Адамдар эмне үчүн ушакташат? Эволюция боюнча эксперттердин жообу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адам канчалык кадыр-баркка ээ болбосун ушак анын аброюна абдан чоң көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Ошол эле маалда адамдын кызыктай жүрүм-турумдарын дагы ачыктап коет. Айрым учурда жөн гана убакыт өткөрүүгө жардам берет. Көптөр ушакты уят жана абийирдүү адамга жарашпаган аракет деп эсептейт.
Чындап келгенде ушак айтпаган эч ким жок. Бул адат дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда кездешет. Чоң шаарлардан тартып, алыскы айыл-кыштактардагы чакан жамааттарга чейин ушак айткан учурлар болот.
"Эгерде ага тоскоол болгон тышкы жагдайлар болбосо адамдардын баары кайсы жерден, кайсыл элден болбосун ушак айта берет",- дейт Вашингтон штатынын университетиндеги эволюциялык антрополог Николь Хаген Хесс.
Көпчүлүк ушакты жаман сөз менен адамдын артынан сөз кылуу деп түшүнөт. Бирок Николь Хесс бул терминди мүмкүн болушунча кеңири чечмелейт. Айтымында, ушак - бул (адамдын же бренддин) аброюна байланыштуу ар кандай маалымат алмашуу.
Николь Хесс үчүн ушак жөн гана достор, туугандар, кесиптештер же атаандаштар арасында айтылган сөз эмес. Керек болсо кимдир бирөө тууралуу жаңылыктарда же спорттук мелдештердеги анын жыйынтыгы боюнча ар кандай маалыматтар дагы ушак болуп эсептелет.
"Мен түшүнгөндөн, ушак болуш үчүн сөзсүз эле үчүнчү адам тууралуу артынан сөз кылуу шарт эмес. Кээде ошол адамдын көзүнчө айтылган сөз дагы ушак болуп эсептелет. Эгер адамдын кандай кийингени жөнүндө оюңузду бетине айтып, же анын кылып жаткан иши боюнча эмне деп ойлой турганыңызды айтсаңыз жеке мен мунун ушак деп эсептейм", — дейт Николь Хесс.
Бирок мындай жүрүм-турум эволюция аркылуу адамдарга кантип жана эмне үчүн мынчалык сиңип калган?
Бул суроонун жообун окумуштуулар ондогон жылдар бою издеп келишет. Алардын негизги теориялары менен тааныштырабыз.
Жакын санаалаштар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ушактын коомго оң таасир бериши мүмкүн экенин биринчи болуп айткан киши — эволюциялык антропология боюнча адис, профессор Робин Данбар болгон.
Анын теориясына ылайык, приматтардын (маймылдар) бири-биринин жүнүн тазалоо, курт-кумурскаларды терип берүү сыяктуу кам көрүүсү жөн эле гигиена үчүн эмес, социалдык байланыш үчүн да маанилүү.
Бул жүрүм-турум достукту чыңдоо, уруш-талаштан кийин элдешүү, стрессти басаңдатуу жана ар бир приматтын жамааттагы ордун аныктоо үчүн колдонулат. Бул процессти "аллогруминг" деп аташат.
Адамдарда маймылдардай жүн жок болгондуктан, ушак, жеңил-желпи сүйлөшүүлөр ошол эле аллогрумингдин эквиваленти болушу мүмкүн.
Башкача айтканда, бул да адамдар ортосунда мамиле куруу, өз ордун табуу, кимге ишенсе болорун же кимден сак болуш керектигин түшүнүү сыяктуу социалдык байланыштарда чоң рол ойнойт.
Данбардын айтымында, байыркы ата-бабалардын тили дагы бири-бири менен ушакташып, сүйлөшүү үчүн пайда болуп, андан ары өнүккөн.
2021-жылы АКШнын Дартмут университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, бири-бири менен ушакташкан адамдар маектешинин пикирин өзгөртө албайт, бирок мындай сүйлөшүүдөн кийин өздөрүн бири-бирине жакыныраак сезе башташат.
"Биздин оюбузча, катышуучулар бири-бири менен сүйлөшүү аркылуу кандайдыр бир "жалпы чындыкты" түзө алышат. Бул нерсе аларга адамдын оюн, кылык-жоруктарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берип, ошол эле учурда адамзатка мүнөздүү болгон социалдык байланыштарды сактап калууга жардам берет",- деп жазышат изилдөөчүлөр.
Алар ошондой эле социалдык топтун ичинде ушакташуу командалык маанайды жогорулатууга жардам берерин жана кызматташууга болгон каалоону арттырарын аныкташкан. Топтук оюндарда катышуучулар бири-бири менен ушак айтууга мүмкүнчүлүк болсо, көбүрөөк акча коротууга даяр экенин көрсөткөн.
