Мас абалында унаа башкарып, иштен кеткен Бактияр Орозовдун ордуна Гүлзат Исаматова министр болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында депутаттар Гүлзат Исаматованы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук беришти. Буга чейинки министр Бактияр Орозов мас абалында автоунаа башкарганы үчүн кызматтан алынган.

Гүлзат Исаматованын талапкерлигин талкуулоо учурунда эл өкүлдөрү тармактагы бир катар системалуу көйгөйлөрдү көтөрүп, жаңы министрден чечкиндүү кадамдарды күтөрүн билдиришти.

Депутат Дастан Бекешев айрым окуу жайларда студенттерден сабак калтырганы үчүн мыйзамсыз төлөм алууну токтотууну талап кылды.

"Университеттерде болуп жаткан тенденция абдан кооптуу. Биринчиден, студенттерди каржылык жактан жазалай башташты, буга жол берилбеши керек. Эгер студент жүйөлүү себеби жок сабакка келбесе, жаза академиялык мүнөздө болушу зарыл. Азыр билим берүү тармагында өзүнчө эле бир "индульгенция" (күнөөнү акча менен сатып алуу) пайда болду. Студенттерден жөн эле акча алып жатсак, алардын билим деңгээлин кантип көтөрөбүз?", - деди Дастан Бекешев.

Маалыматтарда кээ бир университеттерде студенттер академиялык кредиттерди окубай, өткөрүп жиберип, аларды кайра тапшырган кезде ар кандай суммада акчалай жаза да төлөнөт.

Министрдин милдетин аткаруучу сабактарды кайра тапшыруу жана башка талаптар сыяктуу академиялык жаза чаралары колдонулушу керектигине кошулду. Ал бул маселе боюнча мекемеде жумушчу топ түзүлөөрүн кошумчалады.

Эл өкүлдөрү билим берүү стандарттарын заманбап талаптарга ылайыктоо, бакалавриат-магистратура системасынын натыйжалуулугу, Улуттук илимдер академиясынын потенциалын өлкө кызыкчылыгына пайдалануу, окутуучулардын айлык акысын жогорулатуу сыяктуу сунуштарды айтты.

Депутат Жанарбек Акаев Кыргызстанды Борбор Азиядагы билим берүү борборуна айлантуу үчүн чет элдик студенттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин белгиледи.

Гүлзат Исаматова тармакты өнүктүрүү боюнча депутаттар айткан сунуштар эске алынарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров 24-декабрда Гүлзат Исаматованы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Бактияр Орозовдун кызматтан кеткен чуусу

Гүлзат Исаматовага чейин бул тармакты Бактияр Орозов жетектеп келген. Ал 2025-жылдын 15-декабрында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен "мамлекеттик кызматчынын этикасын сактабагандыгы үчүн» деген негизде күтүүсүздөн кызматтан бошотулган.

Расмий маалыматтарда Орозовдун кызматтан кетүү себеби так көрсөтүлбөгөнү менен, коомчулукта анын мас абалында унаа башкарган видеосу кеңири тараган. Видеодо министрдин милиция кызматкерлерине "сыра ичкенин" айтып жатканы чагылдырылган. Кийинчерээк соттук чечим менен Бактияр Орозов мас абалында рулга отурганы үчүн бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы белгилүү болду.

Бактияр Орозов быйыл май айында жаңыдан түзүлгөн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алгачкы жетекчиси болгон. Бул министрлик Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү (Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү министрлиги) реформасынын алкагында уюштурулган.