизнеске, авиакаттамдарга тоскоолдук жаратты. Өзгөчө кырдаалдар кызматтарына жеткиликтүүлүктү чектеп, айрыкча аялдар менен кыздар үчүн өзгөчө тынчсыздануу жаратты. Анткени Талибан бийликке келгенден бери аялдардын укуктары кескин чектелген.
Шаршемби күнү кечинде Кабулдун көчөлөрүнө жүздөгөн адам чыгып, интернеттин иштей баштаганын сүйүнчүлөп жатты. Бир киши Би-Би-Си Ооган кызматына мындай деди:
"Баары кубанып, уюлдук телефонун кармап, жакындары менен сүйлөшүп жатышты. Аялдардан тарта эркектерге чейин. Талибдер да, баары сүйлөшүп жатышты. Шаарда эл көбөйдү."
Талибандын Катардагы өкүлү Сулайман Шахин шаршемби күнү түштөн кийин "бардык байланыш каражаттары" калыбына келтирилгенин билдирди.
Бирок Талибан өкмөтү байланыштын өчүрүлүшү боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өткөн айда Талибан өкүлү "жаман иштердин алдын алуу үчүн" интернет жабылып жатканын айткан.
Бийликке кайтып келгенден бери талибдер "шарият мыйзамдарына ылайык" көптөгөн чектөөнү киргизди.
Ооган аялдары Би-Би-Сиге билдиргендей, 12 жаштан жогорку кыздарга билим алууга тыюу салынгандан кийин интернет тышкы дүйнө менен байланыштын жалгыз жолу болуп калган.
Аялдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү да катуу чектелип, сентябрда аялдар жазган китептер университеттерден алынып салынды.
Дүйшөмбү күнү интернет өчүрүлгөндөн кийин "бул окуя Ооганстанды тышкы дүйнөдөн обочолонтуп салды" деп БУУ билдирген. Ошондой эле бул караңгылык "ооган элине олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн", экономикалык туруксуздукту күчөтүп, дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистердин бирин ого бетер тереңдете турганын белгилеген.
Байланыш өчүрүлгөн учурда Кабул шаарынын борбору кадимкидей тынчып калган. Банктар жабык, соода борборлору бош турган.
Акча алмаштыруу базарында эл аралык акча которуулар токтотулган. Бул чет өлкөдө иштеп жүргөн оогандардын өз өлкөсүнө акча которо албай калганын билдирет.
Өлкөдөн тышкары жашаган оогандар жакындарынан кабар алуу үчүн Би-Би-Си Ооган радиосуна кайрылышкан.
Туристтик агенттиктер кардарларга маалымат берүү үчүн жабылган же жарым-жартылай гана иштеген. Өлкөгө кирүүчү жана сырткы каттамдар токтотулган.
Бир дүкөнчү Би-Би-Сиге буларды айтып, кейиди:
"Бул — жай өлүм. Үмүт жок болсо, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, сөз эркиндиги болбосо, балаңдын келечегине ишеним болбосо, бизнесиң туруктуу болбосо, билимиң пайда алып келбесе..."
Бирок шаршемби күнү элдин маанайы көтөрүлдү. Эл интернетти кайра пайдаланып, бири-бири менен байланышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Жеткирүү кызматында иштеген Сохраб Ахмади "Бул Курман айттай эле болду, мечитке бара жаткандай сезим. Биз чын дилибизден кубанып жатабыз",- деди.
2021-жылы Ооганстандан качып кетип, азыр Британияда окуп жаткан 24 жаштагы Ма үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, көзүнө жаш алганын айтты.
"Апам менен сүйлөшкөндө ыйладым, сүйүндүм. Жок дегенде анын үнүн уктум",- деди ал.
"Ооганстанда мындан ары эмне болору белгисиз, анткени эч нерсе көзөмөлгө алынбайт",- деп кошумчалады ал.











