Аралык 500 чакырым: Астанага чейинки ат чабышта кыргыз күлүктөрү алдыда
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Казакстан V Көчмөндөр оюнун баштаганы турат. Жагдайына карап кээ бир ат оюндарына старт берилип, жарыш уланууда. Тагыраак айтканда, 500 километр аралыкка ат чабуу тууралуу сөз болуп жатат. Ушул учурда аттар бул аралыктын жарымын басып өттү. Ат чабыш башталгандан бери эки күн бою кыргыз аргымактары алдыда келе жатат.
Чыныгы көчмөндөрдүн күлүгүн, мойбос тулпарларын көрсөтмөккө казак-орус чек арасынан башталган ат чабыш, Астанадан аяктайт. Адатта дүйнөнүн бир катар өнүккөн өлкөлөрүндө күлүктү өтө кыска аралыкка октой кайкыта чабуу кеңири таралып, ат чабыштын мындай түрү өтө чанда болуп келе жатат.

Сүрөттүн булагы, Манасбек Султанов
Кимдер катышып жатат?
Казакстандагы бул ат чабышка бир канча өлкөдөн күлүктөр келди. Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Венгрия, Түштүк Африка, Орусиядан бир канча команда катышып жатат.
Өзгөчө ат чабыштын жол-жобосу кандай?
Эреже боюнча беш ат, беш чабандеси менен бир команда болуп саналат. Ар бир элүү километр сайын аттарды тыныктырып, откоруп, жем-чөбүн берип турат. Аягын тарта албай сылтып же жаракат алган аттар жарыштан четтей берет. Чабандестерди капталдан коштоп ар бир команданын сүрөнчүсү кошо жүрөт. Алар аттар кандай бара жатат, кайдан тыныкты, канча аралыктты басып өттү, сууну кайдан ичти, эмне чөп жеди деген сыяктуу көрсөткүчтөрдүн баарын каттап жүрүп олтурушат.

Сүрөттүн булагы, Манасбек Султанов
Би-Би-Си бул ат чабышка Кыргызстандан кайсы аттар барды, кимдер чаап жатат деген суроолор менен саяпкер Манасбек Султановго кайрылып, ат жалында маек курду. Саяпкер азыр ошол жерде күлүктөрдү коштоп бара жаткандардын бири.
Би-Би-Си: Ат байгелүү болсун! Ат чабыш качан башталып, кандай жүрүп жатат?
Манасбек Султанов: Буюрса жакшы, ат чалдырмакка тоткодук. “Түндүк Казакстандын дээрлик Орусия менен чектешкен аймагынан ат чабышты баштаганбыз. Ушул тапта 250 километрди басып өттүк. Буюрса ушуга чейинкисинде алдыбызга ат салдырбай кыргыз аттары биринчи келе жатат. Адегенде Кыргызстанда тандоо өткөрүп, аттарды, чабандестерди тандаганбыз. Үч ат Нарындан келди, Чүй менен Таластан бирден ат кошулуп беш ат болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Негизи ат жандуу деп бизге эки команда келсин деп уруксат беришкен. Бирок белгилиүү себептер менен он ат топтой албай калдык. Чабандестер да кадимкидей тандоодон өткөн. Чапканда ар бир элүү километр сайын аттарды эс алдырып, жем-чөп берип, кайра чабабыз. Бир күндө 100 километр чапмай.
Би-Би-Си: Мындайда эң негизгиси – жем-чөбү эмеспи. Казакстандын жарым чөл аймактарында суу туздуу келип, аттардын ичине жакпай турганы белгилүү. Бул жагынан кантип жатасыздар?
Манасбек Султанов: Ат чапкан жагынан аябай жакшы учурга туш келиптирбиз. Күн салкын, күнүгө өткүн, жаан-чачын. Атты тындырган жерлерибиз жылкы баласына бейиш эле болуп жатат. Бетеге деген тизеден экен. Бул бизге абдан жакшы болуп жатат. Жемибизди бергенден сырткары көк чөп откоробуз, аны менен аттардын организминдеги суу тең салмакталат, калыбына бат келет. Агын суу кенен, суулар таза. Чөлдүү тарабында чабылганда аттарга кыйын эле болмок. Бул жагы жакшы болуп аттарды кенен чалдырып жатабыз.

Би-Би-Си: Аттар кандай келе жатат?
Манасбек Султанов: Буюрса жакшы келе жатабыз. Эң башкы атаандаштарыбыз казак туугандар. Мурунтан чаап, жакшы тандап, жакшы камынышыптыр. Түркиялык команда жарыштан толук четтеди. Аттары жакшы эле келе жаткан, өздөрү даяр эмес болуп чыкты. Алар жарыштан чыгып, кадимкидей чакан дасторконун жайып, каалоо-тилек айтып жыйынтыктадык. Биздин Нарындан келген бир ат сылтып, аны жарыштан алдык. Төрт атыбыз келе жатат. Нарындан келген дагы бир жапалдаш жылкыбыз укмуш экен, кабагым-кашым дебей чуркап берүүдө.
Таймаш абдан кызуу өтүүдө. Коштоп жүргөндөр жагынан эң эле жупунусу биздики. Кээ бирлери ондон жол тандабас менен коштоп жүрүшөт, буюрса ошого карабай жакшы келе жатабыз.
Мунун түпкү максаты эми - чыныгы көчмөндөрдүн чыдамкай, бышык, ташка салса, күнгө тартса, узакка чапса кете берген күлүгүн даңазалоо. Илгери кат-кабар, чукул билдирүү болгондо жүздөгөн чакырымга так ушунтип аттар менен коё берген эмеспи. Ал тынбай сабалап олтуруп кабарды жеткирип барчу.
Би-Би-Си: Байгеси тууралуу да кеп кылсак?
Манасбек Султанов: Буюрса марага жетсе команданын ар бир мүчөсүнө 20 миң доллар, экинчи орунду алгандардын ар бирине 12 миң доллардан деп каралыптыр.

Сүрөттүн булагы, Манасбек Султанов
Тарыхтагы даңазалуу ат чабыштар
1995-жылы “Манас эпосунун – 1000” жылдыгын белгилегенде дагы узак аралыкка ат чабылып, Жарык-Төш аттуу күлүк чыгып келген. Аттар Ашхабаддан коё берилип, мара Таласта коюлган. Тарыхта Шабдандын ашында Жаккерия аттуу англис тукумундагы күлүктөрдү аралаштыра чаап, кыргыз аттары анда да марага биринчи болуп келген.
Толубай сынчы, Санчы сынчы баштаган сынчылар кулун, тай кезинен көрүп жылкы баласына баа бергени аңыз болуп айтылып жүрөт. Шергазы сыяктуу саяпкерлердин айла амалдары азыркыга чейин камбар ата тукумун сүйүүчүлөрдүн бутпөс аңгемеси болуп, ооздон оозго өтүп келе жатат.