"Ушак - бул монолиттүү көрүнүш эмес. Ал биз ойлогон жеңил-желпи сүйлөшүүлөрдөн дагы татаал көрүнүш", - деп жыйынтыкташат изилдөөчүлөр.
Адамдар өз ара болгон кызык окуяларын жана ушактарын бөлүшүүгө мүмкүндүк берген "Normal Gossip" аттуу подкастты негиздеген Келси Маккинни ушак таптакыр тааныш эмес адамдарды да кантип жакындата турганын жакшы билет.
Ал пандемия башталып, адамдар бир нече айлап обочодо жашоого мажбур болгон учурда ушак-айың өзгөчө күчөгөнүн айтат.
"Биз жашоону, дүйнөнү негизинен бири-бирибизге айтып берген окуялар аркылуу түшүнөбүз. А ушак - бул дал ошондой окуялар. Бир жагынан биз маектешип жаткан адамга ачылып, аялуу абалга түшүп калабыз. Бирок экинчи жагынан, мунун жакшы жактары да бар", — деп жыйынтыктайт Келси.
Жан сактоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Миллиондогон жылдар бою адам баласы эволюция аркылуу өзүн жана айланасындагыларды ар кандай коркунучтардан коргоону үйрөнгөн.
Айрым аялдар үчүн ушак - айрыкча жолугуу учурунда кооптуу кырдаалдардан өзүн коргоп, жашап кетүү үчүн маанилүү курал болуп саналат.
"Эгер аял эркектен коргонууга туура келсе, ал физикалык жактан дайыма эле тең тайлаша албайт. Ошондуктан мындай эркек тууралуу маалымат абдан маанилүү. Аялдар бул маалыматты, биринчи кезекте, жакын курбусу же туугандары менен бөлүшкүсү келет", — деп түшүндүрөт Николь Хаген-Хесс.
Адамдын социалдык катмардагы орду жана жашоосун жөндөп кетүүсү анын коомдогу кадыр-баркынан көз каранды.
Жаман репутация адам үчүн чоң коркунуч жаратышы мүмкүн, — деп түшүндүрөт доктор Хесс. Бул коомдогу статусуна, мүмкүнчүлүктөрүнө доо кетирип, ал тургай тамак-аш же суу сыяктуу эң негизги ресурстарга жетүүнү да чектеп коюшу мүмкүн.
"Ошондуктан адамдар сизди ушактаса, ал сизге чындап эле зыян алып келиши ыктымал", — дейт ал.
Доктор Хесс белгилегендей, ушак — бул социалдык көзөмөлдүн бир түрү. Адамдар аны социалдык иерархиядагы ордун сактап калуу же бекемдөө үчүн колдонушат.
Адамдар өздөрүнүн имиджин көзөмөлдөөгө аракет кылышат. Башкалардын алар тууралуу кандай ойдо экенине көз салып турат. Ушак аркылуу бири-биринин оюна таасир этүүгө аракет жасашат, — дейт ал. Мындай учурларда ушак өзүнүн репутациясын коргоо же керек болсо атаандаштардын аброюна шек келтирүү үчүн да колдонулат.
"Башкалар менен дайыма атаандашып жашоо - адам табияты. Ошондуктан адамзат конфликттерден түбөлүк арылып кетет дегенге ишенүү кыйын", — деп жыйынтыктайт ал.
Жайдары убакыт өткөрүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көпчүлүк адамдар үчүн ушак зыянсыз, көңүл ачуучу нерседей сезилиши мүмкүн.
"Менин программам дал ошондой түрдөгү ушактар тууралуу", дейт подкаст алып баруучу Маккинни.
Ал ушакка болгон кызыгуусун жана айтып берүүгө болгон ынтызарлыгын, бала кезде диний үй-бүлөдө чоңойгону менен байланыштырат. Ал үйдө ушак – чоң күнөө деп эсептелчү.
"Эң жакшы ушак — бул бирөө жөнүндө оюңарга келген нерсени дароо айтып таштоо", — дейт ал.
"Ушаксыз, жашоо таптакыр кызыксыз болуп калмак!" — деп күлөт Маккинни.
Эмне тууралуу сөз болуп жатканы маанилүү эмес — көңүл ачуу жөнүндөбү, эптеп жан багуубу же социалдык байланыштарбы — ушак биздин жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып калды,- доктор Хесс.
Айтымында, бул — "адамзатка мүнөздүү универсалдуу сапат" жана ага такыр маани бербей коюу туура эмес.
"Ушактын кесепеттери абдан оор болушу мүмкүн. Эгер бул жөн гана болбогон, маанисиз кеп катары кабыл алынса, анда коомдо адамдардын ресурстарды өз жамаатынын мүчөлөрү арасында бөлүштүрүүсүнө эч кандай таасир этпейт болчу",- дейт ал.








